Аймак

БДК ОППОЗИЦИЯЛЫК УЮМУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

БДК ОППОЗИЦИЯЛЫК УЮМУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

 915 Бардыгы /

          БИШКЕК. «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) оппозициялык уюму соёку сааттарда Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча маселе парламентте кандай шартта каралып жаткандыгы боюнча пикирин билдирип, Жогорку Кеңештин депутаттарына атайын Кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда бийлик «Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга күч менен өткөрүп берүү аракетин» көрүп жаткандыгы, «Оппозиция өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге жасалган кысым Жогорку Кеңештин депутаттарына басым көрсөтүү стадиясына өткөнд\г\» баса белгиленди. БДК «Парламенттик комитеттин чечимине кол коюуга мажбурлоо үчүн төрагасы Чыңгыз Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүү жол берилгис!»” деп эсептей тургандыгын катуу эскертти.

Айтмакчы, ушу жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргыз-Өзбек чек арасы, мунун ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Комитет  төрагасы Чыёгыз Айдарбеков дагы келишимдин долбооруна каршы добуш бергендигин ачыктап, өз\н\н чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөнд\г\ менен түшүндүргөн.

Ал эми ушул жылдын 15-октябрында Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөр\лд\. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогондугу үчүн Чыёгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталгандыгын айткан эле. Бирок, Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде Кыргыз-Өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго кеёирип жооп кайтарган. Анда ал тошондой эле талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстанга гана өткөнд\г\н кошумчалаган.

 «Бириккен демократиялык кыймылы» ушул жылдын март айында түзүлгөн. Башкы максаты: демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү. Буга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17