Аймак

23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮ

23-ФЕВРАЛЬ АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮ

 8,130 Бардыгы /

Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Мурда Советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн майрам катары эс алуу күнү катары жарыяланган. СССР ыдырагандан кийин деле 23-февраль Кыргызстанда мырзалардын майрамы катары эсептелип калган. Айрыкча жаш муундун өкүлдөрү бул күндүн маанисин элес деле албай майрамдашат. Жаштардын көпчүлүгү бул эмне болгон майрам экенин жакшы биле бербейт. Аскер катарында кызмат өтөбөгөн, армиядан түшүнүгү жок жаштар бул күндү жөн гана мырзалардын майрамы катары билишкенин айтышат.

Ал эми бул күн советтик Армияныны катарында кызмат өтөгөн улуу муунду өкүлдөрүнүн жүрөгүнө жакын. Анткени Совет доорунда 23-февраль шаңдуу майрам катары белгиленген. Союз ыдыраганы эгемендик алган мурдагы советтик өлкөлөр бул майрамдан баш тарткан. Учурда 23-февраль Кыргызстан, Россия, Беларус жана Тажикстанда майрам катары белгиленет.

Азыркы кыргыз мырзалары Ата мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоого моралдык акысы барбы? 23-февраль мекенди коргоо күнүнүн бүгүнкү күндөгү орду канчалык? Бул күндү майрам катары белгилөөгө кажет барбы?– деген суроолордун айланасында сурамжылоо жүргүздүк.

Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин Жалал-Абад облусундагы жетектөөчү адиси Улукмырза КУДАЙБЕРДИЕВ:

-Совет доорунда 23-февраль кадимки эле иш күнү болгон. Анда бул майрам чоң шаан-шөкөт менен белгиленбесе дагы ар бир советтик жигиттин мекенчиликдик сезимин көтөргөн маанилүү майрам болуп эсептелген.

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин деле бул салтка айланып калган майрам жыл сайын белгиленип келет. 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп саналып, мырзалардын майрамы катары кеңири кулач жайды.Мекенди коргоо деген сөзсүз эле колуна мылтык алып, чек ара четинде туруу эмес. Мамлекеттик кызматтарда иштеп да өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясий жактан өсүшүнө салым кошуп да кызмат өтөп келе жатабыз. Бул да мырзалык жана мекендин атуулу катары өтөгөн кызмат болот. Майрам мекенди коргоочулар күнү деп аталганы менен эл ичинде армияда кызмат өтөгөндөрдүн же эркектердин майрамы катары белгиленип сиңип калган. Албетте жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында да белгиленгени туура.

Базар-Коргон райондук жалпы дарыгердик практика борборунун хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Эрежепали ӨМҮРЗАКОВ:

-Азыркы жаштар армияга барбагандан кийин кантип майрамдайт .  СССР учурунда армияга баргандар майрамдаса болот. Себеби азыр 1 жыл өлкө аймагында гана кызмат өтөшөт. Мурда  2-3 жыл башка республикаларда Советтик Армиясында кызмат өтөгөн. . Бүгүнкү күндө бул майрамдын орду башка союз учурундагы 8-март,9-Май, 7-Ноябрь жана башка майрамдар сыяктуу эле орду бар. Бүгүнкү күндө  СССР учурунда Совет армиясында кызмат өтөгөн  мырзалар толтура. Алар азыркыларга окшо бир жыл Кыргызстандын чегинде болушкан эмес,Андыктан бул майра Совет Армиясында кызмат өтөгөндөргө сыйлуу майрам.

-Жалал-Абад ОИИБдин АТАТБнун КККнын  улук инспектору, милициянын майору, Азамат КАРИМОВ:

Негизи 23-февраль –совет мезгилинде Кызыл аскерлердин уюушулуш күнү болгон.Эгемендик алгандан кийин Кыргызстанда айрым советтик майрамдар белгиленбей да, расмий майрам күндөрүнө киргизилбей да калган. Менин билишимче бизде 2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата болуп белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып жаш өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Кыргызстандын аскерлери үчүн керектүү майрам. Кыргыз аскеринин майрамын майрамдоо зарыл деп эсептейм.

К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин проректору, фил.и.к, профессор, Анвар ЖОЛДОШБАЕВ:

-Бүгүнкү күндө Кыргызстанда илгертеден салт болуп калган майрамдар, советтик доордон калган майрамдар, эгемендүүлүктөн кийин чыккан майрамдар мамлекеттик деңгээлде эл арасында белгиленип келе жатат.  23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнү советтик доордон калган элдин сүйүктүү майрамы. СССРдин тарыхы жалаң СССРдин же Россиянын м

айрамы эмес. Ал биздин да тарых, биздин да майрам. Кыргыз аскери ошол мезгилде түптөлүп, эгемендүүлүккө жок жерден келген жок.  Ошол советтик армияда кызмат өтөгөн Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Тукубай Тайгараев сыяктуу баатырларыбыз менен  азыр да сыймыктануудабыз. Тарыхыбызды сыйлашыбыз керек.

Ооба, 29-май КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн  күнү деп белгилеп келебиз. Мекенди коргоочуларды бир жылда эки жолу куттуктап коюу ашыктык кылбайт.

Мен өзүм да 1980-жылдары Советтик Армиянын катарында химиялык  аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөмүн. Кызмат өтөгөнүм менен сыймыктанам.  Бул майрамды белгилейм!

Жалал-Абад ШБББнүн башчысынын орун басары, Азим Абдрашев:

-Кыргызстанда бул күндү Мекенди коргоочулар күнү катары белгилешкени менен көбүрөөк советтик таасир дале сезилип турат.  Мектеп, бала-бакчаларда бул күнү согуш тематикасына арналган чакан оюн-зооктор коюулуп, кыздар балдарга белек-бечкектер тапшырышат. Бирок ошентсе да жыл өткөн сайын майрам мурдагы маанисинен алыстап, тек гана «мырзалардын майрамы» катары белгиленип бараткансыйт.  Анткени акыркы жылдары расмий иш чаралар, аскердик параддар өткөрүлбөйт. Бирок бул күнү кыргыз армиясынын күч-кубаты, аскеринин даремети тууралуу талкуулар жанданат. Акыркы жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өзүнүн аскердик кубатын чыңдап, аскердик техника, куралдарды жана кесипкөй аскер кызматкерлерин алып, коргоонуу шартын түзө баштады. Соңку моделдеги учкучсуз аппараттарды алды. Албетте бул жаңылыктар арбир кыргызстандыкты кубантты.

Жаштарды мекенди коргоого багыттоочу майрам албетте майрам катары белгилене бергени жакшы.

Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон  айыл аймак башчысы, Алтынбек АДИШОВ:

Тарыхты мылтык менен атсаң, келечек замбирек менен салат дейт го.  Биз бир аз болсо да союздун тарбиясын көрдүк. Армияга барбаган жигитке кыздар оорусу бар экен деп тийчү эмес. Мурда бир жаш балдар солдат болууну каалашчу. Тилекке каршы андагы баалуулуктар азыр жок. Мекенге болгон сүйүү түшүнүгү азыр “акча” деген түшүнүккө алмашып калган.Азыркы жаштар армияга барып кызмат өтөөнү атуулдук  ыйык милдет катары көрүшпөйт. Учурунда армияга кетип жаткан агалардын проводдоруна катышып калдык. Анда баардыгы чогуу узатат эле. Келгенде аскер формасын шапка, кемерин талашкады айт.Айыл бойунча билет элек ким аскерге кетип же келе жатканын. Азыр Айга барсанда бири бири менен иши жок .Акча болсо болду.Майдаланып кеттик.Биз үчүн бул майрамдын орду чоң, биз майрамдай беребиз.Азыркы жаштар 8 мартты майрамдай берсин.

Мекенди сүйүү, бул ата энеңди, бир тууганды, элиңди туулган жерди суйууда.

КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник, Чынарбек ШЕКЕНОВ:

23-февраль Мекенди коргоо күнүн ар бир адам майрамдоого болот.  Мамлекетибизге кооптуулук жаралып, зарылчылык жаралса бул жааттагы мыйзамдардын чегинде мекенди коргоого ар бир мырза, керек болсо айымдар да тартылат. Бул майрам бир эле мырзалардын майрамы дегенге да кошула албайм. Себеби бүгүнкү күндө биздин куралдуу күчтөрдүн, аскердик кызмат каралган башка ведомстволордо кызмат өтөгөн айымдарыбыз деле бар, алар да мекенди коргоого салым кошуп келүүдө. Бүгүнкү күндө дүйнөдө, анын ичинде Борбордук Азияда да абал тынч эмес. Согуштук чыр-чатактар, терроризм, куралданган радикалдуу диний агымдар сыяктуу жаңы чакырыктар пайда болду. Акыркы жылдары согуштук аракеттер, чыр-чатактар биздин өлкөгө да өз таасирин тийгизди. Ошондуктан Ата-Мекенди коргоо маселеси дайым актуалдуу бойдон калат. Ал эми майрамды майрамдоого келсек, кафе-ресторандарда эмес, патриоттук иш-чараларды өткөрүп, жаштардын Ата-Мекенди сүйүүгө, аны коргоо боюнча мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу керек деп эсептейм.

Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз катчысы, Нурдин ЖЭЭНТАЕВ:

Бирок, акыркы жылдагы куралдуу кагылышуулардан кийин бул теманы актуалдуу эле деп эсептейм, анткени ар бир кыргыз жараны, мырзалары мекенди коргоого милдеттүү. Андыктан бул дата союз мезгилинен, андан да бала курагыбыздан мектепте окуп жүргөндө да майрамдап, патриоттук сезимди бекемдеп келгенбиз. Бул майрам аскер кызматкерлеринин даңкын, баркын көтөрөт жана өсүп келе жаткан жаш муундарга да таалим тарбиялык мааниси чоң.

Аэлина Алишерова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17