Аймак

БАЗАР-КОРГОН РИИБдин НАЧАЛЬНИГИ АССРОР ТАНТИЕВ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

БАЗАР-КОРГОН РИИБдин НАЧАЛЬНИГИ АССРОР ТАНТИЕВ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

 2,388 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 9-мартта ИИМдин буйругунун негизинде Базар-Коргон РИИБдин начальниги болуп дайындалган милициянын полковниги Ассрор Тантиев өздүк курамга тааныштырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жаӊыдан дайындалган жетекчини Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо талыкпастан эмгектенүүгө чакырды. Ассрор Тантиев буга чейин Талас ШИИБдин начальниги кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек Базар-Коргон РИИБдин мурдагы начальниги, милициянын полковниги Медербек Муратов ИИМдин буйругунун негизинде Талас ШИИБдин начальниги кызматына ротацияланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17