Аймак

НООКЕН РИИБдин НАЧАЛЬНИГИ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

НООКЕН РИИБдин НАЧАЛЬНИГИ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

 1,281 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 10-мартта ИИМдин буйругуна ылайык, Ноокен РИИБдин начальниги болуп милициянын полковниги Уланбек Коноев дайындалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Уланбек Коноевди өздүк курамга тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле район аймагындагы коомдук тартипти тыкыр көзөмөлгө алып, кылмыштуулукка каршы талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Милициянын полковниги Уланбек Коноев буга чейин Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, Ноокен РИИБдин мурдагы начальниги милициянын полковниги Алтынбек Мусаев ИИМдин буйругунун негизинде Жумгал РИИБдин начальниги болуп ротацияланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17