Аймак

ШААРДА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН 68 ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАЙТАРАМСЫЗ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

ШААРДА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН 68 ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАЙТАРАМСЫЗ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

 1,032 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

ага шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Назира Жакыпова, тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери жана шаар тургундары катышты. Алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча адистер тарабынан жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу, каржылык маселелерди түшүнүү боюнча маалыматтар айтылып, окутуу суроо-жооп менен улантылды. Кыргызстанда социалдык келишимдин негнизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 10 0000 миң сомдон гранттык акча каражаты берилип келүүдө. Быйыл аталган долбоордын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жакыр жашаган 68 үй-бүлөгө 100миң сомдон берилмекчи.

Эске салсак, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан 50 үй-бүлө социалдык контракт долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17