Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ӨТТҮ

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ӨТТҮ

 942 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 18-март күнү Сузак районундагы “Телтору” ат майданында Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу өттү. Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилер, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

мэрдин кубогу үчүн Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын, аймактык башкаруулардын атынан жалпы 10 команда күч сынашты.

Спорттук иш-чарада шаар мэри Эрнисбек Ормоков улуттук оюндарды, анын ичинде көк бөрү оюнун өнүктүрүү, жаштарды спортун бул түрүнө кызыгуусун дагы да арттыруу максатында эки жылдан бери мэрдин кубогу өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Көк бөрү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогун Президенттин Жалал-Абад шаарындагы резиденциясынын атынан чыккан команда жеңип алды. Ал эми экинчи орунду Курманбек аймактык башкармалыгынын атынан чыккан команда камсыздаса, үчүнчү орунду Жалал-Абад бажылык борборунун командасы, төртүнчү орунду мэриянын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин атынан чыккан команда багындырды. Жогорудагы командаларга медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мэрдин кубогун өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 150миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча мэрдин кубогу Жалал-Абад шаарында экинчи ирет өтүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17