Аймак

ЖАШЫЛ МУРАС КӨРКТӨНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ОШ ОБЛУСУНУН ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫНДА УЛАНТЫЛУУДА

ЖАШЫЛ МУРАС КӨРКТӨНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ОШ ОБЛУСУНУН ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫНДА УЛАНТЫЛУУДА

 978 Бардыгы /

ОШ. Кечээ, 17-апрель күнү ИИМдин отставкадагы генерал-майору Расул Раимбердиев баштаган ардагерлер, Ооган согушунун ардагерлери жана өздүк курам башкармалыктын имаратына ден-соолукка пайдалуу, шаарга өзгөчө көрк берүүчү ийне жалбырактуу карагай көчөттөрүн отургузушту. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баштаган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө ылайык, Ош облусунун ички иштер башкармалыгында көрктөндүрүү иш-чарасы улантылууда. Жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле жасоо-адамзаттын адеп-ахлагынын жогорку деңгээлинин белгиси. Бак-дарак адамзаттын турмуш-тиричилик өткөргөн айлана чөйрөсү менен тыгыз байланышкан. Катышуучулар бул иш-чара ыйык рамазан айына туш келгенин белгилешип, бардык каалоо-тилектер орундалашына үмүт артып, жаңыдан отургузулган карагай көчөттөрү да жакшылыктын жышааны, тынчтыктын, өсүп өнүгүүнүн белгиси катары калыптанышын ниет кылышып, бата тартышты. Соңунда коноктор башкармалыктын өздүк курамына жакшы каалоо- тилектерин айтышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17