Аймак

МИЛИЦИЯ УРУКСАТ КАГАЗДАРЫ ЖОК ИШТЕП ЖАТКАН МЕДРЕСЕНИ АНЫКТАДЫ

МИЛИЦИЯ УРУКСАТ КАГАЗДАРЫ ЖОК ИШТЕП ЖАТКАН МЕДРЕСЕНИ АНЫКТАДЫ

 1,011 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан шаар аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан медресе боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя  Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө Н.С. (аял) аттуу жаран өзүнүн үйүндө эч кандай  окутууга уруксат кагаздары жок «Илим-Хумар» аталышындагы окуу борборун иштетип жаткандыгы аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу)  негизинде протокол толтурулуп, 5500 сом айып пул салынган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17