Аймак

ЖКККББ: ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 18 676 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ЖКККББ: ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 18 676 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 867 Бардыгы /

БИШКЕК. КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 15-апрелден тартып 21-апрелге чейин 18 676 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол эрежелеринин бузуу фактыларынын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-186;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -52;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-53;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-291;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-5 839;
-Авто ээнбаштык – 4;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 713; 
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1; 
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 537;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 079 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17