Аймак

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ

 831 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак милициясы тарабынан 25-май акыркы коӊгуроого карата балдар арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык салтанаттардан кийин ар кандай автоунаа жүрүштөрүнө чыгууга, жаратылыш койнунда эс алууларга тыюу салынаары эскертилди. Мындан сырткары район аймагындагы агын суулардын бойлоруна эскертүү тактайчалары илинип, суу кырсыктарынан сак болуу зарылдыгы жеткирилди. Ошондой эле «Өспүрүм түн» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, түнкү убакта ата-энесинин же болбосо мыйзамдуу өкүлүнүн коштоо жок жүргөн 45 бала аныкталды. Алардын ата-энелери милиция бөлүмүнө чакыртылып, 13 протокол түзүлүп, райондук балдар иштери боюнча комиссиясына 23 материал жөнөтүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17