Аймак

ОШ ШААРЫНДА «AK-BUURA FASHION WEEK-2023» ДҮЙНӨЛҮК МОДА ЖУМАЛЫГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

ОШ ШААРЫНДА «AK-BUURA FASHION WEEK-2023» ДҮЙНӨЛҮК МОДА ЖУМАЛЫГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

 936 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында алгачкы ирет «Ak-Buura Fashion Week- 2023» эл аралык мода жумалыгы ийгиликтүү аяктады.

          Аталган иш-чарага Ош шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров баштаган Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, маданият өкүлдөрү, чет элдик, жергиликтүү дизайнерлер жана шаар тургундары катышышты. Баса, Нурбек Кадыров өз сөзүндө, мындай иш-чаралар чыгармачылык адамдарга өбөлгө жаратып, Ата мекендик брендди иштеп чыкканга, чет элдик аренага чыгууга жол ачып, өбөлгө түзөөрүн гана баса белгиледи. Ошондой эле таланттуу дизайнерлер өз өнөрлөрү менен келечекте өлкө экономикасына чоң салым кошот деген терең ишеничин билдирип, аларга ири жетишкендиктери гана каалады. Аталган иш-чаранын алкагында катышкандарга, көмөк көрсөткөндөргө жана салым кошкондорго ыраазычылык билдирилип, мыкты коллекцияларды тартуу кылган дизайнерлерге дипломдор ыйгарылып, баалуу белек-бечкектер  тапшырылды.

          Аталган салтанаттын негизги бөлүгүндө дизайнерлердин ар кандай аталыштагы эксклюзивдүү, улуттук кийимдердин дефиле-көргөзмөлөрү дагы көрсөтүлдү. Буга улай маданият ишмерлери тарабынан концерттик программа кошо тартууланды. Белгилей кетчү жагадай: мода жумалыгын «Подиум»мода, стиль жана сулуулук борбору уюштурду.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17