Аймак

ОШТУКТАР КАЗАНЬ ШААРЫНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШЫШТЫ

ОШТУКТАР КАЗАНЬ ШААРЫНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШЫШТЫ

 684 Бардыгы /

          КАЗАНЬ. Орусияга караштуу Татарстан Республикасынын Казань шаарында «Евразия шаарлары жана дүйнөлүк тренддер» аттуу эл аралык тренинг аяктады. Бул ш-чарага Ош шаарынынын мэриясынын аппарат жетекчиси А. Кубатбек уулу баштаган жумушчу топ дагы катышты.

          Аталган жумушчу топтун курамына Ош шаардык кеңешинин депутаттары Э.Арзиев, Б.Баетов, Ж.Ормонова, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдигинин төрагасы К.Конгантиев, Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдигинин директору Б.Орозбаев жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков киришкен. Бул иш-чаранын алкагында, «Евразия чөлкөмүндөгү эл аралык муниципалдык кызматташтык жана глобалдык тренддер» пленардык сессиясы жана тренинг жүрүп, анда катышуучулар шаарларды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу маселесин талкуулашып, социалдык контракт долбоору тууралуу сүйлөшүштү. Мындан тышкары тренингдин катышуучулары жашаган аймактарындагы маанилүү жетишкендиктер тууралуу маалымат беришип, эл аралык аренада шаардын көрүнүшүн жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин айтышты. Ошондой эле Азат Кубатбек уулу Ош шаары жөнүндө кыскача видео-тасманы тартуулап, конокторду быйылкы жылга мерчемделген «Ош-Фест» фестивалына чакырды.

          Белгилей кечү жагдай: «Евразия шаарлары жана дүйнөлүк тренддер» аттуу эл аралык тренинги Бүткүл дүйнөлүк уюмдун Евразиялык аймактык бөлүмү, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийлик органдары» – UCLG Евразиялык филиалы жана Казан шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17