Аймак

ЖКККББ: КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА 28 142 БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

ЖКККББ: КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА 28 142 БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

 531 Бардыгы /

Кыргызстандын аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук тарнспорт” аталышында рейд өткөрүлүп, 28 142 бузуулар аныкталды.

ЖКККББнын  басма сөз кызматы билдиргендей, жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө  бөлүмү тарабынан 23-апрелден  тартып 31-майга чейин жалпы республиканын аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук тарнспорт”  аталышында профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлүп, жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор, автобустар, кичи маршруттук унаалар  текшерилип, бир ай ичинде 28 142 кемчиликтер аныкталды.

 Алардын ичинен:

 -Техникалык оң абалда эмес унаалар -141 (182-берененин 1-бөлүгү);

 -Техникалык кароодон өтпөгөн унаалар -153 (182-берененин 2-бөлүгү);

 -Техникалык оң абалда эмес унааларга каттамга чыгууга уруксат берүү -13 (182-берененин 7-бөлүгү);

 -Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу -59 (199-берене);

 -Лицензиясыз (уруксатсыз) ишкердик ишти жүргүзүү  -13 (184-берененин 1-бөлүгү)

-Башка эреже бузуулар -27 763.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17