Аймак

ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ҮЧҮН ТӨЛӨМ 10 СОМГО ЖОГОРУЛАДЫ

ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫ ҮЧҮН ТӨЛӨМ 10 СОМГО ЖОГОРУЛАДЫ

 486 Бардыгы /

          ОШ. Ош шаардык Кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Анда катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу боюнча маселе каралып, акыры колдоо тапты.

          Жаңы тарифке ылайык, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары айына 35 сомдон, жер үйлөрдүн жашоочуларына айына 40 сомдон төлөп башташат. Буга чейин көп кабаттуу үйлөрдүн бир жашоочусу айына 25 сомдон, жер үйдүн бир жашоочусу 30 сомдон төлөп келишкен эле. Ошондой эле жеке мектептер, жогорку окуу жайлар жана колледждердеги бир окуучуга же студентке болгон тариф 10-11 сомго жогорулады. Эми мектеп жана жогорку окуу жайлар бир окуучу жана бир студентке 25-30 сомдон төлөшөт.

          Ош шаарындагы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жалпы 283 миң кардары бар. Аталган ишкана ай сайын кардарлардан 13 миллион сом акча жыйнап келген эле. Тариф көтөрүлгөндөн кийин 4 миллион сомго жакын акча кошулаары ачыкталды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17