Аймак

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

 1,296 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 22-июнь күнү Жалал-Абад шаарында  Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Жалал-Абад шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев,  мэриянын уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакылова, “Славян Диаспора” ассоциациясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу генералдык консулунун өкүлү Бахтин Константин, курман болгондордун жакындары, аскер кызматкерлери катышты. Эскерүү иш-чарасынын алкагында согуш учурунда жарадар болуп, Жалал-Абад шаарына дарылоо үчүн жиберилип, тилеке каршы каза болуп калган подполковник Голубаев Геннадий Петрович, ротанын командири, капитан Восковой Павел Иосефович, катардагы жоокерлер Васецкий Виталий Андреевич, Королев Сергей Иванович жана Николай Кириенколорго арнап тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду.

Эске салсак, 1941-жылы, 22-июнь күнү Германия СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17