Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
1,789 Бардыгы / Бишкек –Кыргыз Республикасына Орусия Федерациясынан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча коом менен байланыш адиси билдирди. Бул салым өлкө боюнча жамааттарга коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана мектептерде ысык тамак берүү боюнча долбоорлору аркылуу жардам берет. 1 397 тонна азык-түлүк ( 1 215 тонна байытылган […]
1,790 Бардыгы / Бишкек –Кыргыз Республикасына Орусия Федерациясынан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча коом менен байланыш адиси билдирди. Бул салым өлкө боюнча жамааттарга коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана мектептерде ысык тамак берүү боюнча долбоорлору аркылуу жардам берет. 1 397 тонна азык-түлүк ( 1 215 тонна байытылган […]
КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
02.08.2023 / Автор anarkan_kg1,791 Бардыгы /
Бишкек –Кыргыз Республикасына Орусия Федерациясынан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча коом менен байланыш адиси билдирди.
Бул салым өлкө боюнча жамааттарга коомдук инфратүзүмдү калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана мектептерде ысык тамак берүү боюнча долбоорлору аркылуу жардам берет.
1 397 тонна азык-түлүк ( 1 215 тонна байытылган ун жана 182 тонна өсүмдүк майы) Бишкек жана Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилет. Азык-түлүк болжолу менен 5 200 үй-бүлөгө (26 000 кишиге) азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн өлкө боюнча БУУ ДАТП тарабынан колдоого алынган долбоорлор аркылуу берилет. Долбоорлор ирригациялык тармактарды жана таза суу тутумдарын калыбына келтирүүнү; табигый кырсыктардынтобокелдигин азайтуу үчүн бак отургузууну жана дарыянын жээгин бекемдөөнү; айылдык көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууну; жашоо каражаттарын жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо боюнча окутууларды камтыйт.
Максаттуу аялуу үй-бүлөлөр 300 кг байытылган буудай ун жана 30 литр өсүмдүк майын жергиликтүү инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу кырсыктардын тобокелдигине калктын туруктуулугун жогорулатууга багытталган коомдук долбоорлорго катышкандыгы үчүн алышат. Ал эмижумушка орношуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуулардын катышучулары 150 кг буудай унун жана 15 литр өсүмдүк майын алышат. Бул долбоорлор элет жериндеги жамааттардын инфратүзүмдөрүн өркүндөтүп, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге дуушар болгон аймактардагы кырсыктардын кесепеттерин азайтуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп, ошондой эле алардын жумушка орношуу жана жеке ишкердүүлүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Орусия Федерациясы БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагыэңири донору болуп келген. Акыркы 10 жылдын ичинде Орусия Федерациясынын Өкмөтү БУУ ДАТП аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына өнүгүү жана социалдык коргоо жаатында ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет. БУУ ДАТП жана Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасында калктын аялуу катмарын колдоо боюнча биргелешкен күч-аракеттерин улантышат.
# # #
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгүири гуманитардык уюм.
Биздиhttps://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.
Автор anarkan_kg
-
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
29.08.2024 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНГАН С.ИБРАИМОВ КӨЧӨСҮН АЧТЫ
-
29.08.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
29.08.2024 / Автор anarkan_kg УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАКТАГЫ УУЛУУ ХИМИКАТТАР КӨМҮЛГӨН ЖЕРЛЕРДИН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ КАНДАЙ?
-
11.09.2023 / Автор anarkan_kg СОЧИ ШААРЫНДА «ЕВРАЗИЯ – БИЗДИН ҮЙҮБҮЗ» АТТУУ КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ
-
Маек
Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.