Аймак

МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНЫН КЫШКА ДАЯРДЫГЫНА 2,7 МИЛЛИОН СОМ САРПТАЛДЫ

МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНЫН КЫШКА ДАЯРДЫГЫНА 2,7 МИЛЛИОН СОМ САРПТАЛДЫ

 489 Бардыгы /

          ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын кышка даярдык иштерине 2,7 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

          Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата № 3- отканага жаңы суу куурларын орнотуу, «Артезиан» суусун тартып келүү иштери аткарылды. Ушул тапта тартылып келген суу куурларга кое берилип, аларды дыкаат текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт. Белгилей кетчү жагдай: Майлуу-Суу шаарындагы№ 3 отканага куурларды орнотуу, суу жеткирүү иштерине 2,7 млн сом мамлекеттик бюджеттен жумшалды.

          Эскерте кетээрибиз: Үстүбүздөгү жылдын 13-январында аба ырайынын ызгаардуу суугунун кесепетинен Майлуу-Суу шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу куурлары тоңуп, шаар суусуз, жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Мындан улам шаарга «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилип, кийин калыбына келтирилген эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17