Аймак

ОШТО УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АКЫРКЫ КАТЫШУУЧУСУ 103 ЖАШЫНДА КАЗА ТАПТЫ

ОШТО УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АКЫРКЫ КАТЫШУУЧУСУ 103 ЖАШЫНДА КАЗА ТАПТЫ

 537 Бардыгы /

          ОШ. Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы катышуучусу Суранбай Алиев 103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

          Суранбай Алиев Суранбай 1920-жылдын 10-майында Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу селолук советинде жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашына жеткенде Жошолу айылындагы баштооч мектептен сабаты ачылган. Колхоздоштуруу мезгилинде өспүрүм кезинен баштап, жыйырма жашка чейин колхоз жумушунда иштеген.

          1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Согуш мезгилинде Советтер Союзунун Саратов, Волгоград, Калининград, Ростов-на-Дону шаарларын коргоого жана бошотууга катышкан. 1944-жылдын декабрь айында немецтик фашисттер менен болгон катуу кармашта оң колунан оор жаракат алып, госпиталга жаткырылып, андан кийин мекенине кайтып келген. Кандуу согуштан кайтып келип, туулган айылындагы колхоздо кампачы, бир нече жылдар бою чабан, жылкычы болуп эмгектенип, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда малды бордоп семиртүү комплексинде эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

          Баса, Суранбай Алиев немистик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган. 9-Май улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта эки ирет Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2019-жылы Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин атайын сыйлыктары менен сыйланып, Москва шаарына сыйлуу конок катары чакырылып, республиканын ичинен барган 12 ардагер менен бирге майрамдык салтанатка катышып келген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17