Аймак

АКСЫ АЙМАГЫНДА КАЙНАЛЫ КУРГАТУУЧУ ЗАВОД КУРУЛУУДА

АКСЫ АЙМАГЫНДА КАЙНАЛЫ КУРГАТУУЧУ ЗАВОД КУРУЛУУДА

 768 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагында кайналы кургатуучу заводдун курулушу жүрүүдө. Иштин жүрүшү менен Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева, район акими Замирбек Сыдыков жана башка жетекчилер таанышып чыгышкан.

Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан кичи логистикалык борборду куруу долбоору Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондусунун кароосуна сунушталып, долбоор жактырылган. Жалпы сметалык баасы 8099,1 миң сом, анын ичинен өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 240,0 миң сом, фонддун эсебинен 7859,1 миң сом каржыланган. Бүгүнкү күндө кичи логистикалык борборду жандандыруу боюнча Жерге-Тал айылдык кеңеши тарабынан 2023-жылдын 24-февралында жеке ишкерге ижарага берүү чечими кабыл алынган, анын негизинде инвесторлор менен түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, “Чернослив -Кыргызстан” ЖЧКтыга ижарага берилген. “Чернослив -Кыргызстан” ЖЧКты бүгүнкү күндѳ кичи логистикалык борборду кайналы кургатуучу заводго ылайыктап, ички жабдууларлары орнотулуп, кайналы жууп тазалоо, сорттоо, упаковкалап даярдап, Кытай-Россия мамлекеттерине экспорттоо боюнча алгачкы жумуштары башталды.

Бул заводдо жакынкы күндѳрдѳ жүздѳгѳн жумуш орундары түзүлүп, бардык Кыргызстандагы кайналыларды сатып алып, кайрадан иштеп чыгып экспортко чыгарууга чон мүмкүнчүлүктѳр пайда болууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17