Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
508 Бардыгы / Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмү тогуз жолдун тоомунда – Ош-Ноокат-Баткен автоунаа жолунун боюнда жайланышкан. Андыктан, жылдын бардык мезгилинде тең бул бейтапканадан дегеле адам аягы үзүлбөйт… Асылбек БУРКАНОВ, Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүнүн невропатологу: – Соңку тапта нерв оорусуна чалдыккандардын катары […]
509 Бардыгы / Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмү тогуз жолдун тоомунда – Ош-Ноокат-Баткен автоунаа жолунун боюнда жайланышкан. Андыктан, жылдын бардык мезгилинде тең бул бейтапканадан дегеле адам аягы үзүлбөйт… Асылбек БУРКАНОВ, Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүнүн невропатологу: – Соңку тапта нерв оорусуна чалдыккандардын катары […]
БЕЙТАПТАР ЫЙЛАП КИРИП, КҮЛҮП ЧЫККАН ООРУКАНА
11.12.2023 / Автор anarkan_kg510 Бардыгы /
Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмү тогуз жолдун тоомунда – Ош-Ноокат-Баткен автоунаа жолунун боюнда жайланышкан. Андыктан, жылдын бардык мезгилинде тең бул бейтапканадан дегеле адам аягы үзүлбөйт…
Асылбек БУРКАНОВ, Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүнүн невропатологу: – Соңку тапта нерв оорусуна чалдыккандардын катары уламдан улам калыңдап ганабаратат. Анткени, гөр тиричиликтин кесепетинен биз өтө назик нервибизди таптакыр эле сактабай калдык, эй!
Гүльнура АБДЫРАХМАНОВА, Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүнүн неврологу: – Экономикалык каатчылык оорулардын улам жапжаңы түрүн жаратып жатпайбы. Ошондуктан, мен замандаштарыма эң ириде ден соолугуна такай гана камкордук көрүүнү тилейт элем. Анткени, оңбогон гөр тирилик деп чабылып-чачылып жүрүп, саламатчылыгыбыздлы таптакыр эле унуттук. Пулду тапсаң болот. Бирок, жоготкон башкы байлыгыңды – ден соолугуңду миллиондогон акчаларды коротуп дагы кайрадан калыбына келтирүү дегеле мүмкүн эмес!
Эгемяр МИРЗАЛИЕВ, Ноокат районундагы Мирмахмудов Айыл Өкмөтүнүн Арал айылынын тургуну, бейтап: – Кант диабетидартына чалдыккамын. Бул оору дагы нервге түздөн-түз байланыштуу экен. Мен ооруканага эс-учумду билбей калганымда гана алып келишиптир. Дароо операция жасашыптыр. Азыр, көрдүңүздөр го, кичине түзүкмүн. Ак халатчандарга алкыш!
Розухан НИЯЗОВА, Баатыр Эне: – Бул ооруканага мен үчүнчү ирет жатышым. Анткени, бул жердин кароосу абдан жакшы. Медайымдардын жана санитаркалардын төгүлүп турган мээрими биздин тез сакайышыбызга гана өбөлгө жаратып жаткан маалы.
Хусан РАХМАТОВ, Ноокат Аймактык ооруканасынын ангиневрология бөлүмүнүн башчысы: – Мурун Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда иштегенмин. Менин ошондо топтогон тажрыйбамдын азыр дагы куп гана пайдасы тийип атат. Мээнеткеч кесипкөйлөр менен иштесең, андан чындыгында ырахат гана алат экенсиң. Реаниматолог Адилет Кутпидин уулу, невролог Дилшад Нематжанов, улуу мээрмен эже Нургүл Дүйшеева менен биз такай сыймыктанабыз!
Дилара ЭСЕНБАЕВА, Ноокат Аймактык ооруканасынын реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүнүн башчысы: – ОшМУнун медицина факультетин бүтүрүп, бир эле жерде иштегениме дээрлик он беш жылга айланды. Мен дал ушул жерден гана агарып-көгөрдүм десем жаңылышпаймын. Акыркы алты айдан бери бөлүм башчымын. Не демекчимин. Мекендештерим эзели оорубасын! Баарына тең үй-бүлөлүк бакты-таалай, ал эми иштеринде ийгилик гана каалаймын!
Мунара ТОПЧУБАЕВА, Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүнүн дене тарбия машыктыргычы: – Ооруканабыздагы сыркоолорду дагы жамбаштап жаткырбастан, кезек-кезеги менен машыктырабыз. Себеби, кыймыл-аркет – бул узак жашоонун булагы.
Бурулкан КУРБАНОВА, бейтапты караган апа: – Кызым Асия АХМЕДИНОВА эки жарым жашта. Кашайып жамбашы таптакыр өспөй калыптыр. Өзү жалгыз баса албайт. Доктурга мен муну айлам таптакыр куруганда гана алып келгемин. Бир курс дарылоодон соң айтаарлык жылыш бар. Буюрса, дартыбыздын дабаасы табылып, биз дагы акыры эл катарында ээн-эркин жүрүп калабыз деген терең үмүттөмүн!
Тынчтыкбек СУЛТАНОВ, Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы: – Биздин бөлүм – Ноокат Аймактык ооруканасынын негизги өзөктүү бөлүмү. Нерв системасынан жапа чеккендерди жогорку квалификациялуу, анан дагы атайын стационардык жардам көрсөтөбүз. Калыбына келтирүү терапиясын дагы жүргүзөбүз. А диагностикадан эч жаңылбайбыз! Анан дары-дармектерибиз дагы таңкыс эмес, жетиштүү. Акыркы жылдарда биздин бөлүмүбүз заманбап МРТ, компьютердик томография жана дагы санариптик рентген жабдыктары менен толук кандуу камсыз этилди. Үзгүлтүксүз биохимиялык жана лабораториялык текшерүүлөрдү, офтальмологиялык изилдөөлөрдү дагы кошо жүргүзөбүз. Бир гана көйгөйүбүз: бейтаптар үчүн орун таңкыс! Анткени, биздин 30 гана койкабыз бар. Ноокат өңдөнгөн абдан чоң район үчүн, албетте, мынча орун дегеле жетишсиз!
Ушул тапта Ноокат Аймактык ооруканасынын неврология, ангиневрология жана реабилитация (кайра калыбына келтирүү) бөлүмүндө бейтартар үчүн эң ыңгайлуу шарттар жаратылган. Палаталар бүт жылытылган. Муздак жана ысык суу күнү-түнү агып турат. Ал эми оокат-ашы деле абдан жегиликтүү. Иши кылып бул жайга түшкөндөр адегенде ыйлап киришип, анан соңунда күлүп-сакайып гана чыгып жатышат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ноокат району
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДАГЫ ПУШКИН КӨЧӨ 4 ЖЫЛДА ЖАРАКА АБАЛГА КЕПТЕЛГЕН
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ 137 МИЛЛИОН СОМДУК ЗАМАНБАП ООРУКАНА КУРУЛАТ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg МАЙЛУУ-СУУ ШИИБде “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.