Аймак

Самат ДҮМҮРОВ: «КАРАВАН – БИЗГЕ КОРИДОР!»

Самат ДҮМҮРОВ: «КАРАВАН – БИЗГЕ КОРИДОР!»

 1,485 Бардыгы /

Ош облусунун Араван районуна караган Төө-Моюн айыл өкмөтү эң алыскы анклав сыңарында эсептелет. Аймак Түндүк-Чыгш жагынан Өзбекстандын Анжиян облусунун Мархамат району, Түндүк-Батыш тарабынан Фергана облусунун Кува району жана Батыш тарабынан Фергана облусунун Кувасай району, ал эми Түштүк-Чыгыш тарабынан Ош облусунун Ноокат райоунун Төөлөс жана Түштүк-Батыш тарабынан Баткен облусунун Караван айылы менен тыгыз чектешет. Бул климаты абдан катаал Айыл Өкмөтүнүн башчысы Самат ДҮМҮРОВду андан ары буйдалтпастан капыл-тапыл кепке тарттык.

          – Самат мырза, биз билгенден өзүңүз тээ алыскы Өзгөн районунун кулунусуз. Бул Кудай урган аймакка деги кантип келип калдыңыз. ыя?

          – Азыркы реформага ылайык ротациялындым.  Мен – мамлекеттик кызматтын жоокеримин! Жетекчилик ишеним артып кайсыл кызматка дайындабасын, андан баш тартууга эч кандай акым жок!

          –  Менин билишимче, мурун төө-моюндуктар Өзбекстан аркылуу эле Араван кыштагына – райондун борборуна түптүз эле эч кандай кыйынчылыксыз каттачуу эмес белеңиздер. А азыр моминтип Ноокат – Ош аркылуу Араванга адан айланып анан гана барат экенсиздер. Эмнеге?

          – Ооба! Өзбекстан Араван тараптагы чек ара бекеттерин бүп жаап таштаган. Ошол себептүү кыргызстандыктар дагы, өзбекстандыктар деле – бардыгы тең бир гана жерден Ош шаарына ирегелеш Кара-Суу районундагы «Достук» чек ара бекети аркылуу гана ары-бери каттап калышты.

          – Кудай урган турбайбы. Анда Сиздер эми канттиңиздер?

          – Бизге Кудай жалгап Төө-Моюн анклавынан Баткен облусунун Караван кыштагы коридор! Ошол аркылуу 130 чакырым жол жүрүп гана Араван районунун борборуна араң барабыз. Ал эми Ош облусунун борбору Ош шаарына 110 чакырым жол жүрөбүз. Айла жок! Ишиңиз түшкөндө, же отчет тапшырганда, же башка дагы расмий иш-чараларга катышканда, эптеп каттап жатабыз.

          – Баса, Аравандын өзүндөгү эң кыска жолуңуздарды эмнеге пайдаланбай жатасыздар?

          – Туура эле баамдапсыздар. Төө-Моюн-Араван-Улуу-Тоо жолу – эң кыска жол! Тилекке каршы, район борборуна алып баруучу бул жол – жайындасы таштак жана чаң. Ал эми кышындасы тоңуп, дароо музга айланат. Аны кеңейтип, андан ары асфальттабаса, ал аркылуу ары-бери эч ким деле каттабайт.

          – Анда Төө-Моюндуктар кокусунан ооруп калышса, мунун айласын деги кантип таабасыздар?

          –  Төө-Моюн аймагынын ооруканасы тээ Союз мезгиленде дадил курулган. А бирок, азыр эскилиги куп жетип, ушул тапта таптакыр жараксыз абалга кептелди. Мындайча айтканда, капиталдык ремнотко өлө муктаж! Айтмакчы. биз дотацияда олтурабыз. Демек, ооруканабызды оңдоп-түзөгөнгө эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок! Анткени, каражатыбыз тартыш! Ошондуктан, айлабыз таптакыр куруганда Садаматтыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылдык.

          Баса, кокус сыркоологонубузда аргасыздан коңшулаш Баткен облусунун Кыщыл-Кыя шаарындагы ооркканасына чапкылайбыз. Бул жердеги доктурлар бизди жалдыратканы жана кезек күттүрүшкөн аз келгенмип, бирични медийиналык жарджамды гана араң көрсөтүшүп, «Бизге карабайсыңар!» дешип, анан кайра Араван райондук ооруканасына айдашат…

          – Сиз жаш экенсиз. Жамбаштап жатпастан, инвесторлор менен иштешпейт белеңиз?

          – Алишер мырза. Менин жамбаштап жатканга азыр дегеле чолоом жок! Кеңсемдин эшигин көрдүңүзбү? Кезек талашып, мага убап-чубап киришкен адамдардын аягы таптакыр үзүлбөйт! Булардын чоң-кичинесинин маселесин ыкчам жайгарып, анан өзүм дагы минтип Айыл Өкмөтүнүн иштери менен ар мекеме-уюмдарга өйдө-төмөн чапкылап жүйбөйүмбү.

          Ушинтип тынбастан жан үрөп жатып, Маданият үйүнүн алдындагы дарбазасын жана тосмолорун бирдей жаңылаттым. Элибиз бекеринен айтпайт дагы. Эшигибигизди көрүп, анан төрүбүзгө өтөсүздөр да….

          Жеке-Мисте айылына заманбап ФАП, ал эми Найман кыштагына таза суу бөлүштүрүүчү бекет курдурттук. Сырт жана Найман айылдапрына сугат суу скважиналарын орноттук. Милицияканабызды жылытуу системасына коштурдук. Ынтымак айылына жаңы типтеги мектеп курдурттук. Айтор, ушулардын баарына жетиштүү каражаттарды эптеп таптык, эй!

          – Көзүбүздү жумуп-ачкыча эртең эле 2024-жыл баш багат. План-мерчемиңиздер бардыр?

          – Келаткан 2024-жылда Сары-Таш айылына жапжаңы бала бакча, ошондой эле Сырт жана Эсенбай айылдарына заманбап үлгүдөгү мектептер курулмакчы. Муну үчүн республикалык  бюджеттин түрткү берүүчү грантынан жетиштүү каражат сурадык. Калкыбызды жетиштүү сугат суу менен камсыз этүү максатында жалпысынан 18 сугат суу скважинасын чыгаруубуз абзел! Бул дагы биздин планыбызда бар. Донорлорубуздун тилин таап,  акыры келишим дагы түздүк. Чек арада жайланышканбыз. Андыктан, аймагыбызды өнүктүрүү үчүн ар дайым инвестиция тартып, чакан ишкерликти өнүктүрүү аракетибиз абдан күч!

          – Жылдык бюджетиңиздер деле чектелүүдөй?

          –  Ооба. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн жылдык бюджети – 33 милион сом. Мунун 14 миллион 996 миң сому респубмикалык, ал эми 18 миллион 300 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

          – Самат мырза, Сиз дайыма кандай принциптерди туруктуу карманасыз?

          – Биричиден, ачык-айкындуулукту жактырам. Экинчиден, адилеттүүлүктү, ар-намысы бекем тутунам!Үчүнчүдөн, мен карамагалымдагылардын дагшы дал ушуларды гана күн сайын талап кылам!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ…

          Ош облусунун Араван районуна караган Төө-Моюн Айыл өкмөтүндө 3609 кожолук, 18 800 киши жашайт. Аймак Жеке-Мисте, Ак-Шаар, Найман, Сырт, Керкидан, Авиз жана Сары-Таш кыштактарынан куралган. Жалпы биоим берүүчү 11 мектеп, 7 бала бакча жана дагы жападан жылгыз кесипчилик-техникалык окуу жайы бар.

           Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17