Аймак

КОМПЬЮТЕРДИК ТОМОГРАФИЯ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

КОМПЬЮТЕРДИК ТОМОГРАФИЯ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

 409 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 30-январь күнү Токтогул районунун Токтогул шаарындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун базасында “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун алкагында компьютердик томография борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу райондук администрация маалымдады.

Ачылышка КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы

Н. Ибраева, “Шаньшуй Силк Роуд” ЖЧКсынын директору Чжоу Минь, “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун директорунун орун басары У. Данилбеков, Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы, саламаттыкты сактоо тармагынын координатору К.Байдавлетов, КР медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондусунун Жалал-Абад облусу боюнча директору А.Самарбеков, район башчысы-аким А.Тюкебаев жана Токтогул ЖДПБнун медицина кызматкерлери катышышты.

Компьютердик томогорафия аппараты “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун алкагында ишке ашты, аппараттын баасы 600,0 мин $ түзөт. Компьютердик томография аппараты “Шаньшуй Силк Роуд” ЖЧКсы тарабынан орнотулду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17