Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
352 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүн Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун жердештери байырлашат. Алар менен Жогорку Кеңеш депутаты Жусупбек КОРГОНБАЙ уулу жолугушканда, жергиликтүү калк ЖРТдагы коррупция, айыл өкмөттөрүн ирилештирүүдөгү жана дагы бюджетти бөлүштүрүүдөгү акыйкатсыздык, сугат суунун таңкыстыгы, ичилүүчү суунун азап-тозогу үстөккө-босток көтөрүлүп, акырында саналган маселелердин жогорку бийлик тарыбнан чукул […]
353 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүн Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун жердештери байырлашат. Алар менен Жогорку Кеңеш депутаты Жусупбек КОРГОНБАЙ уулу жолугушканда, жергиликтүү калк ЖРТдагы коррупция, айыл өкмөттөрүн ирилештирүүдөгү жана дагы бюджетти бөлүштүрүүдөгү акыйкатсыздык, сугат суунун таңкыстыгы, ичилүүчү суунун азап-тозогу үстөккө-босток көтөрүлүп, акырында саналган маселелердин жогорку бийлик тарыбнан чукул […]
НАСИРДИН ИСАНОВДУН ЖЕРДЕШТЕРИ ЖОГОРКУ КЕНЕШ ДЕПУТАТЫНА ДАТТАНЫШТЫ
02.04.2024 / Автор anarkan_kg![НАСИРДИН ИСАНОВДУН ЖЕРДЕШТЕРИ ЖОГОРКУ КЕНЕШ ДЕПУТАТЫНА ДАТТАНЫШТЫ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-Кеёеш-депутаты-Жусупбек-КОРГОНБАЙ-уулу-Ноокатта-шайлоочулары-менен-жолугушту-scaled-3k2r84dt31k4ywk7f8etc0.jpg)
![НАСИРДИН ИСАНОВДУН ЖЕРДЕШТЕРИ ЖОГОРКУ КЕНЕШ ДЕПУТАТЫНА ДАТТАНЫШТЫ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/bfi_thumb/-Кеёеш-депутаты-Жусупбек-КОРГОНБАЙ-уулу-Ноокатта-шайлоочулары-менен-жолугушту-scaled-3k2r84dt31k4ywk7f8etc0.jpg)
354 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүн Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун жердештери байырлашат. Алар менен Жогорку Кеңеш депутаты Жусупбек КОРГОНБАЙ уулу жолугушканда, жергиликтүү калк ЖРТдагы коррупция, айыл өкмөттөрүн ирилештирүүдөгү жана дагы бюджетти бөлүштүрүүдөгү акыйкатсыздык, сугат суунун таңкыстыгы, ичилүүчү суунун азап-тозогу үстөккө-босток көтөрүлүп, акырында саналган маселелердин жогорку бийлик тарыбнан чукул арада гана чечилишин дагы катуу талап кылышты.
Абдымалик АЛЫМОВ, Ноокат раонундагы Кожоке кыштагынын тургуну: – Айылдар арасындагы ички жолдорубуз бүт Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн такай балансында турат. Тилекке каршы, каржынынын таңкыстыгынан улам булар таптакыр эле каралбай келатат. Ал эми күн жылыгында, тынбай чаңып жатат. Тескерисинче, суукта катарынан тоңуп, музга айлангандыктан, айыл арасында ары-бери каттообуз кыйла эле кыйындады.
Маматкалык АБДЫКАЙЫМОВ, эмгек ардагери: – Ыя, айланайындар! Жергебизде акыркы мезгилде ажырашуу абдан активдешти, мындайча айтканда, өлө арбыды. Ушуну деги тыйбайсыңарбы? Албетте, ушунун өзү жакшы жышаан эмес! Дал ушунун Улуттук генефондубузга дагы олуттуу кесепети тийип жаткан чагы. Анан Кыргыз качан карыларын Карылар үйүнө алпарып таштачу эле?!?
Турдумамат ТЕМИРБАЕВ, Ноокат районунун тургуну: – Албетте, айтуудан чындап уяласың… Ишенбесеңер, кыдырып көргүлөчү, эй? Жетишкен заманда Кожоке кыштагында таза суу жок! Ар жактан уулоолоп, же жөө-жалаңдап ташып гана ичебиз. Эми “Өлгөндүн үстүнө – көмгөн” дегендей, Аймактык жана Административдик реформаны шылтоолоп, Көк-Бел Айыл Өкмөтүн Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүнө кошуп жатышат. Анда кантебиз? Биротоло куруйбуз го…
Зияда САТИМБАЕВА, эмгек ардагери: – Мен билгенден Насирдин Исанов атындагы айыл өкмөтүндө 1000 чакты үй-бүлө үй салууга жер тилкесине дагыле кезекте турушат. Булардын саны бара-бара көбөйүп гана баратат. “6 гектарды транформациялайбыз!” дейсиңер. Мунуңар эмнеге жетет? Кыргыз Өкмөтүнөн көбүрөөк эле жер сурабайт белеңиздер? Эмне, ушуга дагы акылыңар жетпейби?!?
Жергиликтүү калктын айтымында, Ноокат районунун Тескей Кожоке кыштагында электр энергиясы тынбай өчүрүлөт. Мунун кесепетинен үй техникалары (муздаткыч, сыналгы, үналгы, кол телефондор) утуру күйүп, керектен деле чыгып жатат. А корогон чыгымды деги ким төлөйт? Эски лотоктор ишке жараксыз кейипти кийгендиктен, сугат суу деле чыныгы азапка айланып олтурат. Мал ылаңы дагы абдан арбыды. Ал эми ЖРТ (жалпы респубдикалык тестирлөө) коррупциянын нукура уюгуна гана айланды. Ага жетилүү аттестатынын балын кошо эсептөө кажет! Ансыз чындык дегеле орнобойт. Мына, алдыбызда – жай. Бирок, улам көбөйгөн мал-калди такай жайганга жайыт жок! Насирдин Исанов атындагы Айыл Өкмөтүнүн жайыттарын коңшулаш Араван районунун Алля Анаров атындагы Айыл Өкмөтүнүн тургундары гана кыйла жылдардан бери мыйзамсыз ээлешип, куп гана пайдаланып келатышат.
Буларды тыкыр тыңдап олтурган Жогорку Кеңеш депутаты Жусупбек Коргонбай уулу дагы акыры агынан жарылды.
- Кымбаттуу жердештерим! Баарына тең туңгуч президентибиз Аскар
Акаев түздөн-түз күнөөлүү! Экономикабыз эңшерилди. Бар ишканаларыбыз бүт таланып-тонолуп, андан ары талкаланды, – деп чырылдадыЖогорку Кеңеш депутаты Жусупбек Коргонбай уулу. –Эсиңиздедир. Бир кой бир бөтөлкө аракка сатылып кетпедиби. Мына сага, Мамлекетке чыккынчылык! Ошону үчүн алгачкы Ажобузду дубалга такап, суроо-сопкутсуз атып таштаса деле аздык кылат! Мен Сиздер бүгүн көтөргөн көйгөйлөрдү бүт жазып алдым. Маселени Кыргыз Өкмөтүнө толук бойдон жеткирип, кабыргасынан эле коемун!
Деген Жогорку Кеңеш депутаты Жусупбек Коргонбай уулу ага Насирдин Исановдун арбагы ыраазы экендигин дагы жашырган жок.
- Былтыр президентибиз Садыр Жапаровдун жеке кабыл алуусунда
болгонумда. Насирдин Исановго Кыргыз Эл Баатыры наамын берүүнү сунуш эткемин. Ошондой эле залкар жетекчинин 80 жылдыгын дагы республикалык деңгээлде белгилөө зарылчылыгын айткамын, – дедиЖогорку Кеңеш депутаты Жусупбек Коргонбай уулу. – Ошентип, мен көздөгөн максатыма жеттим. Ииши кылып асыл инсандарыбызды мындан ары дагы эсен болуп, эстей жүргөнүбүз оң!
Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун жердештеринин Жогорку Кеңеш депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна наказдары канчалык даражада аткарылат? Аман турсак, муну дагы өзүнчө чагылдырмакчыбыз…
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2024/04/Жогорку-Кеёеш-депутаты-Жусупбек-КОРГОНБАЙ-уулу-Ноокатта-шайлоочулары-менен-жолугушту__3-640x465.jpg)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2024/04/Жогорку-Кеёеш-депутаты-Жусупбек-КОРГОНБАЙ-уулу-Ноокатта-шайлоочулары-менен-жолугушту__3-640x465.jpg)
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
02.08.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
-
-
-
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ИЮНЬ КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ
-
25.06.2024 / Автор anarkan_kg КАРАКЧЫЛЫК КЫЛМЫШ ИШИ МЕНЕН АЙЫПТАЛГАН ЖАРАН ПОЛЬШАДАН АЛЫНЫП КЕЛИНДИ
Маек
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан,…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.