Аймак

РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУУДА

РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУУДА

 279 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Исхак Раззаков шаарында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери үчүн өзүнчө кызматтык турак жай курула баштады. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн пайдубалына капсула салынды. Ушул тапта курулуш иштери Ички иштер министрлигинин курулуш-монтаждоо башкармалыгы тарабынан дароо колго алынып, үйлөрдү Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата бүтүрүп, андан ары пайдаланууга тапшыруу жагы пландаштырылууда.

Эске сала кетчү жагдай: буга дейре Исхак Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй дегеле болгон эмес.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17