Аймак

ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ

ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ  ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ

 210 Бардыгы /

        Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбору Өзгөн шаарында саркынды сууларды такай тазалоочу жайдын курулушу акыры башталды. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

        Маалыматка караганда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев курулушту баштоо аземине өзү катышты.

        – Бул окуя тарыхый шаардагы тарыхый учур болуп жатат десем жаңылышпаймын. Ушундай эле долбоор Кара-Суу шаарында дагы ийгиликтүү жүзөгө ашырылып, андан ары Ноокат шаарында дагы ырааттуу түрдө улантылып жатат. Ош облусундагы аталган үч шаарды тең толук кандуу шаар макамына ылайыктап шарт түзүү менен болочокто башка райондордун борборлорунда дагы канализация көйгөйлөрү секиндик менен сөзсүз түрдө чечилет, – деп ишендирди президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев.

        Мындан тышкары президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек ЖантаевӨзгөн шаарында жүзөгө ашырылып жаткан ири инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде айланма жолдун, борбордук стадиондун, сейил бактын жана Кара-Шоро жайлоосунун, ошондой эле турак жай менен камсыздоо үчүн ипотекалык жаңы турак жай комплекстерин түзүү иштери абдан кызуу жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

        Ошентип, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев аталган долбоорлор жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун гана жеңилдетип-жакшыртпастан, инвестиция тартуу, аймактагы орто жана ири ишкердикти өнүктүрүүгө дагы заманбап жана жагымдуу шарттарды жаратаарын  ачык кошумчалады.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17