Аймак

АПШЫР-САЙДАН 1,3 МИҢДЕН АШЫК ЭС АЛУУЧУ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ, ЖАПА ЧЕКЕЕНДЕР ДЭЭРЛИК ЖОК!

АПШЫР-САЙДАН 1,3 МИҢДЕН АШЫК ЭС АЛУУЧУ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ, ЖАПА ЧЕКЕЕНДЕР ДЭЭРЛИК ЖОК!

 429 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайынан 1,3 миңден ашык эс алуучу соңку саатарда эвакуацияланды. Арсында жапра чегишкендер дддэрлик  жабыркагандар жок. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 жаш бала), Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 жаш бала) эвакуацияланып, андан ары коопсуз жайларга жайгаштырылды. Жарандар жеринде медицина кызматкерлеринен кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди. Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылды. Апшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок!

Эскерте кетчү жагдай: күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы, ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жатышкан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза тапкандыгы жана дагы экөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылган. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор жана көпүрөлөр дагы бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен. Кийинчерээк сел суусу жолдорду алып кеткендиктен, Абшыр-Ата эс алуу жайында жана Кезарт жайлоосунда 1400гө жакын эс алуучу калкандыгы маалымдалган. Соңку саатарда селдин кесепетинен каза тапкандардын саны 9 адамга жеткендиги маалымдалды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17