Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / “Бүгүн дүйнө жүзү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатат. 1945-жылдын 9-майындагы тарыхый окуя фашизмге каршы күрөштүн элеси гана эмес, ар кайсы улуттардын бир максат үчүн биримдигинин үлгүсү. Бул майрам өткөндүн баркын эске алып, келечектин милдеттерине багыт берет. Тарыхка кайрыла турган болсок, мындан 80 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, […]
5 Бардыгы / “Бүгүн дүйнө жүзү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатат. 1945-жылдын 9-майындагы тарыхый окуя фашизмге каршы күрөштүн элеси гана эмес, ар кайсы улуттардын бир максат үчүн биримдигинин үлгүсү. Бул майрам өткөндүн баркын эске алып, келечектин милдеттерине багыт берет. Тарыхка кайрыла турган болсок, мындан 80 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, […]
Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
25.04.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
“Бүгүн дүйнө жүзү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатат. 1945-жылдын 9-майындагы тарыхый окуя фашизмге каршы күрөштүн элеси гана эмес, ар кайсы улуттардын бир максат үчүн биримдигинин үлгүсү. Бул майрам өткөндүн баркын эске алып, келечектин милдеттерине багыт берет.
Тарыхка кайрыла турган болсок, мындан 80 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, мурдагы Советтер Союзу германдык фашизмди жеңген. 6 жыл 1 күн, тагыраагы 1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта биздин мамлекеттин 360 миңден ашуун ар улуттун өкүлдөрүнүн эр-азаматтары, ата-бабаларыбыз мекенди коргоого аттанышкан. Алар душман менен айыгышкан салгылашууларда эрдик менен салгылашкан. 160 миңден ашуун мекендештерибиз согуш талаасында курман болушкан. Муну эч ким, эч качан унутпайт. Тарых согуштун жамандыктарына, анын кесепетинен миңдеген адамдар набыт болгонуна, элдер жана өлкөлөр тарткан экономикалык, социалдык, моралдык жана руханий жоготууларга күбө болгон. Демек, Улуу Ата Мекендик согуштан алынган тарыхый сабактар союзго мүчө бологон өлкөлөрдүн келечектеги кызматташтыгынын пайдубалын түптөдү деп айта алабыз. Дал ушул негизде мен өз тажрыйбамда Россия менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин бекемдигин сезип жатам.
Мына, 6 жылдан бери Россияда мамлекеттик гранттын негизинде окуйм. Алгач Белгород мамлекеттик агрардык университетинде окуп, кадастр-инженер адистигине ээ болдум. Учурда Россия Федерациясынын Президентинин Академиясынын мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн магистрантымын.
Белгороддогу биздин университеттин жанында Өчпөс от күнү-түнү күйүп турат эле. Күнүгө окууга бара жатканда жана кайра келе жатканда анын жанынан өтүп кетчүмүн. Канга окшош кызыл жылдыз ортосунда жанып турган отту караганымда көп нерселер оюма келет эле. Биздин айылдын борборундагы кеңсенин короосунда ошол эле белгисиз жоокер менен баласын согушка узатып, жол караган эненин айкелдери бар болчу. Өчпөс от жагылбаганы менен майрам күндөрү ага расмий өкүлдөр жана окуучулар гүлдөрдү коюшат болчу.
Жаштык болсо керек, Өчпөс отко колдонулган газ биздин айылда болгондо Күмүшазиз, Куруккул айылдары толугу менен газ менен камсыз болмок деп ойлочумун. Белгород облусунда мындай өрт чыккан жерлер көп. Ошолордун баарын кошсок, районубуздун элинин үйүн толугу менен газдаштырабыз деп көп ойлочумун. Бул шаар коңшулаш Украина менен чектешет. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында бул жерде эң оор салгылашуулар болгонуна тарых күбө. Советтик жоокерлер немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы айыгышкан салгылашууларды жүргүзүштү. СССР составындагы өлкөлөр катарынды биздин кыргыз жоокерлери мекенди коргоого биринчилерден болуп аттанган. Өчпөс оттун жанындагы белгисиз жоокердин айкелдерин, баласын чыдамсыздык менен күтүп жаткан энени көрүп, эсиме келген газ саясаты тууралуу ойлорумдан уялдым. Анткени мекенибизди, жакын адамдарыбызды, ар-намысыбызды коргоо үчүн согуш талаасында кан төккөн жоокерлер мен курактуу жигиттер эле. Мен Белгородго 17 жашка чыга электе келгем, менин өмүрүмдүн төрт жылы ушул баатыр шаар менен байланышкан. Баатыр шаардын нанын, тузун жеп, билим алдым. Биздин бүгүнкү күндөгү жыргалчылыгыбыз үчүн күрөшкөн жоокерлердин көпчүлүгү баатырларча курман болушкан. Алардын көпчүлүгү ден соолуктарын, бир колун, бир бутун мекенибизге тартуулашты десек жаңылышпайбыз. Улуу Ата Мекендик согуш немецтерди Берлинге чейин кууп барышкан советтик жоокерлердин жеңиши менен аяктады.
Үйүбүздө документтер сакталган атайын папкада чоң атам Абдусамат Ханкелдиевдин аскердик билети, бир нече медалдары, ошондой эле белгилүү публицист, журналист Тахиржон Хайруллаевдин “Маңгу эскерүү” китеби сакталып турат. Кичине кезимден бери китепти көп окуйм. Анын барактарында Ырыс айылынан согушка аттанган мурдагы жоокерлердин турмушу баяндалат. Алардын арасында менин чоң атам Абдусамат ата дагы бар. Анын согуш мезгилиндеги жана согуштан кийинки кайра куруудагы ишмердүүлүгү кыскача баяндалат. Патриоттук китеби үчүн авторго сыртынан ар дайым ыраазымын.
Чоң атам 1942-жылы аскер кызматына чакырылып, 6 ай аскердик даярдыктан өтүп, Ленинград үчүн болуп жаткан согуш тааласына жөө аскерлер катарында эшелонунда келген. Ленин атындагы шаарды алуу душмандардын кыялы болгондугун билебиз. Ошондуктан тишине чейин куралданган немецтик жана финдик согуштук күчтөр Ленинградды алуу учун тынымсыз салгылашкан. Бул аздык кылгандай, душмандын союздаштары болгон испаниялык жана италиялык фашисттер жардамга келишет. Ленинград салгылашуусу 1941-жылдын 10-июлунан 1944-жылдын 9-августуна чейин созулган согушта чоң атамдардын аскердик армиясы курчоодо калат. Душмандар бул шаарды сырткы дүйнөдөн ажыратышкан. Ачарчылык, суунун жетишсиздиги ар кимди чарчатып, душмандын октору тынымсыз учуп, окоптордун үстүндө бомбалар жарылат эле. Бир жолу чоң атамдын жакынында снаряд жарылат. Катуу жарылуудан улам чоң атам өзүн жоготот. Көзүн ачса өзүн аскердик госпиталдан көрөт. Жарадар болгон жоокерлерди бутуна тургузуп, кайра майданга алып баруу үчүн ак халатчан врачтар, медсестралар талыкпай эмгектенишет. Көптөн бери дарылангандан кийин чоң атамдын жарасы айыгат, бирок кулагынын угуу жөндөмү таптакыр жоголгону маалым болот. Төрт мүчөсү сак согушка кеткен чоң атам өмүр бою II тайпадагы майып болгону тастыкталган медициналык кагазы менен мекенине кайткан. Аскердик комиссиянын чечими менен чоң атам мекенине кайтып келип, мурдагы Ленин атындагы колхоздо 60 жылдан ашык эмгектенген. Дыйканчылыкты жакшы билген, жерди тилин жакшы билген, жерден мол түшүм алууга салым кошкон чоң атам 1997-жылды 82 жашында дүйнөдөн кайтыш болгон.
Түбөлүккө Өчпөс оттун алдында ушул жөнүндө ойлонуп, мен айылдарды газдаштыруу туралуу оюмдан уялдым. Ырас, газдаштыруу, калктын турмуш маданиятын жогорулатуу учурдун талабы. Бирок, согуш жакшылыкка алып келбестигин, тынчтыкты баалай билүү керектигин келечек муундарга эскертип тургузулган белгисиз жоокердин жана баласын күткөн эненин айкелин, анын алдында күнү-түнү жанып турган Өчпөс отту жеңил ойлоо уят.
Учурда Новосибирск шаарында билим алып жатам. Биздин окуу жана жашаган жерибиз Ленин аянтынын так жанында. Мурда бул жерде партиялык мектеп жайгашкан болчу. Мен турган жатакана терезесинен Ленин аянты көрүнүп турат. Өткөн жылы Жеңиштин 79 жылдыгы абдан кеңири белгиленген болчу. Мен окуянын кесепеттерин жоюу үчүн канча убакыт талап кылынарын билбейм. Быйылкы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы мындан да кубанычтуу жана жемиштүү болорунан күмөнүм жок. Майрамдар тынчтык өкүм сүргөн өлкөлөргө ылайыктуу. Тынчтык менен эгемендүүлүктү тартуулаган ата-бабалардын арбагын ыраазы кылуу – муундардын милдети. Бул бейпилдик жана гүлдөп өнүккөн өлкөнү сактап калуу үчүн согушкан жана баатырдык көрсөткөн мурдагы союздук мамлекеттердин мигранттарына Россия менен орусиялыктар тарабынан урмат-сый көрсөтүүсү керек, деп баалаймын. Мигранттарыбыз Россиянын мыйзамдарына баш ийип, туура, таза иштесе, аларга ар кандай чараларды көрүү акылга сыйбайт. Анткени, биздин ата-бабаларыбыз Россиянын эркиндиги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн күрөшүп, канын төккөн. Азыр биздин эмгек мигранттары өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жардам берип жатышат. Буларды унутууга эч кимдин акысы жок. Турмуш биз чындыгында тең экенибизди көрсөтүп турат.
Улуу Жеңиштин эстелиги биздин муундарга маанилүү сабак калтырат: кызматташтык жана сүйлөшүүлөр – татаал маселелерди чечүүнүн эң туура жолу. Мурдагыдай эле биргелешкен аракеттер климаттын өзгөрүшү, пандемия же экономикалык кризис сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы күрөшүүдө ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Россия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелердин өнүгүшү мунун ачык далили. Маселен, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча келишимдер же экологиялык долбоорлор боюнча кызматташуу бүгүнкү күндө да практикалык натыйжаларды алып келүүдө.
Ар бир өлкөнүн уникалдуу тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү менен иштөө тынчтыкты чыңдоонун негизи болуп саналат. Ата-бабаларыбыздын Улуу Жеңишке кошкон салымдары чоң. Аларды көрсөткөн эрдиги мамлекеттер арасындагы дипломатиялык мамилелерде өз ара урмат-сый көрсөтүү керектигин үйрөтөт.








Абулфайзхон ХАНКЕЛДИЕВ,
Россия Федерациясынын Президентинин Академиясынын Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн магистранты
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
Маек
Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
Араван райондук маданият үйүндө “ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН БОЛОЧОК! ТАЗА…
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg Абдылбакы ААЛИЕВ: “ЭЛДИН ТАКАЙ ЖАРДАМЫНА МУКТАЖБЫЗ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.