Аймак

БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН АТЫНАН КЕЛГЕН АЛДАМЧЫ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САК БОЛУҢУЗ!

БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН АТЫНАН КЕЛГЕН АЛДАМЧЫ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САК БОЛУҢУЗ!

 3 Бардыгы /

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, акыркы күндөрү айрым жарандардын дарегине белгисиз электрондук почталар жана мессенджерлер аркылуу төмөнкү мазмундагы фейк билдирүүлөр жиберилүүдө:

“Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын талабы боюнча аткаруу өндүрүшү боюнча материалдар камтылган тиркеме жөнөтүлөт. Бул тиркеме бухгалтерия жана жооптуу кызматкерлер таанышууга милдеттүү”- деген талап коюлган.

Бул билдирүү – фейк жанаалдамчылык!

Аталган билдирүү прокуратура органдарына тиешеси жок жана жарандарды адаштырууну көздөйт.

Башкы прокуратура эскертет:

– Эч качан тиркемелерди ачпаңыз, шилтемелерге өтпөңүз;

– Бул сыяктуу билдирүүлөр аркылуу зыяндуу программалар жүктөлүшү мүмкүн;

– Жеке маалыматтарыңызды коргоңуз.

Прокуратуранын расмий маалыматы жалаң гана:

– расмий сайт аркылуу;

– мамлекеттик жана мекемелер аралык каналдар аркылуу гана таратылат.

Эгер сизге ушундай билдирүү келип түшсө — аны таратпастан, укук коргоо органдарына кабарлаңыз.

Сак болуңуз! Маалыматты текшериңиз! Фейкке ишенбеңиз!

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17