Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы болуп Болотов Нуртилек Болотович шайланды.

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Жалал-Абад шаардык кеңеши жаңы имаратта кесексиз сессия өткөрдү. Күн тартибиндеги негизги маселе катары төраганы шайлоо каралып, жабык добуш берүү менен сессияга катышкан 37 депутаттын добушу менен Болотов Нуртилек Болотович Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Жаңы шайланган төраганы шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана депутаттар куттуктап, ийгиликтерди каалашты.

Болотов Нуртилек Болотович – 1992-жылы 26-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Билими жогорку. Бишкек шаарындагы Кусаин Кольбаев атындагы авто-жол колледжин, андан соң ушул эле адистик боюнча Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жогорку билим алган.

Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин 9-чакырылышынын депутаты, учурдагы 10-чакырылыштагы шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин 10-чакырылышынын төрагасы кызматын Турдубеков Орозбек Турдубекович аркалап келген. Ал «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалгандыгына байланыштуу төрагалык кызматты тапшырган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17