Аймак

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫН МАНАС ШААРЫ ДЕП ӨЗГӨРТҮҮ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ҮЧ ОКУУДА КОЛДОДУ

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫН МАНАС ШААРЫ ДЕП ӨЗГӨРТҮҮ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ҮЧ ОКУУДА КОЛДОДУ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 10-сентябрдагы жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карады.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырып, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоо, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу максатында иштелип чыкканын билдирди.

Талкуу маалында депутаттар Камила Талиева менен Миргүл Темирбаева мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришип, демилге жергиликтүү калктын өзүнөн чыкканын баса белгилешти. Ошол эле учурда Миргүл Темирбаева калаага Манас баатырдын эстелигин орнотуу зарылдыгын кошумчалады. Ал эми эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев аталган маселеде ар кандай тараптардын да пикирин угууну сунуштады.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, бир убакта үч окууда кабыл алышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17