Аймак

ТҮНКҮ СААТ 22:00дөн КИЙИН КАЛКТЫН ТЫНЧТЫГЫН БУЗГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

ТҮНКҮ СААТ 22:00дөн КИЙИН КАЛКТЫН ТЫНЧТЫГЫН БУЗГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

 3 Бардыгы /

Мындай чечим калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу максатын көздөйт. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз ХIV сессиясында кабыл алынган токтомго ылайык, шаарда иш күндөрү түнкү саат 22:00дөн, таңкы саат 7:00гө чейин, ал эми эс алуу жана майрам күндөрү түнкү саат 22:00дөн, таңкы саат 9:00гө чейин радио кабылдагычтарды, сыналгыларды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү жана ызы-чууга жол берген үн күчөтүүчү түзүлүштөр токтотулууга тийиш.

Ошондой эле бул чектөө транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөлөрдө, павильондордо) көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануучу жайларда үндү жогорулатуучу жабдыктарды колдонууга, музыкалык аспаптарда ойноого, ырдоого, үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерге да тиешелүү.

“Тынчтык жөнүндө” мыйзамды бузгандарга 10 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып пул салынат.

Эскерте кетсек, жогорудагы чектөө Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгына ылайык ишке ашырылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17