Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 3 Бардыгы /

Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп Давлянов Дамирбек Тайырбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол койду.

Давлянов Дамирбек Тайырбекович – 1986-жылы 21-мартта Ош шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Билими жогорку. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган. Адистиги — юриспруденция.

2007–2017-жылдары ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Андан соң

Кыргыз Республикасынын ИИМинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын начальнигикызматын аркалаган.

Ал «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу», «Милициянын отличниги», «Кылмыш иликтөө кызматынын отличниги», ошондой эле “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыты боюнча жана экстремизмге, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча отличник” наамдарына ээ.

Эске салсак, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17