Аймак

МАНАС ШААРЫНДАГЫ ИРИ ОБЪЕКТИЛЕР КУРУЛУШ МИНИСТРЛИГИНИН КӨЗӨМӨЛҮНӨ ӨТКӨРҮЛӨТ

МАНАС ШААРЫНДАГЫ ИРИ ОБЪЕКТИЛЕР КУРУЛУШ МИНИСТРЛИГИНИН КӨЗӨМӨЛҮНӨ ӨТКӨРҮЛӨТ

 3 Бардыгы /

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы ири курулуш объектилеринин подрядчы компанияларынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты. Жолугушууда Манас шаарында курулуп жаткан ири социалдык объектилердин мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруусу, долбоорлоо иштеринин сапаты, курулуштун наркы жана курулуш иштерин баштоодогу талаптардын сакталышы талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө министр айрым курулуш объектилерине коюлган сметалык баалар жогору экенин белгилеп, аларды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын айтты.

Министрдин маалыматына ылайык, Манас шаарындагы төмөнкү объектилер министрликтин карамагына өткөрүлөт. Алар:

-Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү 5200 орундуу жабык типтеги көп функционалдуу спорт сарайынын курулушу;

-Глинка көчөсүндөгү 7 кабаттуу облустук оорукананын жаңы корпусунун курулушу;

-Р.Азимов көчөсүндөгү Президенттик “Акылман” лицейинин филиалынын курулушу;

-Курманбек көчөсүндө курулуп жаткан облустук филармониянын жаңы имараты;

-Курманбек көчөсүндөгү заманбап шаардык музейдин курулушу;

-Насостук станциянын, резервуардык жөнгө салуунун, түтүк өткөргүчтөрдүн жана ирригациялык тармактардын курулушу.

Ошондой эле министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районундагы оорукананын курулушун көзөмөлгө алат.

Министр Нурдан Орунтаев бул чаралар президенттин тапшырмасына ылайык, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, объектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө жана бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле Манас шаарындагы башка курулуш иштеринин жүрүшү белгиленген тартипте улантыларын кошумчалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17