Аймак

АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ САВЕТ-САЙ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖӨӨ ӨТМӨК КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТООДО

АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ САВЕТ-САЙ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖӨӨ ӨТМӨК КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТООДО

 3 Бардыгы /

Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагына караштуу Савет-Сай айылында узундугу 57 метрди түзгөн жөө өтмөк көпүрөнүн курулушу бүтүү алдында турат.

Савет-Сай айылындагы жөө өтмөк көпүрөнүнкурулуш иштери райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланууда. Буга чейин аталган жерде жөө өтмөк көпүрөнүн жоктугуна байланыштуу жергиликтүү тургундар көйгөйдү көтөрүп, социалдык тармактарга видеолорду жарыялашкан.

Жагдай менен таанышкан облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө маселени чечүү жана көпүрөнүн курулушун белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырма берген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17