Аймак

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК БИЗГЕ ЭМНЕ АЛЫП КЕЛДИ?

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК БИЗГЕ ЭМНЕ АЛЫП КЕЛДИ?

 9,486 Бардыгы /

1991-жылдан тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган. Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишкен. Тарыхчылардын айтымында, бул кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келаткан тилеги эле. Деген менен 28 жылдык эгемендик тарыхта кандай ийгиликтерге ээ болдук? Бизди өнүгүү жолубузда эмнеден аксап жатабыз? Эгемендик бизге эмне берди? Өлкөнүн абалы тууралуу реалдуу күзгүлөрдөн сөз болсун…

Эрнис АВАЗОВ, тарыхчы: “ӨТКӨН КҮНДҮ ЭСКЕ АЛБАЙ, КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ АЛУУ КЫЙЫН”

-1991-жылы айыл чарба иштерине байланыштуу Алайда жүрөт элек. Ошондо өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет (ГКЧП) түзүлдү деп уктук. Көрсө бул окуя СССРдин биринчи жана акыркы президенти Горбачевди кызматтан кетирүү боюнча төңкөрүш экен. 1991-жылдын 19-21-август күндөрү ошол тарыхтагы ГКЧП окуясы СССРдин таралуусун тездетти. Натыйжада союздук республикалардын бир тобу өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жарыялашты. Анын катарында алгачкылардан болуп Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын белгиледи.

Албетте бул эгемендүүлүктү чыр-чатаксыз, курмандыксыз келгендиги өтө чоң нерсе. Бул кыргыз элинин кылымдардан бери эңсеп келген мүдөөсү эле. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өзгөчө экономикада 1993-1998-жж. чейин кризис орун алды. Аны да биздин элибиз чыдамдуулук менен башынан өткөрдү.  Демократиялык процесстер күчөдү. Натыйжада процесстердин уландысы катары 2005-жылдагы март окуясы, ага чейинки Аксы окуясы, 2010-жылдагы окуялар Кыргызстандын тагдырын чечер көрүнүштөрдөн болду. Булардын албетте келип чыгуу факторлору көп. Ошондой болсо да биз ал окуялардан сабак алуубуз керек. Бирок ошол кемчиликтерди кайрадан кайталанып жатканы өкүнүчтүү. Андыктан өткөн күндү эске албастан, келечекке багыт алуу кыйын.

Азыркы эгемендүү өлкөлөрдөн айырмабыз дал ушул ашкере саясатташып кеткенибиз. 28 жыл эгемендүү өлкө болсок, 29 жолу өкмөт алмашты. Конституциябыз бир нече жолу өзгөрдү же толукталды. Өкмөт аткаруу бийлигинин башында тургандыктан анын кайра-кайра алмашыла бериши ар тараптан өзүнүн залакасын тийгизүүдө. Соңку 10 жылдын тегерегинде коалициялык өкмөт, партиялык  система менен шайлоо, партияларга квоталардын берилиши бизге анчалык туура келбейт экен. Себеби партиялык квота менен ошол партиянын линиясында турган бир активист адис эместигине карабай барып калган учурлар көп. Бул саясий процесстеги эске алчу жагдай.

Күчтүү же бай тоталитардык мамлекетте жашагандан көрө, жеке жаран үчүн жакыр болсо дагы демократиялык өлкөдө жашаган артык. Бизде экономикалык, саясий көйгөйлөрүбүз бир топ, бирок эркин жашайбыз. Эркиндик эч нерсеге алмашылгыс нерсе. Албетте кээде эркиндикти ашыкча пайдаланып, аша чапкан учурларыбыз болуп жатат. Бирок ошол эле учурда эркиндик биринчи орунда турат деп ойлойм. 

Үпөл АСАНАЛИЕВА, Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу:  “ӨЛКӨБҮЗДҮН ӨНҮГҮШҮ – АР БИР ЖАРАНДЫН ПАТРИОТТУК СЕЗИМИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ”

-Кыргыз эли көз карандысыз мамлекетти курууда тарыхтын эң оор сыноолорун башынан өткөрүп, канчалаган кыйынчылыктарды кечип келген. Ошол эгемендүүлүктүн түбөлүктүүлүгүн сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз деп келебиз. Бирок, анын баркына жете алдыкпы деген суроо жаралат.

        28 жылдын ичинде 9 жолу конституция өзгөрдү, учурда 31 – Өкмөт башчы иштеп жатат, эки жолу революция болуп, нечендеген кыргыздын кулундары бийликтегилердин курманы болду. Кайсы Өкмөт башчысы келсе да бардыгын  аткарып кыйратып атабыз дегени менен эч кандай чеке жылытаарлык иш болгон жок. Башкаруу системасы президенттен парламентке өттү. Кыскасы, сен мага тийбе, мен сага тийбейин деген чырмалышып чынжырланган “жасалма жагдай” менен саясий оюндар, кыргыздын эл үчүн иштейм деген эр азаматтарынын такымынан тартып,  көз көрүнө  адам укугун тебелеп, камап, кордоп “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, КРдин мыйзамдарын одоно түрдө бузушуп, өз кызыкчылыктарына ылайыкташтырган жасалма мыйзамдардын пайда боло калгандары жаңылык деле болбой калды. Алты жыл бою башкарып келген ажобуз А.Атамбаевдин кылыгы жана ага тирешкен азыркы бийлик,  дүйнө жүзүнө “кыргыз” деген калктын аброюн төкпөй эмне кылды. Коррупцияга бөгөт коёбуз деген ураан, учурда тескерисинче күч алып “Барына бар заман, жогуна тар заман” болуп тургандыгын коомчулук, жумурай журт ырдап жүрүшпөйбү. Коррупцияны түп тамырынан жоюш үчүн  ажо баш болуп, мурдагы бийликтегилердин катасын кайталабай, чечкиндүүлүк менен акыйкатты бийик коюш керек. Учурдагы элдин талабы адилеттүүлүк.

        Кадр маселеси, укук коргоо органдары, социалдык тармактар толук кандуу тиешелүү милдеттерин аткарып жатышат деген ойдон алысмын. Эгемен мамлекетибиз кимдир бирөөнүн энчисине айлангандай, атка минер чиновниктердин пешенесине байлангандай аянычтуу жагдайларды көрүп туруп жүрөгүм ооруйт. Айрыкча “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп, адам тагдыры менен эсептешпеген, конституцияны кордогон көрүнүштөрдү жаратуу үчүн эгемендүү мамлекет статусун алдык беле?

      Кемчиликтер айтылмайын ийгиликтер жаралбайт дейт, бул менин жеке пикирим, көз карашым, жүрөк өйүгөн  кай бир маселелерди ачык айтууга мезгил жетти. Эгемен өлкөбүздүн өнүгүшү –  ар бир жарандын патриоттук сезимине байланыштуу болот, андыктан урматтуу кыргыз элим өлкөбүздүн өнүгүшүнө кайдыгер карабайлы.

Кылыч ШАНАЕВ, “Журт Келечеги” коомдук бирикмесинин төрагасы: “МАМЛЕКЕТ КАТАРЫ ӨТӨ АЛСЫЗБЫЗ”


-Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 28 жыл өттү. Бул тапта 3 муун тарбияланып бүттү. Тилекке каршы ошол 3 муундун келечегин талкаладык. Азыр эми аракет кылбасак 2000 -жылкылардын келечегин дагы түптөп бере албайбыз. Эгерде “эмнеге жетиштик?” деп суроо салсак, эгемендүүлүк гана биз үчүн жетишкендик болду. Калганы бардыгы саясаттын сасык оюндарынын негизинде талкаладык. Бешиктен бели чыга элек бала деле саясатчы. Африка өлкөлөрү өнүгүп келе жаткан заманда биздин өлкөбүздүн карызы күн санап өсүүдө. Мамлекет катары өтө алсызбыз. Экономика, айыл чарба, билим берүү, транспорт жана жол деги койчу кайсы тармакка карабайлы ашмалтайы чыккан.

Коррупция Кыргызстандын түбүнө жетмей болду. Жок дегенде жаштарга аянтчаларды куруп, спортко үндөсөк, азыр үзүрүн көрмөкпүз. Африка мамлекеттери 20 жылдан бери футболго көңүл буруп койду эле азыр дүйнөнүн эң мыкты аталган футболисттери чыгып келди. Жылына миллиондогон долларларды мамлекетине киреше алып келет. Айылдарына 3 млн.доллар берип, жердештерине үй салып берген спортчулар бар. Буларды көрүп,  бардыгы спортко кызыгуусун артып жаткан чагы. Ушул эле жетишкендиктерди ар бир тармакта жасасак болот. 30 жыл аралыгында Өзбекстан мамлекет катары пахта менен эле кандай ийгиликтерге жетишти. Биздегидей кен байлык болгондо алар азыр дүйнөнүн “менмин” деген мамлекетине айланмак. Биз жалкоо болуп калдык. Инвестиция деп мамлекеттин бүтүндөй кен байлыгын тоноттук.

Албетте ГЭС куруу, жол салуу деген сыяктуу майда-чүйдө жетишкендиктер бар. Бирок алар терс иштердин алдында көрүнө турган иш эмес. 30 жылдан бери жөнөкөй эле чек арабызды чече албайбыз. Азыркы күндө өнүгүү жөнүндө сөз кылуунун кереги жок. Коррупцияны жок кылууда мамлекет жарандык активисттер менен чогу иш алып барыш керек. “Бизди кабыл алгыла, коррупция кай жакта экенин көрсөтүп беребиз” – деп ачык эле  айтып жатабыз. Тилекке каршы коррупция менен күрөшүүдө элден жардам сураган президенттин айтканы жөн эле куру сөз болуп калды. Коррупция менен аёосуз күрөш жүрүп жатат – дегенге көпчүлүк ишенбейт. Ар бир айыл өкмөттү текшерип чыксын, миллиондогон сомдор сол чөнтөккө кеткен. Мен 3 айыл өкмөттү өз алдымча иликтөө жүргүзгөнмүн.

Калдарбек АБДРАМАНОВ, кардиолог: “БАЙЫРКЫ ЭЛДИН ДУХУ КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТТӨНДҮРӨТ

-Кыргыз элинин 7 миң жылдык тарыхында бул биздин биринчи мамлекетибиз эмес. Кыргыздар чоң империя болуп, анан кайра чачырап кеткен убактар бир канча жолу болгон. Соңку КР өз алдынча болгонуна 28 жыл толду. 28 жылдык өмүрүндө адам баласы өз алдынча жетилип, жашоодо чоң ийгиликтерге да жетишип калат. Ал эми биздин мамлекет жөнүндө антип айтуу кыйын. Мага мамлекетибиз араң төрөлүп, тамтаңдап зорго баскан өспүрүмдү элестетет. Албетте убакыт өткөн сайын тирүү жан да, мамлекет да азбы көппү өсөт. Бирок, биздин мамлекет бутуна дале тура элек. Ичара жугуштуу оорудай тараган коррупция, ден соолугу начар адамды кандай бууса ошондой кыйнап, жарга такап салды. Демек, 28 жылда жыргап, өсүп кеттик десем аша чапкандык болот.

Ошентсе да жараткан буйруган жер, кен байлык, миңдеген жылдык тарыхы бар байыркы элдин духу, келечекке үмүттөндүрөт. Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо аны башкарган жетекчилердин дараметине да көз каранды. Тилекке каршы мурдагы жетекчилер биздин купулга толбоду, тескерисинче өлкөнү жоготуу коркунучуна алып келди. Жерлерибизди, элибизди таратып, кендерибизди талатып, тилибизди кесип, мамлекеттүүлүктүн атрибуттарын жокко чыгарып салышты.

Президентибиз кызматтарга иш билги адистерди алып келбесе, ЖКга интеллектуал, патриот адамдарды алып келгенге шарт түзбөсө, 28 жылдык саясий интрига, саткындык, жемкордук кайталана берет. Саламаттык сактоо системасына нааразы болгон эл, реформа жасамыш болуп жаткандай кыр көрсөткөн медицинанын жетекчилери, баары ушул кырдаалга эмне себеп, аны чечүүнүн кандай реалдуу жолдору бар деген маселеге көңүл бурушпай калды. Орто жолдо биз врачтар эле күнөөлүү болуп жатып калдык. Негизи, балээнин баары туруктуу, жетишерлик каржылоо механизминин жоктугунда. 28 жылдан бери медицинага бөлүнгөн мамлекеттик акча 10-14 миллиарддан ашпады. Эл 4 миллиондон 6 миллионго көбөйдү, медицинага муктаждык да өстү. Бирок, акыбал 1990- 2000 жылдагыдай катып турат.

Даана мисал 5 жылдан бери Жалал-Абаддагы түштүк эли үчүн уюшулган жалгыз кардиоборбордун ремонту бүтпөй токтоп турат. Ага мамлекет акча табалбай, оорулар оорубай, өлбөй коё тургула деген таризде. Ошол эле учурда күндө 50 адам, жылына 29 миң адам жүрөктөн каза болууда. Мына ушундай акыбал, 28 жылдык медицинадагы “жетишкендик”! Эмнеси болсо да, эгемендүүлүк күнүңөр менен кыргызстандыктар, жүрөгүңөр оорубасын!

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17