Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,819 Бардыгы / Жогорку Кеңеш өз вазийпасын так аткаруудан биротоло алыстап, чектен чыккан кадамдарды гана жасап келе жатат. Ал эми Кыргыз Өкмөтү бир орунду айланып, анан аны таптап эле жүрөт. Желмогузга айланышкан жемкорлор менен аеосуз күрөштө Президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыздыгы даана байкалат. Ушул жана башка олуттуу суроолордун тегерегинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыбай АСРАНОВ менен кабарчыбыз […]
1,820 Бардыгы / Жогорку Кеңеш өз вазийпасын так аткаруудан биротоло алыстап, чектен чыккан кадамдарды гана жасап келе жатат. Ал эми Кыргыз Өкмөтү бир орунду айланып, анан аны таптап эле жүрөт. Желмогузга айланышкан жемкорлор менен аеосуз күрөштө Президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыздыгы даана байкалат. Ушул жана башка олуттуу суроолордун тегерегинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыбай АСРАНОВ менен кабарчыбыз […]
ЖАҢЫБАЙ АСРАНОВ: «ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ ЖЕМКОРЛОР МЕНЕН ӨЗҮ ЖАЛГЫЗ ЭЛЕ КҮРӨШҮП КЕЛЕ ЖАТАТ»
30.08.2019 / Автор aymak1,821 Бардыгы /
Жогорку Кеңеш өз вазийпасын так аткаруудан биротоло алыстап, чектен чыккан кадамдарды гана жасап келе жатат. Ал эми Кыргыз Өкмөтү бир орунду айланып, анан аны таптап эле жүрөт. Желмогузга айланышкан жемкорлор менен аеосуз күрөштө Президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыздыгы даана байкалат. Ушул жана башка олуттуу суроолордун тегерегинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыбай АСРАНОВ менен кабарчыбыз кененирээк ой бөлүштү.
– Жаңыбай мырза, соңку мезгилде саясат айдыңынан таптакыр эле көрүнбөй калдыңыз го? Эмнеге?
– Жалпыга маалым, 2005-2008-жылдарда Ош облусунун Кара-Кулжа, 2008-2010-жылдарда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондорунун акиминин кызматтарын абдан абийирдүү аркаладым. Эң башкысы: артымдан бир дагы жаман кеп ээрчиткен жокмун. Эки өрөөндүн элинин жамандык-жакшылыгына азыркыга дейре үзбөй катышып келе жатам.
2010-жылдан кийин курулуш тармагына биротоло ыктадым. Саясат айдыңынан таптакыр көрүнбөй калганым дагы дал ошондон. Анткени, менин эң негизги кесибим – инженер-куруучу. Дал ошол себептен улам Ош жана Бишкек шаарларында курулуш иштерин жандандыруу, ошондой эле ыраттуу түрдө жүргүзүү менен гана катуу алекмин.
-Ошентсе деле, дагы эле саясаттан тыш эмессиз да. Президент Сооронбай Жээнбековдун ушул таптагы жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн кубаттайсызбы?
-Ананчы! Бирок, жемкорлор менен үзгүлтүксүз күрөшүү оңой бекен? Албетте, өтө эле катаал жана абдан татаал! Муну үчүн, биринчиден, бекем эрк керек! Экинчиден, жемкорлукту айныксыз ашкерелөө – өтө узак мөөнөттү жана бышык нервди талап кылган жараян. Үчүнчүдөн, Президент Сооронбай Шарипович өзүнүн, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн алтындай өмүрүн тобокелчиликке салып, жемкорлукка каршы күрөштүн башында дагы эле бекем турат. Танып не. Мындай эрдик ар кимдин эле колунан келе бербейт!
-Сооронбай Жээнбеков өзүн Президенттикке абдан катуу сүрөгөн жана тактыга бекем олтургузган кан досу – экс-Президент Алмазбек Атамбаевди каматышына деги кандайча карайсыз?
-Мында, биринчиден, мыйзам дегеле бузалган жок! Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-Президент макамынан толук кандуу ажыратты. Бул чечимди Парламентте көпчүлүктү түзгөн Атамбаевдин өзүнүн партиясынан – КСДПдан шайланышкан депуттар деле кубатташпадыбы. Экинчиден, Кыргызстандагы бийликтин бардык бутактарынын тегиз жемкорлукка белчесинен батышына Алмазбек Шаршеновичтин жеке күнөөсү ат көтөргүс! Үчүнчүдөн, Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөтү ушул күнгө дейре кыйратып иш жасаган жок. Андыктан, буларды токтоосуз таратып, Элдик Ишенимдеги Каолициялык Өкмөт куроо абзел! Мунсуз азыркы туташ кризистен эзели башыбыз арылбайт!
–Баса, Президенттик башкарууга гана өтүү, премьер-министрдин вазийпасын дагы ага бекем жүктөө демилгесине кошуласызбы?
-Мен башынан эле Президенттик башкаруунун өтө катуу тарапкеримин. Алты миллион эле калкы бар кичинекей өлкөгө Премьер-министрдин, анан дагы шагыраган Өкмөт мүчөлөрүнүн дегеле кереги жок! Маселен, Австрияда жеке менчик башкаруусу 85, ал эми мамлекеттик башкаруу 15 пайызды түзөт. Ошону үчүн өлкө ыкчам өнүгүп, дүйнөлүк сапта эң алдыңкы катарда баратпайбы. А биздечи? Чоңдор көп. А иштегендер дээрлик аз. Ага жараша атааандаштык таптакыр жок! Анан кантип өнүгүп-өсөбүз, эй?
Анан дагы эң кейиштүүсү: кичинекей Кыргызстанда жемкорлор толтура. Байкагандырсыздар, бул апаат менен Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жалгыз эле күрөшүп келе жатат. Кыргызстандагы жарандык коом деген каякта? Ар кимди аңдып эле жатышат…
-Жаңыбай мырза, биз билгенден Сиз көп жылдар бою жалаң жетекчилик кызматтарды гана аркаладыңыз. Дегеле Кыргызстандын болочогун эмнеден көрөсүз?
-Айланайындар! Улуу улут, түптүү журтпуз! Идеологияны тээ алыстан издеп каякка барабыз? Баары мобул «Манас» эпосунда даана айтылган. Ошол осуяттарды эле ыраттуу жана жана толук түрдө аткарсак, руханий дагы, экономикалык дагы, иши кылып бүгүнкү туташ кризистен тез эле кутулабыз. Буга анчалык чоң акылдын деле кереги жок! Анан олчойгон деле каражат талап кылынбайт!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
04.05.2023 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛЬ МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛЫП ТУРАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.