Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
988 Бардыгы / 11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди. ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка […]
989 Бардыгы / 11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди. ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка […]
КЫРГЫЗСТАН БЕЛАРУС ЭЛЧИСИНЕН ДАНИЯР ҮСӨНОВ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ ТАЛАП КЫЛДЫ
12.08.2020 / Автор anarkan_kg990 Бардыгы /
11-августта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун президенттик шайлоодо утуп чыкканы расмий айтылып жаткан Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнү тууралуу түшүндүрмө талап кылды.
Мындай мамиле эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилесине доо кетирери эскертилди.
ТИМ Беларус элчисине нота тапшырып, Данияр Үсөновду жана башка эл аралык издөөгө алынып, Беларуста жүргөн башка кыргызстандыктарды кармоого чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Беларустун президенти Александр Лукашенко 10-августта Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барды. Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялады. Ал жаңылыкта Лукашенко Урицкий жетектеген «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» (БНБК) ишин жогору баалаганы белгиленген.
Эки жыл мурда Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан. Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган. Быйыл июнь айында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге «Заславль–2» резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларустун журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.
Данияр Үсөнов – Урицкий тууралуу ТИМ мындан үч жыл мурун да Беларус элчисине нота тапшырган. Ал эми Башкы прокуратура 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.
Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg 6-ОКТЯБРДА БОЛГОН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАЛПЫ 13 ИМАРАТ ЖАБЫРКАДЫ
-
28.10.2025 / Автор anarkan_kg САДЫР ЖАПАРОВ “КАРА-КӨЛ” ГЭСИнин АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.