Аймак

Жамшитбек КАРАБАЕВ: «КЫРГЫЗ АТА МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУ КОРКУНУЧТА!»

Жамшитбек КАРАБАЕВ: «КЫРГЫЗ АТА МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ КОРУГУ КОРКУНУЧТА!»

 3,291 Бардыгы /

Ош обулусунун Ноокат районунда жайланышкан Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунун (мындан ары Кыргыз Ата МУЖКсынын) Өсүмдүктөр Дүйнөсү  алигүнчө толук бойдон изилденип бүтө элек. Буга улай жергиликтүү калк тээ Кавказдагыдай хутор түрүндө отурукташып, кооз токойлорду дагыле чекесинен кыйып түгөткөлү калышты. Бопбош аянттар бара-бара чабынды жана айдоо аймагына гана айланып баратат. Ушул жана башка өтө олуттуу көйгөйлөр туурасында белгилүү илимпоз, таанымал табият таануучу Жамшитбек КАРАБАЕВ кабарчыбызга курган кеңири маегинде коңгуроо кагып, ыраса тызылдады.

– Жамшитбек агай, деги Кыргыз Ата МУЖКсы өлкөбүздөгү башка жараталыш коруктарынан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Кыргыз Республикасындагы эң ири башка Жаратылыш Коруктарына караганда  Кыргыз Ата МУЖКсынын рельефи абдан эле катуу айырмаланат. Бул аймакта арасын суулар гана ажыраткан тоо кыркалары жана тилкелери өтө эле арбын. Карасаңыз, ондогон аскалардын арасында купкууш өзөндөр арбын жана жашы жайланышкан. Негизги бөлүктү тээ байыркы полезой доорунун калдыктары түзөт. Алар топурактуу, чополуу, кремнийлүү экендиги куралданбаган көзгө деле дапданаа көрүнүп турбайбы.

Айтмакчы, Кыргыз Ата МУЖКсынын рельефи тектоникалык, денудациялык жаряандардан жана мөңгүлөрдөн гана куралган. Буердеги Кара-Кой жана Курган өзөндөрүнүн башатында узундугу эки-үч метр түбөлүктүү мөңгүлөр мелтиреп жатпайбы. Ал эми булардын жээктеринде теээ илгерки Муз доорунун белгилери дагыле бар. Деңиз деңгээлинен 2200-3500 метр бийиктикте кыдырыта Түркстан арчалары өзүнчө эле кулпуруп өсүп турат.

– Аталган Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунун Өсүмдүктөр Дүйнөсү деги изилденгенби?

– Жок! Кыргыз Ата МУЖКнын Өсүмдүктөр дүйнөсү  дагыле толук бойдон изилденип бүтө элек. Азырынча окумуштуулар тарабынан бул аймактагы бадал-дарактардын 20 түрү, ал эми Өсүмдүктөрдүн 206 түрү гана аныкталып бүттү. А булардын арасынан өтө сейрек кездешкен 26сы Кызыл Китепке киргизилди. Ушул тапта ар тараптуу изилдөөлөр дагыле ырааттуу түрдө улантылып келатат. Анткени, Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунун курамында Кара-Кой тажрыйба аянты дагы бар. Бул жерге бак-дарактардын 83 түрү эгилди. Булардын 59 түрү биздин шартыбызга бат эле ыңгайлашып, кадимкидей эле өсүп жатат.

Колубуздагы соңку маалыматтарга таянсак, Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунда бүгүнкү күндө арчанын – 5, кайыңдын – 3, тал-теректин – 3, четиндин – 2, чычырканактын – 2, долононун – 2, бөрү карагаттын – 1, ит мурундун – 2, шилбинин – 4, табылгынын – 2, этрагондун – 1, ыргайдын – 3, чиенин – 2, кузинянын – 3, флемистин – 1, эремурустун – 1, шыбактын 2 түрү дагыле кадимкидей өсөт. Соңку мезгилде Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунда малдын бара-бара арбын жайылышынын кесепетинен эстрагон, флемис, эремурус, миң тамыр, шыбак өңдөнгөн өсүмдүктөр ушул тапта таптакыр жок болуу коркунучуна кептелип олтурат.

– Демек, мунун акыры жүрүп олтуруп Жаратылыш катаклизминин (кырсыктарынын) көбөйүшүн шарттабайбы?

– Албетте! Тоолуу аймактардагы эрозиялык жараяндарды четтетүүдө бак-дарактардын, ошондой эле башка дагы өсүмдүктөрдүн таасир абдан эле күч! Мен жогоруда бир-бирден санактаган бак-дарактар, ошондой эле өсүмдүктөр тик жана жантайма аянттарда гана өсүп, Жер кыртышын өтө бекем кармап турат. Анан аны селден, суу ташкындарынан, жер көчкүлөрдөн, ошондой эле башка дагы өтө опурталдуу жаратылыш катаклизмдеринен абдан мыкты коргоп турат.

– Жамшитбек агай, ушинтип үстөккө-босток коңгуроо гана кагып, кол куушуруп эле олтура бересиздерби? Деги практика жүзүндөгү аракетке өтпөй белеңиздер?

– Кыргызстандагы Жогорку жана Жергиликтүү Бийликтердин түздөн-түз колдоосу аркасында табият көркүн кудум азыркы калыбында сактап калуу максатында Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунун алкагында абдан алгылыктуу иш-чараларды активдештирип, байма-бай эле уюштуруп келатабыз. Буга улай акырындап кырылып жок болуп бараткан өсүмдүктөрдүн түрлөрүн ыкчам коргоп, аларды тегиз сактап калуу багытына абдан бекем ыктадык. Антропогендик факторлордун арча токоюна, ошондой эле өсүмдүктөргө түздөн-түз кесепетин дароо аныктап, мунун алкагында Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругунунун туруктуу иштеши үчүн Мыйзамдык Акт ченемдерди дагы кабыл алдыртууга дагы батыл кириштик.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Кыргыз Ата Мамлекеттик Улуттук Жаратылыш Коругу деңиз дэңгээлинен 2200-3500 метр бийиктикте Памир-Алай тоо системаларынын жантаймаларында кыдырата жайланышкан. Ноокат районунун борборунан 35, ал эми Ош облусунун борборунан 70 чакырым алыстыктан орун алган. Жалпы аянты 11 172 гектар. Айтылуу Кара-Кой капчыгайын ээлеп, чар тарабынан Ноокат токой чарбасына караштуу аянттар менен тыгыз чектешип турат.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17