Аймак

МИЛИЦИЯ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ АР КАНДАЙ КҮТҮЛБӨГӨН КЫРСЫК ОКУЯЛАРДАН ООЛАК БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

МИЛИЦИЯ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ АР КАНДАЙ КҮТҮЛБӨГӨН КЫРСЫК ОКУЯЛАРДАН ООЛАК БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

 1,074 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Шаардык милициясынын көчмө кабылдамасы менен өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасында милициянын участкалык уполномоченныйлары, балдар менен иштөө инспекциясы, ӨКМ өкүлдөрү жана социалдык адистер менен биргеликте Тайгараев айыл аймагынын айылдарында жашаган жергиликтүү тургундарынын арасында аба ырайынын ысышы жана жай мезгилинин жакындашы менен сууга чөгүүлөрдүн алдын алууга, өспүрүмдөрдү жол эрежелердин сактоого жана ар кандай күтүлбөгөн кырсык окуялардан оолак болууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле айыл ичиндеги кооптуу болгон көлмөлөргө, шар аккан сууларда кооптуу жайларда сууга түшпөөгө чакыруу максатында эскертүү кагаздары илинди. Жаш өспүрүмдөр арасында балдарды патриот болуп мекенчилдикке, ата-мекенди, эл-жерди сүйүүгө үндөө максатында мектеп окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Мындан сырткары мектептердеги быйылкы бүтүрүүчү 9-11-класстын окуучуларына жана ата-энелерине жыйналыштар өткөрүлүп, анда бүтүрүүчү кечелерин, тоо койнунда эс алууга, ата-энесинин автоунааларын айдоого, ар кандай химиялык зат аралашкан зыян нерселерди чекпөөгө чакырып, бул күндөрү милиция тарабынан катуу көзөмөл болору, эгер аныкталса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Бул иш-чараларды утурлай аталган кызматтар менен биргеликте шаардын Сузак району менен чектеш аймактарында эки айылдын өспүрүмдөрү арасында топтошуп мушташуулардын алды алуу максатында “Түнкү өспүрүм” аталыштагы рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө саат 22:00дөн кийин максатсыз жүргөн 7 өспүрүм аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17