Аймак

ДЫЙКАНДАРДЫ ЗЫЯНГА УЧУРАТКАН ЧЕГИРТКЕ

ДЫЙКАНДАРДЫ ЗЫЯНГА УЧУРАТКАН ЧЕГИРТКЕ

 1,551 Бардыгы /

Жакында Жалал-Абад облусунда эгин талааларын каптаган чегиртке дыйкандарды убайымга салды. Беде, эспарцет себилген аянттарды такырайта жеп, зыянкечтер каптаган аянт кеңейгени, ага чара көрүлүп жатканы айтылды. Адистер экономикалык зыянга учураткан чегирткелерден арылуунун бир канча ыкмаларын сунушташат.

Май айынын башында Аксы районундагы Кашка-Суу,  Жерге-Тал айыл өкмөттөрүн, Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө, Күлүк-Дөбө айыл өкмөттөрүндө талааларды чегиртке каптады. Күлүк-Дөбө айылынын тургундары зыянкечтерди 4-майда байкап калышкан. Айыл башчынын айтымында эгиндерге коркунуч жаралууда.

Чөп жайыттарды беде, эспарцетти саранчы жей баштаган. Жеген жеринин баарын такырайтып, жердин үстүн шыпырып салган. 10-майга чейин күжүрмөн тартипте иштедик. Бул убакытта талаага дары сээп, чегирткелерди өлтүрдүк. Дарылардын таасири жакшы. Бирок зыянкечтердин эгин талаага өтүп кетүүсү толук мүмкүн. Ошондуктан элге эгин талааларды карап турууну эскертип жатабыз”, – деди Күлүк-Дөбө айылынын башчысы Мирлан Убраим уулу.

Аксы районундагы чегиртке каптаган аянт

Деген менен 13 адамга таандык жер аянттарынын айрым бөлүктөрүн чегиртке жабыркаткан. Жергиликтүү бийлик тарабынан 5-майда атайын техникалар келип, дары себилип баштаган. Зыянкечтердин көбөйүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында азыркыга чейин айылдыктар көзөмөлдөп жатышыптыр.

Дыйкан, фермерлер үчүн зыяны тийди. Аксы тоолуу район болгондуктан элдин негизги чарбасы – мал чарбачылыгы. Көздөгөнүбүз – чөп. Беде, эспарцет- малга берчү азык. Тургундар зыянга учурап, карайлап турат. Бир гектар жериндеги чөбүн толугу менен чегиртке жеп койгон кишилер бар. Чегиртке каптагандан кийин өкмөт тараптан дарылоо иштери бекер жүргүзүлүп жатат. А бизге бул чегирткелер өөн учурайт. Биринчи учур болгондуктан мындай чегирткелерди көргөн эмеспиз”, – дейт сөзүн кошумчалап Күлүк-Дөбө айылынын башчысы Мирлан Убраим уулу.

Адистер Сузак, Ноокен, Аксы райондорун изилдеп, дарылоо иштерин жүргүзүшкөн. Борбордон атайын жабдылган төрт техника тартылган. Райондордогу 16 миң гектардан ашуун аянтты изилдеп, анын ичинен 11 миң гектардан ашуун жерди чегиртке каптаганы аныкталган. Бүгүнкү күндө 10 миң гектардан ашуун жерге дары себилип, зыянкечтерден тазаланган.

Биз иш баштаардан мурда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, адистер менен биргеликте чегиртке каптаган аймактардын тургундарына, чабандарына, бал челек, балык кармагандарга эскертүү бергенбиз. Биз дары чачкан жерлерге 30 күнгө чейин мал жайбай турууну эскертип чыкканбыз. Дарынын таасири өсүмдүккө анча деле тийбейт. Биз жаңы технология менен дары чачып жатабыз, ал эки саатта таасир берет. Ал эми кадимки технологиялар 12 саатта жок кылат”, – деди Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо, карантин башкармалыгынын башчысы Кайратбек Садыков.

Дары чачуу менен чегирткелерден толук арылууга мүмкүн экенин адистер айтышат. Кайра чегиртке басып кетпөөсү үчүн тазаланган аянттарды көзөмөлдөп турушмакчы.

“Негизи биздин, Орто Азиянын шартында чегирткелер бир эле муун болушат. Бир жылда беш жашка чыгышат. Биз бир жаштан өтүп, эки жашында химиялык дарылоо менен тазалап салабыз. Себеби андан кийин үч жашында алар кыймылга келип, секирип калышат. Ал эми беш жашында чегирткелердин ургаачылары жупташуу мезгилинде бири-бирин чакырышат”, – деди К.Садыков.

Зыянкечтерди химиялык жол менен жок кылуу табияттын балансына таасир этет. Мындан улам агроном Тойчубай Маматов биологиялык жол менен дарылоого өтүүгө үндөйт.

Учурда зыякечтерди анын ичинде чегирткелерди жок кылуу үчүн химиялык  уулуу заттарды чачып жатышат. Ал зыянкечтер менен кошо пайдалуу курт-кумурскаларды өлтүрүп коёт. Чегирткелердин көбөйүү жөндөмдүүлүгү өтө күчтүү. Мындан улам зыянкечтер көбөйүп, пайдалуулар азая берет. Бул дегени табияттын балансы бузулуп жатканынан кабар берет. Учурда интенсивдүү ыкмалардан агротехникалык-биологиялык ыкмаларга өтүү керек. Агротехникалык ыкма – убагында айдоо, убагында сугарып караса эгиндер зыянкечтерге туруктуу болот”, – деди агроном Тойчубай Маматов.

Ал эми дыйкан Элдияр Абдиталипов чегирткени жок кылуу үчүн үндүк багууну сунуштайт. Бул көйгөйдүн чечими гана болбостон кошумча киреше булагы дагы болорун белгилейт.

Биз кичинебизден эле 30-40 чакты үндүк бакчубуз. Ал болжолдуу 2-3 километрдеги чегирткелерди терип жеп салчу. Үндүк саранчыны кубалап жейт, жакшы семирет. Жергиликтүүлөр үндүк багып алса, эки пайда көрүшөт. Биринчиси саранчыдан арылса, экинчиси канаттууну сатып кошумча кирешеге ээ болушат. Менин оюмча, үндүктөр үчүн көчмө тооккана жасап, чегиртке бар жактарга алып барып коё берсе, тез эле тазалап салат”, – деди Э.Абдиталипов.

Евразиядагы чегирткелердин түрлөрү менен күрөшүү тууралуу кыскача баяндама

Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбасын жакшыртуу программасынын алкагында 2011-жылдан тарта иштелип, Борбордук Азияда жана Кавказда чегирткелерди жок кылууга багытталган монография жакында эле жарык көрдү. Анда жаңы технологиялардын жардамында чегирткелердин көбөйүшүн, таралышын мониторинг кылуу менен зыяндуулукту азайтуу чаралары да жазылган.

Чегирткелердин саны массалык түрдө көбөйүп жаткан мезгилде алар жашаган аймактар ​​абдан чоң болот. Ошондуктан салттуу ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу менен ыкчам жана сапаттуу изилдөө жүргүзүү өтө кыйын. Бул көйгөй өзгөчө жаз айларында, зыянкечтер көбөйүп жаткан мезгилде курчуйт. Анда тазалана турган жерлерди аныктоо, көзөмөл жүргүзүүгө убакыт жетпей калат.

Мындай учурда алыстан (дистанттык) байкоо жүргүзүү, тактап айтканда, кеңири аймактарды камтууга мүмкүндүк берүүчү спутниктик сүрөттөр абдан пайдалуу жана эффективдүү болот. Себеби сүрөттөрдө чегирткелердин жерди жана бак-дарактарды же бадалдарды каптаган үйүрүн, кыймылын да көрүүгө болот. Ургаачылары нымдуулук жетиштүү топуракта, личинкаларга азык болуусу үчүн жашыл өсүмдүктөр бар аянттарга, тагыраагы айдоо аянттарына жумуртка тууйт”- деп белгиленген монографияда.

Айыл чарбасына зор чыгым келтирген чегирткелердин популяциясын, жайылышын мониторинг кылуу, изилдөө жана өз убагында чара көрүү менен экономикалык жана экологиялык зыянды азайтууга болору айтылган.

Жалал-Абад облусу боюнча 165 миң гектар айдоо жери бар, бүгүнкү күндө анын 115 миң гектарында айдап-себүү иштери жүргүзүлгөн. Облуста 2018-жылы чегиртке каптаган аянт 22 миң гектарга жеткен. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылы зыянкечтер Баткен облусунда дагы катталган.

Акылай КАРАБАЕВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17