Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭАУ: КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ТЕМАСЫНДА
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
793 Бардыгы / Оппозициялык “Бириккен демократиялык кыймыл” иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Темиров LIVE YouTube каналынын кызматкерлерине укук коргоо органдары кысымын күчөтүп жатканы тууралуу билдирүү таратты. Оппозициялык кыймыл Болот Темиров негизинен Улуттук коопсуздук комитетинин кысымына кабылганын билдирген. Ютубдагы Temirov Live каналы январь айында милициянын иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу видеосун жарыялады. Анда […]
794 Бардыгы / Оппозициялык “Бириккен демократиялык кыймыл” иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Темиров LIVE YouTube каналынын кызматкерлерине укук коргоо органдары кысымын күчөтүп жатканы тууралуу билдирүү таратты. Оппозициялык кыймыл Болот Темиров негизинен Улуттук коопсуздук комитетинин кысымына кабылганын билдирген. Ютубдагы Temirov Live каналы январь айында милициянын иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу видеосун жарыялады. Анда […]
ОППОЗИЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛ БОЛОТ ТЕМИРОВГО КҮЧ ОРГАНДАРЫ КЫСЫМ КӨРСӨТҮП ЖАТКАНЫН БИЛДИРДИ
03.06.2022 / Автор anarkan_kg

795 Бардыгы /
Оппозициялык “Бириккен демократиялык кыймыл” иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Темиров LIVE YouTube каналынын кызматкерлерине укук коргоо органдары кысымын күчөтүп жатканы тууралуу билдирүү таратты.
Оппозициялык кыймыл Болот Темиров негизинен Улуттук коопсуздук комитетинин кысымына кабылганын билдирген.
Ютубдагы Temirov Live каналы январь айында милициянын иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу видеосун жарыялады. Анда Темиров анын чөнтөгүнөн табылган баңгизатты “күч кызматкерлери өздөрү салып койгонун” айтып, милициянын өздүгү такталганын билдирди. Temirov Live каналы ал – милициянын атайын бөлүктөгү кызматкери Данияр Байгазиев болгон деп эсептешет.
Ички иштер министрлиги Temirov Live каналынын видеосу боюнча жооп бере элек.
Буга чейин Ютубдагы Temirov Live каналы Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда атайын операциянын калпыстыктары, журналисттин чөнтөгүнө маңзат салынды делген учур көрсөтүлгөн жана Темировду кармоо операциясын милициянын тергөөчүлөрү эмес, беткап кийген бейтааныш эки адам башкарганы айтылган.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштери тууралуу соттук угуу болуп, кийинки жараян 25-майга белгиленген. Анын алдында милициянын чечими менен журналисттин кыргыз паспорту жараксыз деп табылган.
Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.
20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет. Күч органдары болсо мындай дооматтарды четке кагышкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
06.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАНАЛДАРЫН ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛДЫ
-
-
12.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ДАРЫГЕРЛЕРДИ САБАГАН ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
16.02.2024 / Автор anarkan_kg СОТ АДИЛЕТТИГИНЕ ЖАТПАГАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАН СУДЬЯГА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
22.02.2024 / Автор anarkan_kg Бактыбек АТТОКУРОВ: “АЛАЙКУУГА ЖАЗ ДАЙЫМА КЕЧИГЕТ!”
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.