Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ АЛАМАН БАЙГЕ АТ ЧАБЫШЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫКТЫ ӨЗҮ ТАПШЫРДЫ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ АЛАМАН БАЙГЕ АТ ЧАБЫШЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ СЫЙЛЫКТЫ ӨЗҮ ТАПШЫРДЫ

 651 Бардыгы /

  ОШ. Кечээ. 31-августта президент Садыр Жапаров Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө өзү сыйлады.

          Мамлекет башчы алыскы аралыкка ат чабуунун катышуучуларын жана бардык келгендерди Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, бул күнү ат оюндары боюнча Президенттин кубогун өткөрүү жалпы кыргыз эли үчүн жакшы салтка айлангандыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы Ош облусунун ипподрому бүгүнкү күндө миңдеген адамдарга толуп турганын белгилеп, муну менен улуттук ат оюндарынын ар бир жигиттин жашоосундагы ордун ырастады. Көчмөн кыргыз эли эзелтеден жылкыны баалап келген, алар бүгүнкү күнгө чейин элибиздин турмушунун ажырагыс бөлүгү катары эсептелинет. Кошумчалай кетсек, кыргыздар байыртадан бери эле улуттук спорттун түрлөрүн күнүмдүк турмушуна жигердүү аралаштырып келет, анын максаты келечек муундарды чыдамкайлыкка, эрдикке, баатырдыкка, күрөшкө жана ар-намыска тарбиялоо болгон.

       Президент  Садыр Жапаров баса белгилегендей, ата-баба салтын улай бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда эң күчтүү жана татыктуу күлүктөр 32 чакырым аралыкты басып өтүп, маарага жетишти. Сөзүнүн соёунда мамлекет башчысы ата-бабалардын ыйык салтын улантып келе жаткандарга ыраазычылык билдирип, улуттук оюндарыбыз өнүгүп, дүйнөгө таанымал болушун гана тиледи.

       Ошондой эле Президент Садыр Жапаров «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын ортосундагы көк бөрү боюнча Кыргызстандын Президентинин Кубогунун финалдык беттешине өзү кошо күбө болду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17