Аймак

“ДИНАМО ЖАЛАЛ-АБАД” ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

“ДИНАМО ЖАЛАЛ-АБАД” ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

 1,383 Бардыгы /

5-8-августта Ысык-Көлдө Кызыл жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш болуп  өттү. Турнир жыл сайын уюштурулуп келет. Бул жылы отуз төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Аталган эл аралык мелдеште “Динамо Жалал-Абад” Ысык-Көлдөгү эл аралык мелдеште ийгилик жаратты. 

56364110909_w750_h_r.jpg

Мелдешке Оруссия, Казакстан, Өзбекстан жана Франция өлкөлөрүнөн мыкты спортчулар катышты. Турнирде жеңишке жетишкен балбандар Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына ээ болушту. 

Эл аралык турнир самбону Кыргызстанда жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жаштарга патриоттук тарбия берүү жана сергек жашоону жайылтуу максатында өткөрүлүдү.

Мелдеш төмөнкү салмак категориялары боюнча болду:

Спорттук самбо (эркектер): 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, 98+ кг.

Спорттук самбо (кыз-келиндер): 50 кг, 54 кг, 59 кг, 65 кг, 72 кг, 80 кг, 80 + кг.

Күжүрмөн самбо (эркектер): 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, 98 + кг.

Белгилей кетсек, турнир күжүрмөн самбо жана спорттук самбо түрү боюнча болуп өттү. Кыргызстанда самбо жүздөгөн спорт чеберлерии, он эл аралык класстагы спорт чебери жана элүү талапкер бар.

photo_7-1.jpg

“Динамо Жалал-Абад” спорт клубунун башкы тренери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Замирбек Раев, Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш мыкты деңгээлде өткөнүн жана машыктырган спортчуларынын алдыңкы орундарды камсыздаганын белгиледи.

Ал өз сөзүндө: Учурда Кыргызстанда самбо спорту тездик менен өнүгүп келе жатат. Дээрлик он жыл мурда, мисалы Жалал-Абадды ала турган болсок самбо спорту менен машыккан жаштар таптакыр жокко эсе болчу. Бирок азыркы убакта Жалал-Абадда Динамо спорт клубу үзүрлүү иштеп келе жатат. Динамо кулубу самбо жана күжүрмөн самбо боюнча балдарды машыктырган Жалал-Абаддагы жалгыз спорт зал болуп эсептелет. Кудайга шүгүр көптөгөн жылдардан берки мээнетибиздин үзүрү кайтып, спортчуларыбыз республикалык жана дүйнөлүк мелдештерден татыктуу орундарды камсыздап келе жатышат. Буюрса Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиретүүгө болгон аракетибизди жумшай беребиз” деди.  

809ab6fc-ba96-496b-bc57-b9296ba7a582.jpg

“Динамо Жалал-Абад” клубунун эмгек сиңирген машыктыруучусу, милициянын полковниги Равшан Кожобеков, спорттун жаштарды тарбиялоодогу орду өзгөчө экенин белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Динамо спорт клубунун башкы максаты – милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын бекемдөө, жаштарды кылымыштуулуктан арылтуу, аларды мекенчилдикке тарбиялоо, милиция менен элдин ортосундагы байланышты, өз ара ишенимди бекемдөө жана калк арасында спорттуу жайылтуу аркылуу келечекке татыктуу мекен сакчыларын даярдоо болуп саналат. Ошол себептен биздин спорт клубда катардагы жарандарыбыз менен милииция кызматкелерибиз, жаштар, ошондой эле көптөгөн улуттун өкүлдөрү машыгышыт. Мыкты спортчуларды даярдоо менен желегибизди дүйнөдө желбиретип, дени сак улутту тарбиялоо биздин негизги милдетибиз».

0cc3b6b4-9e7e-4b5f-94b5-f48d55adee7a.jpg

Равшан Кожобеков, “Динамо Жалал-Абад” клубунун эмгек сиңирген машыктыруучусу, милициянын полковниги.

4964eaa2-14fa-4b30-93fd-0ece25710730.jpg

Нурбек Самудинов, “Динамо Жалал-Абад” клубунун эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеште “Динамо Жалал-Абад” клубунан төмөнкү спортчулар алдыңкы орундарды камсыздашты:

  • Бекболсун Керимбеков – I орун (98 кг)
  • Бектур Идирисов – II орун (88 кг)
  • Бедиярбек Кадырбек уулу – III орун (98+ кг)
  • Азат Аттокуров – III орун (71 кг)
  • Медер Сапарбек уулу – III орун (64 кг)
  • Элчоро уулу Оомат – III орун (98 кг)
  • Эрмек Базарбай уулу – III орун (88 кг)
  • Бекболсун Туратбеков – III орун (98+ кг)
674cde6b-6fda-4dcd-a6fc-bc66cc0aff8f.jpg

Эскерте кетсек, “Динамо Жалал-Абадда” учурда 300дөн ашуун спортчулар машыгып келет. Аталган спорт клубу 2013-жылы милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков тарабынан негизделген. Спорт клуб түптөлгөндөн бери 8 жыл аралыгында Кыргызстандын, Азиянын жана Дүйнөнүн бир катар чемпиондору өсүп чыкты. Алар дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп келишүүдө.

Маалымдама: Виталий Гордеев жаштар арасындагы СССР чемпионатынын күмүш медалынын ээси болгон жана эл аралык турнирлерде беш жолу жеңүүчү болгон. Ал СССР курама командасынын мүчөсү болгон. Саланг шаары үчүн болгон салгылаштарда баатырларча курман болгон жана өлгөндөн кийин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

izobrazhenie_2021_07_16_122228_500.png

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17