Аймак

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,875 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри  Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери,   спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Анда ийгилик жараткан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2021-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын спортчулары дүйнөлүк жана азиялык чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болушуп, спорттун түрлөрү  боюнча жалпысынан 146 байгелүү орунга ээ болушкан.  Анын ичинен 43 алтын 48 күмүш, 55 коло медаль.

Ал эми жыл башынан бери 2 спортчубуз Иордания мамлекетинин Амман шаарында бокс боюнча өткөн Азия чемпионатында коло медалды жеңип алган болсо, жөө күлүк Гүлшанай Сатарова Өзбекстанда өткөн 4-эл аралык марафондо 1-орунду камсыз кылды. Ал эми алдыда болсо, жаш шахматчы Нурайым Жакыпова Шриланкада өтүүчү Азия чемпионатында өлкөбүздүн намысын коргойт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрель-Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17