Аймак

Сынак Көк-Таш айыл өкмөтү

 2,142 Бардыгы /

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтү бош ваканттык-административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

   Жер маселелер боюнча башкы адис (1 штаттык бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим- геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, юриспруденция, финансылык-экономикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык, айыл чарба багыттары боюнча.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө;

-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

– Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы  № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын  этикасынын кодекси”.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

-Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарба багытындагы жер жөнүндө” 2001-жылдын 13-августундагы № 427 токтому;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Талап кылынуучу документтер:

-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-кадрларды каттоо баракчасы;

-таржымал (резюме);

-3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

-билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген  жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

-өмүр баяны (талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалыматты өмүр баянга кошуп жазуу);

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек).

Документтер массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн 10 жумушчу күнгө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Көк-Таш айылы, Кара-Суу көчөсү №1 үй, айыл өкмөтүнүн имараты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17