Аймак

КӨЗ ООРУЛАРЫ ЭМНЕГЕ КӨБӨЙҮҮДӨ?

КӨЗ ООРУЛАРЫ ЭМНЕГЕ КӨБӨЙҮҮДӨ?

 3,766 Бардыгы /

Көчөгө чыгып, айланаңдагы адамдарга көз жүгүртсөң жаш өзгөчөлүгүнө карабай көз айнек таккандардын саны коюуланганын байкайсың. Мурун көз айнекчен адамды көрсөк “бул мугалим” –  деген түшүнүк аң-сезимге орногон эле. Азыр эми андайларды учуратып, мугалим экен деп ойлоонун өзү күлкүлүү. Демек көз оорулуулар коомдо вирустай таралып жатабы? Анын негизги себебин эмнеден көрүүгө болот?  Техниканын таасириби? Бул суроолордун алкагында Жалал-Абад областтык биргелешкен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн дарыгери, окулист Айжан ИКРАМОВА менен маек курдук.

 

-Көздүн начарлашын кантип алдын алууга болот?

-Акыркы мезгилде чынында көз оорулар көбөйүп баратат. 2030-жылдарга барып көз оорулар биринчи орунга чыгат деген божомолдор бар. Көздүн көрүүсүнүн начарлашынын алдын алуу үчүн дарыгерге 6 айда бир кайрылып туруу керек. Биз да 6 ай сайын “көрүү күнүнүн” алкагында акысыз текшерүүдөн өткөрүп турабыз. Негизи 45 жаштан кийин көздүн кан басымын сөзсүз түрдө текшертип туруш керек.

-Эмне себептен көз оорулары пайда болот?

-Учурда бардык аймактарда көз оорулуулар кездешет. Акыркы учурда телефонду, компьютерди көп карагандар, жаш балдар алыстан көрбөөчүлүк деген ооруга кабылууда. Бул деген азыркы техниканын таасири, мурда жаш балдар көбүнчө көчөдө ойноп жүрчү. Азыр баары телефон менен болуп калышты. Ошондон улам көз ооруларынын саны өсүүдө. Мындан сырткары ген аркылуу да балага өткөн учурлар көп.  Буларды алыстан көрбөөчүлүк же миопия деп койсо болот. Мында 6 ай сайын дарыгерге көрүнүп, дарыланып турат. Лазердик операция жасаганга дагы толук кепилдик жок. Анткени операциядан 5-6 ай же 5-6 жылдан кийин деле кайра көз айнек тагып калгандар болууда.  

Астигматизм – бул миопиянын бир түрү, ага караганда азыраак кездешет. Толук айыгып кетпейт, бирок дарыланып туруу зарыл.  Көзүнүн абалы жакшы адамдар 40 жаштан кийин жакынды көрбөй, көз айнек тагат. Астигматизм менен жабыркагандар 40 жаштан кийин жакындан көрүү үчүн көз айнекти пайдаланбайт.

 -Көздүн көрүүсүн сактоо үчүн сунуштарыңыз?

– Баланын көзүн офтальмолог-дарыгерден текшертүүнү эки-үч жашынан баштоо керек. Энеси тараптан баланын көрүүсүн текшерүү (улам бир көзүн жабуу менен). Ал үчүн баланын бир көзүн картон кагаздан кесилген тегерекче менен жабат, ошону менен бирге китептеги тамгаларды же сүрөттөгү фигураларды атап берүүсүн айтат. Кандайдыр бир айырмалар же кылык көздүүлүк билинсе, дарыгерге кайрылуу зарыл. Күн нурунун зыяндуу таасиринен көздөрдү сактоо үчүн күндөн коргоочу көз айнектерди тагынуу шарт.

-Глаукома, катаракта деген терминдерди кездештирип калдык. Булар кандай түшүнүктөр?

Глаукома – көздүн ичиндеги кан басым жогорулашынын натыйжасында көрүүнүн жабыркашы. Адамдарда 40-45 жаштан кийин кездеше баштайт. Статистика боюнча аял кишилерде көп болот. Ал адатта көздүн курчтугу жоголгонго чейин билинбейт. Аны канчалык эрте аныктаса, ошончолук жакшы. Мунун келип чыгуу факторлору: тукум  куучулук, 40 жаштан жогорку курак, жогорку миопия, гипертониялык оорулар.Ачык бурчтуу жана жабык бурчтуу болуп  негизги 2 түргө ажыратышат.

Ал эми катаракта – бул көздүн чарасынын ичиндеги карек менен айнек сымал илешчээк тунук заттын ортосунда жайгашкан чечекейинин жарым жартылай же толугу менен тунаруусу. Анын негизги белгиси болуп көздүн тумандашы эсептелет, адамга тунарып же тердеген айнектен карагандай көрүнөт.  Кутулуунун бир гана жолу – хирургиялык дарылоо, бул учурда тунарган чечекей, тунук жасалма чечекейге алмаштырылат.

-Көздү текшерүүчү жабдыктар тууралуу айтсаңыз?

– Ушул убакка чейин эски жабдыктар менен иштеп келгенбиз. Кызыл-Ай коому тарабынан  көздү текшерүүчү жабдыктар берилди. Азыркы 3 текшерүүчү жабдыктар кан басымды толук текшерип, көздүн көрүүсүн аныктайт.  Бизге кыйла жеңилдиктер болду. Оорулууну текшерип, биринчи жардамды көрсөтүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Операциялар дагы ийгиликтүү жасалып жатат.

Көз ооруларынын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген коомдордун  бири Кызыл-Ай коому. Буга чейин көз оорулардын алдын алууда бир канча аракеттерди жасап келгени маалым. Улуттук Кызыл-Ай коомдун кызматкери Саидаббас РАИМЖАНОВдон бул тууралуу сурап өттүк.

-Улуттук Кызыл-Ай коому 2016-жылдан бери көз оорулардын алдын алуу программасы менен иштей баштаган. Бул аталган коомдун аткаруусунда, швейцариялык Кызыл крест коомунун каржылоосу менен Баткен облусунда башталган. Баткен облусундагы биринчи фаза 2018-жылдын сентябрь айында ийгиликтүү бүткөн. Ошол убакыттан бери Ош жана Жалал-Абад облусунда иштеп келе жатат.

Жер-жерлерде, тоолуу райондордо акысыз текшерүүлөрдү уюштуруп келебиз. Биз менен бир офтальмолог-дарыгер кошулуп, мобилдик клиника деген унаа менен кыдырабыз. Анда алгачкы текшерүүлөрдү өткөрүп, абалы оорлоп бараткандарды шаардын ооруканасына жөнөтөбүз.

Программанын негизинде көз оорулардын алдын алууга атайын медициналык жабдуулар сатылып алынды. Март айынан баштап Жалал-Абад шаарындагы облустук ооруканада, Аксы жана Кара-Көл УДБда диагностикалык жабдыктар иштей баштады. Андан сырткары облустук ооруканада июль айынын башынан бери Швециядан акыркы маркадагы микроскоп келген. Ал менен операциялар жасалууда.

Биздин жер-жерлерде өзүбүздүн ыктыярчыларыбыз бар. Алар бош убактарында үйлөрдү кыдырып, атайын маалыматтык сессияларды өтүшөт. Биринчи өздөрү дарыгерге барып текшерүүдөн өтөт. Себеби ошол нерсени сезип көрсө, башкаларга айтуу да оңой болот. Ар биринде колдонмолор бар. Кайсыл жакын жерде окулист бар экендигин жана көз ооруларынын эң активдүү болуп келген катаракта, глаукома тууралуу түшүндүрүшөт. Биринчи жардамды көрсөтүүнү, көздүн гимнастикасын жасоону үйрөтүшөт.

 

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17