Аймак

Накта жарма. Өзгөчө самсы

 14,013 Бардыгы /


Кичи мекеним Токтогулдан келатып Бишкекке кире берээрде жол жээгине токтоп калдым. Саратан жай мезгили болчу. Акактап суусап турганымдан максым ичип алайын дедим. «Максымды го дайым эле ичип жүрсөңүз керек, жарма ичип көрүңүз» деп калды ошол жерден бирөө. «Ичсе ичип көрөйүн» дедим. Ичтим. Чын эле сүзмө катыкталган мыкты жарма экен. Шоро ичсем кайра эле суусап утуру иче берчү элем. Тиги жигиттин жармасын ичкеним соң суусунум да кана түштү. Анан да абдан даамдуу жарма экен. Журналисттик адатыма салып, сүйлөшө кеттим.

– Жарманы өзгөчө технология менен жасайбыз – деди маектешим. Аты-жөнү Сүйүнбай Исмаилов экен. Ушул жерден чакан имаратты ижарага алып иштетип жатыптыр. – Жарманын курамы – буудай, сүзмө, туз эле болот. Бирок буудай барсайып таза бышкан буудай болуш керек, сүзмөнүн да кычкыл тартпаган, каймагы тартылып алынбаган майлуусун колдонуу керек. Өзгөчө технология менен даярдайбыз дегеним – буудайды өзүбүз тарттырабыз. Кытай тегирменине эмес, таш тегирменге салдырабыз. Кытай тегирмени менен илгери ата-бабабыз колдонуп жүргөн таш тегирменге тартылган талкандын айырмасы асман менен жердей болуп, таш тегирмендин талканы абдан даамдуу болуп калат.

– Таш тегирмен деген азыр жок болуп кетпеди беле?

– Жалал-Абадда бир гана жерде сакталып калыптыр. Чүйдөн эч жерден таппадым. Буудайды Жалал-Абаддан алып, ошол тегирменге тарттырып келип жатам. Жарманы муздаткычка сактайбыз. Ачытылбай, кадимки калыбында жасалат. Өзүңүз көргөндөй, суусундукка миңден бир.

– Таш тегирменди суу менен иштетет бекен?

– Мурда суу менен иштетчү экен. Азыр мотор коюп токко туташтырып алыптыр.

– Чүйгө таш тегирмен салганга аракет кылып көрбөйсүңбү?

– Каражат табылып калса,буйруса, аракет кылам.

– «Шорого» атаандаш болот турбайсыңбы -деп тамашаладым.

– «Шоро» фирмасы ачытып максым жасайт да. Мен ачытпай накта жарма жасап жатам. Демек атаандаш болбойм – деди ал да күлүп.

Ошентип ал жигит менен коштошуп Бишкекке келе бердим эле. Кечээ жакында Токтогулдан келе жатып алиги жигитти эстеп кайрылдым. «Адиш-Ата» деп ашкана ачып алыптыр. Элдин баары эле «өзгөчө самсы» деп жазылып турган жерден самсы алып жатканын көрүп мен да самсы алып жедим. Чын эле абдан даамдуу, жумшак, ширелүү, томпойуп толтура эт салынып жакшы жасалыптыр. Аңгыча баягы мен таанышкан Сүйүнбай келип калды.

– Ушинтип самсыкана ачып алдым – деди ал.

– Жармаңды токтотуп койдуңбу?

– Жо-ок. Кыш мезгилинде гана токтотуп койдум. Жармам жаздан тартып күз мезгилине чейин жакшы өттү. Даамын татып билип калгандар заказ беришип, алып кетип жатышты. Буйруса, апрелде жасай баштайм.

– Самсың мыкты болуптур. Бишкектеги өзгөчө самсы деп сенин самсыңды айтса болчудай.

– Самсыга моюн, баш эттерин кошуп жиберип жатышпайбы. Алтургай, ич эттерди да кошуп жиберишет. Биз сан эттерди гана пайдаланабыз. Жаңы союлган семиз уйдун сан эттери жумшак да болот, самсынын даамын да чыгарат. Көпчүлүгү самсыны даамдуу кылабыз дешип, Кытайдан пакет-пакет болуп келген ар кандай татымдарды (специи) колдоно беришет. Андай татымдар эттин даамын өзгөртүп жиберери менен иши жок. Биз самсыбызга бир да татым колдонбойбуз. Уйдун сан этин, пияз, тузду гана пайдаланабыз. Кытайдан келген татымдардын ден соолукка кандай таасир этээрин бир кудай билет.

– Камырын кантип жасайсыңар?

– Камыры эң жогорку сорттогу ундан даярдалып, май кошулуп жасалат. Ошондуктан жегенде пченьедей эле жумшак болуп калат.

– Кесибиң ким?

– Техникалык университеттен коомдук тамак-ашты уюштуруу кесибин алгам.

– Халал ашканасы деп жазып коюптурсуңар го. Эмнеси менен халал?

– Этти базардан көрүнгөндөн ала бербейбиз. Намаз окуган бир танышым бар. Ошол «Жаңы-Жер» айылынан даргиндерден алып келип турат. Алар да намаз окушуп, мусулманчылыкты бекем кармангандар. Малды бата кылып, мууздап союшат. Спирт ичимдиктерин таптакыр сатпайбыз. Алып келип ичкенге, тамеки чеккенге да уруксат бербейбиз.

– Муфтиятта халал комитети түзүлүп, «ашканаларга халал сертификатын берип жатабыз» деп жүрүштү эле. Силер да алдыңарбы?

– Жо-ок, албадык. Азыр тарап кетишти окшойт. Мурда бизге да келишкен. Тамак-аштарынын тизмесин көрсөтүшкөн. Минералдык суунун бир гана түрүн киргизишиптир. Ар ким көнгөнүнө жараша ичкиси келет да. Мисалы, бири Ысык-Атаныкын, бири Жалал-Абаддыкын. Фанта, кола, спрайт жана башка бир топ суусундуктарга уруксат жок экен. Алардын мындай иш-аркеттери өздөрү макулдашып алган кайсы бир фирмалардын гана товарларын жарнамалап, акча жасап жатышкан сыяктуу – деп түкшүмөл оюн айтты биздин каарманыбыз.

Өлкөбүздө учурда эң көйгөйлүү маселе – иш орундарынын жоктугу. Ушундан улам улан-кыздарыбыз чет өлкөлөргө иш издеп кетишип, мигранттык турмуштун азап-тозогун тартып, бөтөндөрдүн эшик-эликтерин сагаалап жүрүшпөйбү! Жаңы иш баштап, ата- бабабыздан калган жарманы, анан Бишкектеги өзгөчө даамдуу самсыны жасап, аздан болсо да ишкердикке умтулуп жаткан Сүйүнбайдай жигиттерибиз көбөйө берсин дейли.

Дайырбек Мейманов.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17