Аймак

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата. Чоң атам Эшматтын үч уулу фронтко кеткен

 4,255 Бардыгы /

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата.  Чоң атам  Эшматтын үч уулу  фронтко кеткенМенин жашым эчак алтымыштан ашып, неберелердин чоң атасы болуп калсам да, өз атам Кубаталини көп эстейм. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баштан өткөргөн кыйынчылыктарын айтып берип, фронттон кайтпай калган жакындарын эстеп, көздөрүнө жаш алып калчу. Биздин муундагылар согуштун оор кайгы экендигин түшүнөбүз. Бирок, өкүнүчтүү жери кийинки балдар убакыт өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун маанисин мурдагы муундай сезбей баратат. Биз жаштарга Улуу Ата Мекендик согуштун кыйынчылыгын, Советтик жоокердин каармандыгын, ооруктагы эмгекчилердин Жеңишке кошкон салымын, Улуу Жеңиштин маани- маңызын түшүндүрүп берүүгө милдеттүүбүз. Жакында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгиленет. Билген, түшүнгөн адамга анын баасы өтө эле кымбатка турган. Тарых барактарына көз чаптырсак, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда миллиондогон адамдар курман болгон. Миңдеген өнөр жай ишканалары, жүздөгөн шаар кыштактарды жер менен жексен кылып кыйраган. Канчалаган энелер балдарынан, балдар аталарынан ажырап, алардын жүрөктөрүндө өчпөс так калган
Архивдик маалыматтарга таянсак, өткөн кылымдын 30-40- жылдарда Ноокат районунун Кошчан деп аталган (азыркы Н.Исанов) айылдык Кеңешинин аймагынан 400 жүздөн ашык кырчындай жигитте фронтко кеткен экен. Алардын жарымына жакынына туулган жердин топурагы буйрубай, сөөгү башка жерде калган.
Бейиши болгур атам Кубатаалинин айтуусунда кээ бир үй-бүлөдөн эч ким фронтко барбаса, айрым үйдөн экиден, үчтөн адам кеткен учурлар да болгон экен. Ал кожекелик Жариевдерди, Чеч-Дөбөлүк Сулаймановдорду, Аликеден Эшматовдорду мисалга алып калчу. Ошондон улам «Согуш учурунда да кол ийрисине тарткан учурлар болгон окшойт…» деп ойлоп каласың.
Менин чоң атам Эшматтын үч уулу тең фронтко кетип, улуусу Мирзали фин согушуна катышып, үйгө кайтаар мезгилде фащисттик Германия согуш ачып, ошону менен кайрадан согушка кирген. Кийин чоң атамдарга «Мирзали Эшматов дайынсыз жоголду» деген кагаз келген.
Экинчи уулу Мурат болсо Москваны коргоого, кийин Смоленскини бошотууга катышкан жоокер болгон. Ал 1943-жылдын күзүндө оор жарадар болуп, 5 ай госпиталда жатып, аскердик врачтардын чечими менен ден-соолугуна байланыштуу үйүнө жөнөтүлгөн. Ошол жарааттын кесепетинен өмүр бою кыйналып жүрүп, көзү өткөн.
Эң кичүүсү Кубатаали 1942-жылы аскерге чакырылып, ал Ленинград шаарын коргоого катышкан Волхов фронтунун курамындагы аткычтар полкунда кызмат өтөйт. Ал «Ленинградды коргоого катышкандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Кийин Киев, Варшава, Праганы бошотууга катышкан. 1944-жылы декабрда күжүрмөн эрдиги үчүн «Каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Ал Германиянын борбору Берлинди алууга да катышкан. Ошол кармаштарда бир нече ирет жарадар болуп, госпиталга түшкөн. Жарааттары айыгып чыккандан кийин кайрадан өз бөлүгүнө жөнөтүлгөн.
Согуш аяктагандан кийин Берлиндеги комендатурада 1946-жылдын аягына чейин кызмат өтөгөн. Туулган жерине кайтканда аскердик чини капитанга чейин жетип калган болчу.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин «Ворошилов» мектебинин директору болуп иштеп жатканда Фрунзедеги партиялык мектепте эки жылдык окууга жөнөтүлөт. Аны бүткөндөн киийн Ноокат райкомунда инструктор, бөлүм башчы, Жаңы-Ноокат райкомунун 2-катчысы, андан кийин «Правда», «Бел- Өрүк » колхоздорунда башкарма болуп иштеген. Белгиленген пландарды ашыгы менен аткарып турган «Бел- Өрүк» колхозу ошол учурда республикалык Ардак тактага илинген.
Атабыз өмүрүнүн аягында №44-жылкы заводунда профсоюздар комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ал да согуштан алган жарааттын кесепетинен улам ооруп калып, көз жумган.
Ата Мекенин коргоого катышып, өз өмүрүн кыйган Мирзали, жарадар болуп, согуштан кайткан Мурат, кийин «Каармандыгы үчүн» медалынын ээси Кубатали Эшматовдорду айылдын аксакалдары дале эскерип турушат. Биз ага абдан сыймыктанабыз.

Ураим Кубаталиев, Ноокат районундагы Н.Исанов атындагы айыл аймагынын
Алике айылынын тургуну

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17