Аймак

ЖОЛБОРС КАЗЫ ТУУРАЛУУ БАЯН

ЖОЛБОРС КАЗЫ ТУУРАЛУУ БАЯН

 6,036 Бардыгы /

Жолборс Казы Шаамырза уулу 1848-жылы азыркы Базар-Коргон районунун Акман айылында
туулган.
Санжырада айтылгандай Жолборс Казынын чоң атасы Сатыгул датка көп жыл Мундузду
бийлеп турган. Сатыгул датканын Шаамырза, Шааила (Шайдылла) жана Шаама деген үч уулу
болгон. Шаамырза кийин датка болот. Шаамырзанын төрт аялы болгон. Төртүнчү аялы
Акачадан Жолборс деген уулу болот. Атасы Шаамырза Датка дүйнөдөн өткөндөн кийин
Жолборс кырк жыл бий болгон. Кийин карыганда казылыкка өтүп, он эки жыл казы болуп
иштеген. Казы деген азыркы сот деген түшүнүккө жакын.
Өз учурунда араб, фарсы, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн, кийин орус тилин үйрөнгөн. Жолборс
Казы маданияттуу, билимдүү адам болгон. Кырк жыл бий, он эки жыл казы болуп турганда, өзү
башкарган өрөөндө араздашууларга, кан төгүүлөргө жол берген эмес.
Молдо Нияздын жазып калтырган эмгектеринде, Жолборс Казы Түндүк менен Түштүк
элдердин, сол менен оңдун ортосун даанакерлеген, сөзгө чечен, бетке айтып тайманбай
сүйлөгөн, адилет, элге туура мамиле кылган, элди туура жолго баштаган билерман деп
сүрөттөлөт. Ар кандай татаал маселелерди акылмандуулук, адилеттик менен чече билгендиги
үчүн Жолборс Казынын аты бир өрөөндө гана чектелбестен, бүт кыргызга таанымал болгон.
Акман өрөөнүнө биринчи болуп буудай эктирген. Акмандагы Жараке чоң арыгын каздырып,
арыкты бойлой элди үй салып отурганга, бак-дарак эккенге шарт түзүп берген. Балдарга билим
берүү керектигин билип, айылга мечит курдуруп, медресе ачтырып, билимдүү адамдарды башка
жактардан чакырып келип, аларга жашоого шарт түзгөн, балдарды медресеге тартып арабча
окуганга, жазганга үйрөтүп алардын диний сабатын ачкан.
Жолборс Казы Шаамырза уулу 1921-жылы 73 жашында дүйнөдөн кайткан.
Жолборс Казыдан Каландар, Дубана, Кабылан деген уулдары калышкан. Алардын балдары,
неберелери-чеберелери Базар-Коргон районунун Акман, Ноокен районунун Арал, Сузак
районунун Каду кыштактарында жашашат.
Мен бала кезден аксакалдардан Жолборс Казы тууралуу айткандарын анча-мынча угуп калдым.
Казы жөнүндө айтып жатышканда аксакалдардын бирөөсү аны залим, сараң деп айткандарын
укпадым. Дайыма жакшы жактарын айтышып, анын жасаган иштерин мактоо сөздөр менен
эскеришчү.
Бала кезде аябай шок элем. Мени чоң энем баккандыктан шоктук кылганда атам, чоң энемди
ыйбаа кылгандыктан колун мага тийгизе алчу эмес. Бирок кээде өтө ашынып кеткенде “сен мага
“кудай аркан” болуп кетсең да”- деп, тыттын бутагынан сындырып, чоң энеме көрсөтпөй, эки-үч
жолу жамбашка, такымга чапканга үлгүрчү. Тыттын чыбыгы талдын чыбыгына караганда
ийилчек келип, талга караганда этти катуу оорутчу. “Кудай аркан” дегени эмне экен деп бала
кезде түшүнчү эмес элем. Көрсө бул Кудаяр-хан деген сөз экен. Кудаяр-хан Акманга келгенде
көргөн адамдар ал жөнүндө эскерип айтып жүрүшкөндүктөн атамдын эсинде калып калса керек.
Өткөн кылымдын 60-жылдарынын ортосунда “Ала-Тоо” журналына Т. Касымбековдун “Сынган
кылычы” сандан санга чыга баштаган. Ал кезде колхоздо иштегендерден сен кайсы гезит-
журналдарга жазыласың деп сурабастан эле жазып коюшчу. Биздин үйгө да ушул журнал менен
кошо бир топ гезиттер келчү. Мен ошол кезде бешинчи же алтынчы класста окучу элем, китеп
окуганга кызыгып колума тийген кыргызча китеп болобу, журналбы, гезитпи, айтор баарысын
калтырбай окуп чыкчумун, башка тилдерге тилим өтчү эмес. Окуган китептеримдеги окуялар
кандай болот экен деп окуя кууп окуп, анын мазмунуна анча маани берчү эмесмин. “Ала-
Тоодогу” “Сынган кылычты” да ушундай дем менен окуп чыктым. Окугандарымды
теңтуштарыма айтып берип, ошондогу “оң” каармандарды “кыйындарга”, “терс” каармандарды
“жамандарга” айландырып өзүбүзчө башка бир дүйнөгө кирип кетчүбүз.
Биздин көчөдө адабий китептерди көп окуган эки киши болор эле. Анын бири Текебаев Чиркеш
аке, (Өмүрбек Текебаевдин атасы), экинчиси Тиллебаев Кочкор аке (Кочкоров Нышанбектин
атасы) эле. Экөө тең бапылдап сүйлөгөн адамдардан эле, алар окуган китептерин “Төрт
көчөдөгү” кыйылган бака теректин адамдар отура берип жылтырап калган сөңгөгүнө отурган
адамдарга айтып беришип, алардын ооздорун ачырышаар эле. Ал кезде адамдардын көбүнүн
билимдери төртүнчү класстан жогору эмес болчу. Мектепте төртүнчү класска чейин окушуп
тиричиликтин айынан окууларын уланта алышпай калган, нары көпчүлүгү өздөрү айтмакчы көп
окуп “мударис” болбой эле койдук дегендерден болчу. Ошол кезде айылга жаңылык кирип,
радио жаңы келип, радиосу барлары уккан жаңылыктарын башкаларына айтышып, тончону
тондорунун жеңдерине колдорун катышып, купайке менен пахталуу шымдарды кийгендери
колдорун колтуктарына катышып, суукту тоготпой, кептин кызыгына киришип, кыштын суук
күндөрүн ошентип “өлтүрүшөр” эле. Радио кээ бир гана адамдардын үйлөрүндө бар эле,
телевизор дегендин атын угуп өзүн көрө элек мезгил болчу.
Ырамалик Чиркеш аке колуна “Ала-Тоону” кармап алып, мына бул “Сынгын кылычта” жалаң
гана Жаңы-Жолдуктарды (Аксылыктарды) гана жазып коюптур, Кокон хандыгында биздин
Акмандын Белек-Уул уруусунан чыккан Шаамырза датка чоң ролду ойногон деп, журналдагы
жазылгандардын көпчүлүгүн бул туура эмес деп жатканын угуп таң калгам. Кантип жазылган
нерсе туура эмес болуп калат деп. Ошол сөздөр эсимде калып, кийин Шаамырза деген ким болот
деп Чиркеш акеден сураганда биздин чоң аталарыбыз болот дегенинен кайсы чоң атабыз болот
экен деп балалык кылып түшүнбөй, андан ары эмне деп сурашты билбей, бул суроом ошону
менен токтоп калган. Кийин анча-мынчага акылым жетип сурайын дегиче Чиркеш аке да, Кочкор
аке да, башка аксакалдар бул жалгандан өтүп кетишти.
Бир жолу айылга келип, Бопонов Адамбай акем менен сүйлөшүп отурсам, жети атаңды
билесиңби деп калды. Үч чоң атама чейин айтып берсем мунуң болбойт, кагазыңды алып жазып
ал деп жети атабыздын бардыгынын аттарын айтып берди. Ошондо мен Жолборс Казы деген ким
болгон деген суроомо, ал да чоң аталарыңдан болот деп кыскача жооп берди. Кийин Жолборс
Казы тууралуу билгендерден сурап жазган кагаздарым негедир жоголуп кетти. Эч издеп таппай
койдум.
Кийин өзүмчө эл көп аңыз кылып айтып жүргөн Белек-Уул уруусунан чыккан Жолборс Казы
тууралуу бир макала жазайын деп эл ичинен сурап, элдин билгендерин кагаз бетине түшүрүп,
кайрадан элге берейин деп чечтим. Бул макалада кимдер менен сүйлөшсөм, ошолордун сөздөрүн
гана алардын айткандары боюнча берип жатам.
Мен тааныган Жон айылынан Абдыкерим ажыдан Жолборс Казы жөнүндө эмне билесиз десем
ал киши тууралуу угуп жүргөм, атаң көрү, карылык, бардыгы эсимден чыгып кетиптир, бир
билсе Жаңы-Акман айылында токсондун кырынан ашып калган Насирдин Мөндөшов деген
аксакал бар билиши мүмкүн деп экөөбүз Насирдин абаныкына бардык. Насирдин абадан
Жолборс Казы тууралуу сураганымда ал санжырага түшүп кетип, Акман атабыз 15-кылымда
Алтайдан азыркы Акманга көчүп келгендиги, анын сөөгү Арстанбап айылында, токой чарбанын
конторасынын жанында экендигин, ал жерге Мундуздардын курултайы болгондо Нурак
Абдырахманов, Дастан Сарыгулов менен бирге барып көрүп келгендиги тууралуу бир топ
божурап берди. Сөз улам санжырага түшүп керектүү жоопту алыш үчүн улам-улам Жолборс
Казы тууралуу суроо узатып жаттым.
Ошондо гана Насирдин аксакал атасы кулак болуп айдалганын, өзү армиядан качып, сегиз жыл
Өзгөндүн Куршабында, Карынбайды жер жуткан Жалпак-Ташта, Ак-Терек деген айылдарды
жүргөнүн, ашказаны ооругандыктан бир врач орус аялдын кеңеши менен Кара-Шорого барып
суу ичип, оорусунан айыгып кеткендиги, ошол жерде өзгөндүктөрдөн Жолборс Казы тууралуу
уккандарын айтып берди.
Кара-Шородо жүргөндө ошол жердегилер менин кайсы жактан болорумду сурап, Акмандан
экенимди билгенден кийин Жолборс Казы тууралуу эмне билеримди сурашты. Мен эч нерсе
билбей турганымды айтышканда, алар Жолборс Казы Жаныбек Казынын чакыруусу боюнча
ашка келгендиги тууралуу айтып берди.
Жаныбек Казы атасына ашты Өзгөндүн кооз жайлоосу Кара-Шородо өткөзгөнү көптөгөн
конокторду чакырат. Кадырлуу конокторунан болуп Жолборс Казы да чакырылат. Жаныбек
Казы Кара-Шородо боз үйлөрдү катар тиктирип, Жолборс Казы үчүн атайын боз үй көтөртөт,
аны сыйлагандыктан боз үйгө жеткиче кырк кез жерге килем төшөтүп, Жолборс Казы келгенде,
килемди тебелетпей түшкөндө аттарын аласыңар деп жигиттерине дайындайт. Жолборс Казы он
эки адам болуп Кара-Шорого келет. Казынын ат кошчусу болуп Таникул деген жигит болот.
Килемге жете бергенде Таникул атынан түшө калып, Жолборс Казынын атынын тизгинен
алмакчы болот. Жолборс Казы атынын тизгинин ага бербей, “Жаныбек Казы кайда?”-деп сурайт.
Тектирчеде турган, ак калпак, ак чепкенчен Жаныбек Казы,”-дейт элдин ичинен бирөөсү. “Мен
Жаныбек Казыга келгем, жолду ачып койгула!”-деп атын теминип килемдин үстү менен
бастырып, Жаныбек Казыга жакын келип, ат үстүнөн “Ассалому алейкум, Жаныбек Казы!
Тойлор куттуу болсун!”- деп салам айтат. “Ва алейкума ассалом, Жолборс Казы! Атың да
Жолборс, өзүң да жолборс экенсиң! Жолборс болбосоң он эки ат менен килемди тебелетип келер
белең. Аттан түшүргүлө, жигиттер!”-дейт экен. Совет мезгилинде Т. Усубалиев үчүн бул
тектирчеге дача салынган экен. (Эгемендүүлүктүн жылдарында бул дача таланып, талкаланып,
цементтен куюлган пайдубалдары гана калганын өз көзүм менен көрдүм. Автор)
Сартайым: (Жолборс Казынын уулу Кабыландын Макамбай деген уулунун
кызы, чебереси)
– Жолборс Казынын апасы, менин чон энем Кашкардагы Аппак Кожонун кызы
болгон деп укканбыз. Чоң атабыз Шаамырза Датканын төртүнчү аялы болгон
экен. Биздин угушубузга караганда чоң атабыздын казы болуп калышына
Кудаяр-хандан адамары эл аралап келип, Жолборс Казыга жолугуп, сүйлөшүп
калышканда анын кичи пейилдиги, адамдар менен мамиле түзө алышы,
билимдүүлүгү, меймандостугу жагып калган экен. Ошол жыйында ордонун
өкүлдөрү чоң атамды казы кылып дайындашкан экен. Казы болгон учурда 16-17
жашта экен. Дагы башка бир варианты: Шамырза Датка башка аялдары, бала-
чакалары менен жайлоого кетип, жакада Жолборс Казы апасы менен калат.
Ошол мезгилде Кокондон хан ордодон хандын өкүлдөрү келишип, күндүн ысыгынан,
чаңкашкандыктан жакада тигилген боз үйгө кайрылышат. Үйдөн аял киши чыгып, “азыр уулум
келип калат, үйгө кириңиздер,”-дейт. Жолборс келип, алар менен учурашкан соң, “меймандар
союшка бата бериңиздер,”-деп боз үйдүн жанында байланып турган жалгыз торпогун
меймандардын алдына тартат. Тигилердин “жалгыз торпогуң бар экен, тим эле кой” дегенине
карабай, меймандын көңүлүнөң бийик эч нерсе жок”- деп торпокту союп аларды коноктойт.Алар
анын жашын сураганда от төрт жашта экендигин айтат.

Арыстан: (Жолборс Казынын уулу Кабыландын Макамбай деген уулунун
уулу, чебереси)
-Кудаяр хан, хан ордосунан чыгып, кыргыз айылдарын көргөнү келип,
Акманга да келген экен деп уккам. Кудаяр-хан келгенде Казы атабыз
торпок соёт экен. Торпоктун этин жегенден кийин Кудаяр-ханга жагып
калып, “торпоктун эти да таттуу болот турбайбы” деген экен. Кетеринде
Казы атабызга, “мага, Коконго барып жолугуп кел”,-дейт. Коконго
барардын алдында Жолборс Казы атабыз Кудаяр-хандын эмненин этин
жакшы көргөндүгүн сурап, анын кыргоолдоун этин жакшы көргөндүгүн
билет да бир топ кыргоолоду тирүү алып барат, башка белектерди да алса
керек. Кудаяр хан аны казы кылып дайындайт. Ордодон Кудаяр хан Жолборс Казыга аттарды,
тондорду берип,”сен өз жериңе барганда ушул аттарды кадырлуу адамдарга мингизип, тондорду
кийгизесиң. Сенин казы болгонуң элге эбак эле жеткен”,-дейт. Менин угушумча Жолборс Казы
эки жыл болуштук, кырк жыл казылык кылган экен.
Кашкардык Аппак Кожонун кызы, Акача чоң энебиз жерди иштеткенге, дыйканчылыкка,
багбанчылыкка аябай кыйын болгон экен. Казынын авлиси деп биз бала кезде аталып жүргөн
жерге бак тиктирип, көчөттөрдү отургуздурган экен. Аны кийин союз убагында пахта эгиш үчүн
сүрдүрүп, жок кылып жиберишкен. Аппак Кожо деген Орто Азияга белгилүү адам болгон экен.
Кызын Шаамырза Даткага берип жатканда, эшигин шыпыруучуларды, кызынын чачын
тарачууларды, бак өстүрө турган багбандарды, дыйкандарды кызынын себи менен кошо берген
экен. Элдердин арасында Жолборс Казы апасы менен жакыр жашап, жалгыз торпогу бар экен
деген сөздөрдү айтып жүрүшөт. Атактуу Кожо кызына кызматкерлерин кошо берсе, алар кантип
жакыр болуп калышат?! Чоң энебиз жайлоого чыккысы келбей жакада калса керек, айылдын
тирилигине караганы. Ошол кызматкерлеринин күчү менен Акманга чоң арык каздырып
(азыркыча айтканда канал) суу алып келген экен. Бак-дарак өстүрүп, бактын калыңдыгынан
бакка кирген адам адашып кетчү дешет. Кийин Совет мамлекети келгенде бак-дарактарды
кыйдырып, түз талаа кылып салышкан. Ошол бактардан азыр картаң тыттар гана калды.
Акманда Акача чон энебиз менен келген уйгурлар көбөйүп кеткендиктен, чоң атабыз Жолборс
Казы айылдагы бардык уйгурларды чогултуп, “Тагалар, мен силерге Кокон-Кыштактан (азыркы
Пахта-Абад району, Өзбек Республикасы) жер ажыратып келдим, ошол жерге бардыгыңар
чогулуп баргыла да Уйгур кыштагын уюштуруп, өзүңөрчө жашай бергиле,”- деп айткан экен.
Азыр ошол Пахта-Абад районунда Уйгур деген кыштак бар. Бардык уйгурлар ошол кыштакка
көчүп кетишкен. Анча-мынча калгандары элибизге кошулуп сиңип кетти.
Ырамалик Алима эжем айтат эле: Атам Жолборс Казы эки кабат, кырк бир бөлмөлүү, бышкан
кыштан мейманканасы бар имарат курдурган деп. Кийин сексенге чыкканда деле түшүмө
бышкан кыштан салынган, эки кабат, кызыл тунукелүү үйүбүз кирет дечү. Андай бышкан
кыштан салынган имарат бул өрөөндө жок эле дечү. Балаканасынын экинчи кабатынан башымды
ылдый салаңдатып ойногонум дале түшүмө кирет деп биз бала кезде көп айтчу. Жолборс Казы
чоң атабыз беш жүз адам бата турган мечит курдуган экен. Казынын азанчысы Боронбай деген
чал болгон экен. Төлөгөн акенин атасы. Ал киши Казынын үйүнөн алыс жашаса да мен Казы
менен бирге намаз окушум керек деп беш жүз адамдык мечитке атайын келип азан айтчу экен.
Мечиттин урандыларын биз деле көрүп калдык. Алима эжем 1999-жылы бул дүйнөдөн өттү.
Батырбек абабыз Шаамырза Датканын бир туугандарынан болгон. Батырбек абабыздын үйү
азыркы Арзи абанын үйүнүн жанындагы жерде болгон. Кийин Батырбек корбашы болуп,
басмачылык үчүн кармалып, Ошто атылып кеткен деп укканбыз.
Алима эжем, Казы атабыздын авлисинен Батырбек абабыздын үйүнө чейин бир ат араба өтө
турган бышкан кыш төшөлгөн жол болчу деп айтаар эле. Кийин бул кыштарды орустар казып
кеткен деп укканбыз. Биз мектепте окуган мезгилде ошол жерде пахта терип жүргөндө,
топурактын алдынан чыгып турган кыштарды көрүп калчубуз. Анын үйүндө тик жабан, жүк
жабан дегендер болчу, алар азыр силер пайдаланып жаткан шифоньер, шкаф дегендей нерселер
болгон экен. Бардыгы кызыл жыгачтан эле. Аларды кийин Базар-Коргонго алып кетишкен.
Жолборс Казы менен Батырбек абабыздын үйлөрүн бузуп, алардын курулуш материалдарынан
мектеп, колхоздун конторасын курушкан дечү эжем. Жаракеде ошол бузулган үйлөрдүн
материалдарынан биринчи курулган мектеп “Октябрдын 15 жылдыгы” деп аталган.
Биз ошол курулуш материалдарын Ильич атындагы мектепти бузганда көрүп калдык. Нурпазыл
агай келип айтты: “Эй, Арыстан, мектепти бузганда Казынын үйүнүн жыгачтары чыгып жатат,
барып алып келип албайсыңбы,”-деди эле, атама айтсам, “Казыга буйрубаганды, сен эмне
кыласың. Эл талап кете берсин. Унчукпай эле кой!”-деп койду. Ушуну менен биз бир да
чамындысын албадык.
Өзгөндөгү Жаныбек Казы аш бергенби же тойбу, ушул маарекени башкарып бер деп Жолборс
Казыны чакырган экен. Жолборс Казы жигиттери менен барат. Ал Жолборс Казыны сынамакка
эки катар боз үйлөрдү тиктирип, боз үйлөрдүн эң жогорусуна атайын эки боз үй тиктирип үйгө
кеткен жолго килем төшөтөт экен. Жаныбек Казы жанындагыларга “Казы түшө турган үйдү
билер бекен, байкап көрөлү,”-дейт. Жолборс Казыны коштоп жүргөндөр жерге төшөлгөн
килемдерди көрүп, “килемдерди ат менен бастырып барсак адепсиздик болбос бекен” деп
Казыга айтышканда “Бизге атайын урмат менен салышса, биз да аларды урматташыбыз керек”
деп алыс жолго жүрүшү жакшы суу төгүлгүс жорго байталдын башын тартпастан туура эле
килемдерди бастырып катар тигилген үйлөрдүн жогору жагындагы эки үйгө бастырып барат.
“Анык Жолборс экенсиң!”деп Жаныбек Казы ага баа берет.
Жаныбек Казы баш байгеге жүз жылкы сайып аттарды күнчүлүк жерден жерден, Оштон коё
беришкен дейт. Ошондо Жолборс Казынын аты биринчи чыгып келип, жүз жылкы менен
кайтышкан. Кара-Шородон келе жатканда “мен Акмандын кызы болом” дегендерге байгеден
түшкөн жылкылардан бирден берип келе берген экен. Акманга жакындаганда суусундук көтөрүп
чыккан бир келин “мен да Акмандык болом” дегенде байгеден түшкөн жылкылардан калбай,
жанындагы ат кошчусун “атыңды бер, үйгө барганда жылкылардан бирөөнү кармап аласың” деп,
үйгө келгиче 101 жылкыны Акмандын кызымын дегендерге таркатып бергендигин биз бала кезде
аксакалдар көп айтышчу. Жаныбек Казыга белек катары калтар терилерден алып барган экен.
Жолборс Казы Акманда пахта менен буудайды көп эктирчү экен. Акмандын муз ыраң буудайы
деп аябай бааланчу дешет. Бир жолу жазында Парат агай бизди Сары-Талаага экскурсияга алып
чыгып, “Арстан, мына бул аңдарды билесиңби?”- деди. “Жок,”-десем, “бул аңдарды Жолборс
Казы каздырган. Бир жылдары чегиртке басып, буудайларды жей баштайт. Ошондо Казы элди
чогултуп Сары-Талаа менен Сасыкты айландыра ушул аңдарды каздырган”-деди. Сары-Талаага
кайракы буудай эктирчү экен. Чегиртке аңга түшкөндөн кийин чыга албай ошол жерде өлүшчү
дейт.
Мына бул Катта-Арыкты мурда Шаамырза Датка 1850-жылдары Акача чоң энебиз менен кошо
келген 90 кашкарлыктарга каздырган дейт. Каналдын кандай казылганан кабыл алчу адам, эки
өгүзгө тагылган моюнтурукту ортосунан кармап, каналдын ичи менен айланганда жээктерине
тийбесе гана ишти сапаттуу деп баалап кабыл алчу дешет. Иштегендердин ысык тамагына деп
күндө экиден кой сойулчу экен. Биздин балалык чагыбызда деле аябай чоң канал болчу, сууга
түшүп чабак атчубуз. Жолборс Казы Жаракеликтерди ушул Катта-Арыктын боюна
отургузуштурган дешчү биздин ата-бабаларыбыз. Кийин бул Катта-Арыкты Жолборс Казы
кеңейтирген экен. Азыркы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Интернационал айылындагы
Жаракеликтер колхоздоштуруу мезгилинде ошол жакка бөлүнүп калышкан.
Жолборс Казынын элдин маселелерин чечип, сурак кылуучу жайы (азыркыча айтканда офиси)
Базар-Коргон кыштагында, совет учурунда пилла кабыл алуучу пункттун орду болгон. Азыркы
учурдагы райондук поликлиниканын жанында. Ошол жер Казынын убагында бак-дарактуу,
аябай кооз жер эле деп Алима эжем көп айтчу. Ал убакта Базар-Коргондо бирин-экин гана
өзбектер болчу эле дечү Алима эжем.
Казы иштен кайтканда базардан өрүк кактарды, канттарды куржунун эки көзүнө толтуруп салып
алчу экен. Жаш балдар Казынын жолдон өтөр маалын күтүшүп, жол четинде карап турушчу
дейт. Ал балдардын тушуна келгенде куржунундагы шириндиктерин аларды көздөй чачып
жиберчү экен. Балдар чыры-чуу болуп талашып жатканын көрүп, өзүнчө ыраазы болуп жолун
улап, андан ары аны күтүп турган балдарга шириндиктерин чачып, үйүнө жеткиче куржундун
эки көзүндөгү шириндиктер түгөнүп бүтчү экен.
Казынын уулу Мустапакул абабыздын байбичеси Мастан чоң апабыздын айтуусу боюнча
Казынын авлисинде күнү бою тандырларга нандар жабылып, казандар асылып тамактар
бышырылып турчу экен. Турмушу начар үй-бүлөлөр келип, тамак ичишип, кетеринде үйлөрүнө
нандардан ала кетишчү. Каалаган адамдар кирип, тамак ичип турушчу деп айтаар эле.
Жолборс Казынын улуу баласы Каландар, экинчи уулу Дубана, үчүнчү уулу Кабылан, кичүүсү
Абдилла болгон. Кыздарынан Коргон-Төбөгө (Өзбекстан) түшкөн Уркуя эжебизди билет элек.
Коргон-Төбөлүк түрктөр жайлоого биз жакка чыгышчу экен. Ошентип Казы атабыз түрктөр
менен кудалашып, кызын ошол жакка берген экен. Уркуя эжебиздин Баргы, Кубат деген уулдары
бар эле. Мурда катташып турчубуз. Кийин чек ара жабылып калгандыктан байланыша албай
калдык. Жолборс Казынын төрт аялынан төрт уулу, бир кызы болгон экен. Эң чоңу Дубана
байбичеден, кийинки аялынан Каландар, андан кийинки аялынан Кабылан, эң кичүү аялынан
Абдилла менен Уркуя эжебиз болгон экен. Балдары улам чарчап кала бергендиктен балдарым
аман калар бекен деп аттарын Каландар, Дубана, Кабылан деп койгон экен.
Төрт аялынан тең балдары турбагандыктан улам ушундай аттарды койгон экен. Ушул аттарды
койгондон кийин балдары туруп калыптыр. Кабыландын сегиз баласынан бир уул, бир кыз тирүү
калыптыр, биздин атабыз Маккамбай менен эжебиз Алима. Чоң атам Кабыланды кулакка
тартканда балдары жандарын алып калыш үчүн туш-туш тарапка качышкан экен. Көбү Көк-
Тонду (Базар-Коргон районундагы Правда айылы) айылына баш калкалап барышып,
ачкачылыктан, оорудан өлүп кетишиптир. Атамы кулактын баласы деп мектепке окууга
алышпаптыр. “А” деген арипти билбей өтүп кетти. Атам ар жакта качып жүрүп, Акманга 1959-
жылы келген, ага чейин апам экөө Өзбекстанда жашап, иштешкен. Дубана чоң атабыздын
Мустапакул, Аки, Даки деген балдары болгон экен. Аки менен Даки согушка кетип, кайтпай
калышыптыр.
Кабылан чоң атамдын бир тууганы Абдилла деген абабыз, Нарындык чоң апабыздан экен.
Абдилла чоң атабыз колхоздоштуруу мезгилинде ошол кездеги Интернат (Интернациональ)
колхозу уюштурулуп, биринчи раиси болуптур. Кийин согушка кетип, согуштан кайтпай калган.
Абдилла абамдан үч уул калган экен, замандын оош-кыйышын көргөн чоң апам, балдарды алып
Нарынга кетет. Ошол бойдон алардан кабар жок, катташа албай калганбыз. Каерде экендиктерин
да билбейбиз.
Биздин Акмандын Кайрыма деген участогунда 1968-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман
болгондорго арналып эстелик курулган. Ошол тизменин ичинде Жолборсов Абдилла абабыздын
ысымы жок. Эмнеге жазылбай калгандыгын билиш үчүн аскер крмиссариатына барганбыз, аерде
да аты жок экен. Атам кийин атасына аш бергенде Абдилла абабызды угузуп, куран окуткан.
Казы деген ошол кезде азыркы соттун ролун аткарса керек. Казы атабызга ошол кезде жашап
жаткан бардык улуттардын өкүлдөрү келип, чечилбей жаткан маселелерин айтышып
арызданышчу дешет. Бардык ишти калыстык менен чечкендиктен орусу болобу, же өзбекпи,
кыргызыбы анын чечимдерине ыраазы болуп кетишчү дешчү эле биз жаш кезде сөз кылышкан
аксакалдар. Азыркы Кеңеш айылында (мурда Советский деп аталчу) орустар көчүп келишип,
кыргыздар менен көп маселелерди талашышчу экен. Ошондо эки тарапты тең ыраазы кылган
чечимдерди чыгарып, орустардын арасында да кадыр-баркы чоң дешчү аксакалдар. Казы
атабызга аскер кийимчен адамдар көп келишчү экен. Совет мамлекети орногондо Жолборс
Казыны жаңы бийлик камап коёт. Ошондо советскийлик орустар чогулуп барып бошотуп
келишиптир, бир күн камалып жатыптыр.
Жолборс Казы өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болуптур. Шаамырза Датка Жолборс
Казыны Бухарада окуткан экен. Кийин Жолброс Казы балдарынын баарысын медреседе
окутуптур. Жолборс Казынын көзү өткөндөн кийин Кабылан чоң атабыз алты ай казылык
кылыптыр. Алты айдан кийин кулакка тартылып, Оштогу түрмөгө камалат. Алима эжебиз айтар
эле, “апам экөөбүз эшекке жаман куржунду артып алып, Ошту карай түндөсү жол жүрөт элек,
күндүзү жүрбөйт элек. Ошко Турпак-Белди ашып, пахта эгилген талааларды жээктеп жүрүп,
сегиз күн дегенде жеткенбиз. Ошондо сегиз-тогуз жаштагы кыз болчумун, куржунда эмне бар
экендигин деле билчү эмесмин. Ошол жаман куржундун ичиндеги тилла (алтын) экен. Түрмөгө
барганда орус солдаттар атамы таразага тартышып, анан куржунду таразага тартышкан. Ошол
куржунга бир орус колун салып бир алтын сөйкө чыкты эле ошону менин кулагыма тагып койду.
Куржун аларда калып, атамы чыгарып беришти. Түндөсү гана жүрүп, атам менен айылга бирге
келгенбиз.”
Жолдо келе жатканда Алима эжем, чоң энемден, “апа, куржун кала берди го?”-деп сураса, чон
энем, “ошол куржундагы тиллага атаңды алмаштырып алдык,”- деген экен. Чоң атамды
бошоткону куржундун эки көзүнө толо алтын жүктөп барышкан экен.
– Чоң энебиз түрмөнүн чоңдору менен кантип сүйлөшкөн экен?
Чоң энем, чоң атам менен мурда да түрмөгө жолугушканы барыптыр. Ошондо чоң атам
түрмөнүн чоңдору менен сүйлөшүп, анан чоң энеме алтын алып кел деп дайындайт. Түрмөнүн
башчылары чоң атамдын салмагынын үчтөн бириндей алтын берсең чыгарабыз дешкен экен,
ошон үчүн чоң атамды, анан куржунду таразага тартып жатышпайбы. Чоң атам да канча алтын
бар экенин билген да. Үйдөгү болгон алтындарды чогултуп алып барган экен. Түрмөдөн
келгенден кийин чоң атам айылда молдо болуп жүрүп өтүптүр.
Дубана чон атабыздын баласы Мустапакул, анын уулдары Пайгамбаркул, Аллакул. Календар чоң
атабыздан Өмүрзак жана Жанузак абаларыбыз. Булар Акмандан качып, Кадуга барып туруп
калышкан. Жолборс Казы өткөндө, анын сөөгүн түндөсү чырак менен койгон дешет. Шаамырза
Датканы Анжийанда дарга асышкан экен, туугандар барып сөөгүн алып келишкен экен. Биздин
мазарда атасы Шаамырза менен Жолборс Казынын мүрзөлөрү жанаша, башка мүрзөлөргө
караганда азыр деле бийик болуп турушат. Мустапакул абам дагы атам дагы Шамырза Датканы
мүрзөгө башы менен коюлган деп айтышчу, кээси башы жок коюлган деп сөз кылып жүрүшөт.
Атамдын атасы Кабыландын, анын байбичесинин сөөктөрү, мурда Тоголок мазар деп аталып,
кийин Мышык мазар деп аталган, Бешик-Жонго кетчү жолдогу адырдын башындагы мазарга
коюлган деп атам дайым айтчу. Жолборс Казыны ошол Тоголок мазарга коюлган деген
жаңылыш ойлорду кээ бир адамдар айтып жүрүшөт, бул туура эмес. Тоголок мазардын Мышык
мазар болуп айтылып калышы, ошол мазарга жалаң Белек-Уулдан өткөндөрдүн сөөктөрү коюлуп
келгендиктен ошол кездеги көрөалбастар бул жерге “мышыктын” уруктары коюлат дешип
ылакап кылышып, Тоголок мазар аты калып эле Мышык мазар болуп калган экен. Жолборс
мышыктар уругуна кирет эмеспи, Жолборс Казыны шылдыңдагандай кылып айтышып,
билгендер Тоголок мазар дешчү, кийинки муундарга Мышык мазар деген ат кулактарына
куюлуп, кээси ушунтип айтып жүрүшөт.


Сартайым:

– Маккамбай атам айтып берген, “тогуз жашымда мектепке баргам. Казынын доору
өтүп, бардыгын кулакка тартып, үйдө эч нерсе жок. Апам мектепке тырайкеден кара чапан,
бөздөн калта тигип берди. Эки-үч күн окугандан кийин мугалимдер мен партага жабышып,
тырмышсам да болбой, сен кулактын баласысың. Сага окшогондор окуса мектебибиз өрттөнөт, сен окубашың керек дешип, эшикке сүйрөп чыгышкан. Агайлар сыртка тартат, мен партага жабышам, окуйм дейм. Нары-бери тартышып жатканда апам тигип берген жаңы чапан алба- далба болуп айрылып кеткен. Ошентип мектепке барбай, сабатым ачылбай калган. Ошол кезде кулактардын балдарынын этектери, жеңдери тийген жерлерди да өрттөш керек деген түшүнүк
болгон экен,-дечү.
Атам он алты жашында Базар-Коргондо тракторчуга окутуп жатыптыр деп угуп, ал жакка күндө
жөө барып-келип оозеки окуптур. Колхоздо жакшы иштеп, чогулуштарды чыгып сүйлөгөнүн
көрүшкөн адамдар атамы бир нече жылдан кийин кат билбейм, сабатым жок дегенине карабай парткомдун катчысы кылып шайлап коюшуптур. Элдин алдында сүйлөй турган сөздөрүн катчысына жаздырып, жазылган кагаздан окугандай болуп, бир жылдан ашык иштептир.
Жазылган кагаздарда эмне жазылганын билбей кол коюп, туура эмес болуп калса камалып
кетпейин деп өз арызын жазып иштен бошонуп кетиптир. Ошондон кийин көпкө чейин
тракторго да жолобостон, малчы болуп иштептир. Алима эжем 3-класска чейин окуптур.
Жанындагы кыздар чачынан, кийимдеринен тартып, кулактын кызы деп шылдыңдагандарына
чыдабай, мектепке барбай коюптур. Классташтар кыздары аны силердин дооруңар кетти, биздин доор келди деп шылдыңдашчу дээр эле.
– Жолборс Казы өткөндөн кийин Жаныбек Казы анын ашын өткөргөнгө жүз кой берген экен.
Ашын берели десе заман туура келбей туугандары улам чогулуп, кеңешкен сайын кой союшуп,
бардык койду союп жеп коюшкан деген сөз бар эле илгери.Бул сөздүн аныгы кандай?
Жолборс Казынын ашы 1967-жылдары берилген. Уркуя эжем жылкы, күрүчтөрүн алып келген.
Атам да жылкы берген. Ашы ушул Акманда өткөрүлгөн.
Каландар абам кышында өткөндө атам Кадуга барып, Кадунун башынан артына көтөрүп, түзгө
дем алып отуруп алып түшүп сөөгүн Акманга койгон экен.
Казынын авлисин өзүбүздүн Акмандагы эле кишилер, жокчулук мезгилде Казынын үйүнө келип
тамак ичип жүргөндөр тыптыйпыл кылып бузушкан экен. Ошондогу карап турган адамдар муну
бузбай эле контор кылып койбойлубу десе, бузуп жаткандар: “Жок! Бул тыптыйпыл болуш
керек. Булар кулактар! Үйү каерде экени да билинбей калыш керек!!!”-дешип эч нерсени
калтырбай бузуп кетишкен экен.

 Токтогул Алишов

Шаамырза атканын төрт аялы болгон. Чоң байбичесинен Эралы, Ажибек,
экинчи аялынан Турду, үчүнчүсүнөн Камбар, төртүнчүсүнөн Жолборс болгон. Илгери Абжапар
деген аяш атам айтар эле. Шабдан Баатырдын чакыруусу менен Жолборс Казы Аркага барган
экен. Абжапар аяш атам анда тестиер бала экен, кошо барыптыр. 2-3- асый келген күчтүү, күлүк
аттарга минишип аттардын эки алдыңкы буттарына кийизден чокой кийгизишип, кийиздин
ичине алтындарды салып барышкан экен. Ашууларды ашып, Нарын дарыясынын бир кысык
жеринен аттарды секиртип өткөнбүз деген эле. Алар барып түшкөндө Шабдан Баатырдын бир
сынчысы бар экен. Сынчы Жолборс Казыга карап, “Жолборс сенсиңби?” –дептир. Ал “ооба”
дептир. Сынчы: “Оо, затыңа жараша ат койгон экен атаң. Канча балаң бар?”-дептир. “Үч уул, бир
кызым бар”,-дептир.
“Балдарыңдын аттары ким?”-деп сураптыр.
“Каландар, Дубана, Кабылан”-деп жооп бериптир.
-“Оо, кысталак, балдарга туура ат койгон эмес турбайсыңбы, балдарың сендей боло
албайт,”-дептир ошол сынчы деп Абжапар аяш атамдан уктум эле.
– “Кызыңдын аты ким?
-“Кызымдын аты Уркуя.”
-“Кызыңдын аты Уркуя болсо, үч уулуңдан артык болот, сенин ашыңды ушул
кызың берет. Шаамырза Датканын уругунан келечекте бирөө чыгат, дүйнөгө
таанымал болот, бир жылдардын бир жылдары келет”-деп сынчынын айтканын аяш атам дайым
айтып жүрчү.
Жолборс Казынын үч баласын өз көзүм менен көрдүм, кызынын аш бергенин көрдүм.
Шаамырзадан Ажыбек, Ажыбектен Суранбай, Суранбайдан Алиш, Алиштен мен Токтогулмун.
Жолборс Казы Базар-Коргондо кырк жыл казы болгонун, анын билимдүү, акылдуу,
берешендигин илгерки аксакалдар көп айтышчу. Жаныбек Казы аш бергенде Жолборс Казынын
күлүгүн Раимбердиев Эргеш (Карим менен Садыктын атасы) аба ошондо кичине келген тоголок
бала экен, ошол киши чаптым эле дечү. Биринчи келип, баш байгеге 100 жылкы алган экен.
Ошондо Акманга келгиче жылкыдан эч нерсе калбаптыр. Жолдо “соорунуңуз куллуу болсун!”
дегенге бирден жылкы берип келе берген, “Жолборс Казы укмуш киши эле, силер билбей
калдыңар,”-деп Эргеш аба суктана айтчу. Таникул аба да Казынын жигити болгон экен.

 Кудайназар Сооронов-Коткор айылынын тургуну.

Чымкент-Сайранда орустар менен болгон
биринчи согушка 16 жаштан 20 жашка чейинки жигиттерди алышкан экен. Чоң атамдын үкаси
Асыранбай ошол согушка катышып калат. Кыргыздар айлампа согуш дешип коюшат, орустарды
курчап, кысып келип калганда, Алымкул аталыкты атып өлтүрүшүптүр деген сөздү угушкан
кыргыздар ми башчыбыз жок калды дешип тымтыракайы чыгып туш-тарапка качып жөнөшөт.
Асыранбай да Чымкенттен атчан качып келе жатса, Жолборс Казынын аты өлүп, өзү жөө качып
келе жаткан экен.
-Асыран, мен жөө калдым,-деп кыйкырса, Асыранбай, -жүгүрүң, үзөңгүнү кармаң,-деп атын
акырындатат. Жолборс Казы үзөңгүнү кармап, ат менен тең жүгүрүп, бир далдоого чейин
келишет. Далдоого келгенде Жолборс Казы үзөңгүнү кармаган бойдон атка секирип минип, экөө
атка учкашкан бойдон Базар-Коргонго келишет.
Ушунча болду учурдан пайдаланып мен да биздин уруубуз Коткор жөнүндө айта кетейин.
Биздин уруубуз анда Алтайда жашашса керек. Элдердин көбү уучулук менен
жашашып, жаа, жебе менен аңчылык кылышчу тура. Кара мынтык биринчи
чыкканда Коткор, Куткар деген бир туугандар бирөөлөрдөн көргөнбү же
жаратмандык касиеттери барбы, мынтык жасашыптыр. Илгерки замандарда
кытайлар кыргыздын жерлерине, элине кызыгып жоортул кылып турчу. Алар кол
салып басып алганда биринчи кезекте усталарды, ууздарды алып кетишчү.
Кытайлар Коткор менен Куткарды да туткунга алып кетишет. Бирөөлөр булардын
мынтык жасай турган чоң усталардан экендигин айтып коюшат. Кытайлар Коткорду
мынтык жасайсың дешет. Коткор менин мынтык жасай турган эч нерсем жок дейт.
Анда кытайлар “сага бардык шарттарды түзүп беребиз” дешет. Коткор менен Куткарга колоттун
түбүндө дүкөн куруп беришет. Эки бир тууган узана башташат. Кытайлар алардын жанынан
жылбай такай көз салып турушат.Коткор менен Куткар мынтыкты жасап бүтүшөт. Жасалган
мынтыкты кытайларга көрсөтпөй кайсы жеринде кемтиги бардыгын байкоо керек болуп калат.
Ошол маалда көп жылкы сууга түшөт. Алар кытайларга чаң чыккан тарапты көрсөтүшүп,
“душман” келе жатшат дешет. Кытайлар жылкыга карап алаксып калганда Коткор мынтыктын
ичин жылкыга түздөп карайт. Мынтыктын кайсы жерлери туура эмес экендигин байкап коёт.
Мынтыктын даяр болгонун уккан кытай падышасы уулу менен келет. Мынтыкты кармалап
көргөн падыша эки бир тууганга айтат, бул мынтыкты азыр сынап көрөбүз, эгерде сыноодон
өтпөй калсаңар, силер менен келген бардык туткундар өлтүрүлөт, жакшы болсо каалаган
нерселериңерди аткарабыз.
Падыша баласын алыска коюп, баласынын башына жангакты коюп, жангакты атып түшүрсөң
жанагы айтылгандай каалаган нерселериңерди аласыңар дейт. Коткор баланын башындагы
жаңгакты атып түшүрөт. Падыша Коткорго карап: -“Эй, кыргыз! Сага эмне керек? Байлык
керекпи? Бийлик керекпи? Аял керекпи? Айт, айткан нерсеңди берем! Бизге мынтык жасап
бересиң,-дейт.
Анда Коткор падышага карап: “Мени менен бирге келген элдердин бардыгын бошотосуң,”-дейт.
Коткордун айтканын кылып, падыша элдин бардыгын бошотот, бирок коё бербейт. Мынча
мынтык жасайсың, анан кетесиңер деген шарт коёт. Коткор менен Куткар бир мынтыкты
кытайларга жасаса, корсотпой бир мынтыкты өздөрүнө жасашат. Алар өздөрү менен барган
элдердин ичинен жигиттерди тандап алышып, кытайларга көрсөтпөй мынтык атышты
үйрөтүшөт. Баары даяр болгондо, эл башчыларын жашыруун чогултуп, эми качабыз дешет.
Качаарда ар бир элдин башчысына сен бул жерден кытайларды тососуң, сен кийинки тосоттон
тососуң деп дайындайт. Биринчи тосоттогуларга айтат экен, “силер булардын адамдарына эч
зыян келтирбегиле, аттарын гана аткыла. Биз булардын тузун ичтик”. Биринчи тосоттогулар
кытайлардын аттарын гана атышып, адамдарына зыян келтиришпейт. Кийинки тосоттогулар да
ушундай кылышат. Аттарыбызды гана атып адамдарыбыз тирүү калып жатат деген кабар
кытайдын падышасына жетет.
Кытай падышасы алардын сөздөрүн угуп, “алар силердин тузуңарды ичти, тузуңарды сыйлады.
Эми барсаңар өзүңөрдү атат. Эми барбагыла!”-дейт. Чек арадан өткөндө ар бир эл өздөрү
жактарга бөлүнүп кетишет. Ошондо бир бала Ысык-Көлдө калып калат экен. Азыр ошол жерде
бир айыл Мундуздар бар. Коткор атабыз Кытайдан качып келип Базар-Коргондун ушул жерине
келип туруп калыптыр. Куткар атабыз болсо бийликке жакын адам болгон экен, хандын
ордосуна кирип кетиптир. Өзбекстандын Тешик-Ташынан Анжийан, Коконго чейин Куткар
деген туугандарыбыз ошол жакта.
Жолборс Казы Базар-Коргон кыштагында отуруп Базар-Коргон, Ноокен, Созок аймактарына
казылык кылган. Асыранбайды бирөөлөр жамандап каматып коюптур. Ал даарат алып жатса,
Жолборс Казы өтүп калат экен. Казы анын даарат алып бүтүшүнчө күтүп туруп, анан “Асыран,
бул жерге кандай иш менен келип калдың?”-деп сурайт. Абабыз, “бирөө алып келип камап
койду го, ошого жатамын,”-дептир. “Азыр мен бир жакка барып келейин,”-деп Казы бир жакка
шашып кетиптир. Казы ишканасына барып, чарпаясына отургандан кийин жанындагы
кызматкерине Асыранбайды алып кел деп жиберет. Ал келгенден кийин Казы андан эмнеге
камалгандыгын сурайт. Асыранбайдын жакшы, күлүк аты болгон экен, ошого ошол аймакта
жашаган бир байдын көзү түшүп калат да сураса ага бербей коёт. Тиги киши жалган жалаа менен
аны каматып коёт. Казы жалаа жапкан кишини таптырып келип, экөөнү беттештиргенде
тигинин жалганчылыгы чыгып калат. Жолборс Казы ошол жерден эле Асыранбайды бошотуп
жиберет.
Жолборс Казы ар кандай талаш маселелерди жеринен калыс чеччү экен.. Анын калыстыгынан,
билимдүүлүгүнөн Арка менен Анжийандык кыргыздардын курултайларында жетекчилик
кылууну ишенип беришчү дешет.
Медет ажы деген киши мага аба болуп кетет, алган билими жок, тубаса чечен болгондуктан Казы
аны курултайларга, эл көп чогулган жерлерге кошо алып барчу экен. Ал киши 3-4 саат тынымсыз
сүйлөгөндө Казы анын сөзүнө башын ийкеп, туура деп турчу дешет.
Бир жолу Жолборс Казы Аркага батага барып калат. Батага барган маалда сөөк коюлуп
калгандыктан, биз жактагыдай сөөк коюлгандан кийин өкүрбөй барып калса, сөөктүн ээси
манаптардан болсо керек, “Мен силерга батага барганда силерден коркконумдан өкүрүп
барыпмынбы?!”-деп жакшы тосуп кабыл албай коёт. Казы менен баргандар каерге жатабыз
дешип жай издешип, бул жактан Аркага түшүп калган кыздын үйүн таап, ошоерге конуп
калышат. Эртеси саар менен туруп, аза күтүп жаткан үйдүн карааны көрүнгөндөн бөйрөктөрүн
таянып, жер жаңырта өкүрүп барышат. “Келиңиз, келиңиз, Казым,”-дешип тосуп алып
жакшылап конок кылып жөнөтүшүптүр.
Кудаяр-хан менен Шаамырза Датка жаш кезинен дос болушкан экен. Кудаяр-хан жер кыдырып
Акман тарапка келип калганда Кудаярды мактаган ырчыга Жолборс Казы жакшы чапан жабат.
Ошондо ал 13-14 жаштарда экен. Ошондо Кудаяр-хан жаш баланын сезимталдыгына,
сыйкорлугуна баа берген экен. Кийин Жолборс эрезеге жеткенде аны хан ордого чакырып, казы
кылып дайындайт. Кыргыздар уюшуп, бир болобуз деп Көтмалдыда Ормон ханды шайлашканда
ошол курултайды Жолборс Казы башкарган дешет.
Нышанбек Кочкоров (Шаамырзанын Кашкарлык аялынан
төрөлгөн биринчи кызы Айымкандын чебереси, Жолборс Казынын
жээни, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист).
Маек телефондон алынды.
-Шаамырза датка Кашкардан Айкыз деген чоң таенебизге үйлөнгөн
экен. Ал мына бул Базар-Коргонго жакын, Өзбекстандын Пахта-Абад районундагы Кашкардан
көчүп келген уйгурлардан болчу экен. Мен бир жолу Акманга барып калганда мектепте өмүр
бою мугалим болуп иштеген, мени да окуткан Шырдаков Курманбектен Шаамырза Даткадан
тарагандар тууралуу кагазга жазган материалы бар экен. Ошону алып келип, компьютерге терип
койдум эле.


Тынычбек Үсөнов- Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн
башчысы.
2018-жылы күзүндө Өзбектсандын Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларына
барып зыярат кылып келдик. Ошондо Аль-Бухари мечитине кирдик. Ошол жерде жүргөн гид Аль-Бухари мечити тууралуу, анын качан курулгандыгы,
кимдер кургандыгы тууралуу барган адамдарга айтып берип жатып, Илгери Кокон-Кыштак жерден Жолборс Казы деген киши келип, мечиттин эшик-терезелерин жаңылап берди деп айтып калды. Мен андан Кокон-Кыштак
эмес, Базар-Коргон болуп жүрбөсүн деп сурап калдым. Гид, “мен Базар-Коргон жөнүндө билбейм, Кокон-Кыштак биздин өлкөнүн аймагында болгондуктан ошол жерди эстеп калыпмын”,- деди.

Нурмамат ажы Сапарбаев.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17