Аймак

ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ – ЗАМАНДЫН ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУСУ.

 2,082 Бардыгы /

Төлөгөн Касымбеков – замандын залкар жазуучусу.

(Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналат).

                                                                Жерге келкел бир келет,

                                                                Элге келкел бир келет.                  

         Мен адабият менен жашап, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип жүргөнүмө байал  50 жыл болду.Адабияттын аркасы менен мындан 35 жыл мурун залкар жазуучу , кыргыз адабиятында тарыхый роман жанрынын төл башыларынын бири Төлөгөн Касымбеков менен  Ала-Бука районунда өткөн райондор аралык китеп окуучулардын конференциясында жолуккан болчубуз.Анда эки доорду камтыган улуу чыгармалар “Сынган кылыч”, “Келкел” романдарынын автору  өзү да бир кезде тарыхка айланат деп эч ким ойлогон эместир. Ким билсин, мурдагы жашап өткөн ар бир күн, ай, жыл минтип табылгыс таберикке – тарых – санжырасына оошуп, эскерүүлөрдө гана кала берет турбайбы.

            Анда райрндор аралык деңгээлде китеп окурмандардын конверенциясы өтмөк болду. ”Келкел” романындагы каармандардын (оң, терс) образдары, тили жана романдагы жазуучунун көркөм сөз каражаттары “ деген темада башкы баяндаманы мага тапшырышты.

            “Келкел” романы менен  жарыкка чыкканда эле тааныш болчумун. Ал убакта ар бир басмадан жаңы чыккан китепти озунуп алып калбасаң куру калчусуң. Ошондуктан аны мурда эле алган элем, бир нече жолу окуп чыккан да болчумун.Эми аны эл алдына алып чыгып “жиликтөө” керек. Милдет оор. Жоопкерчилик оңой эмес.Залкардын үлкөн романына залкардай талкуу керек эмеспи. Алгач бир аз сүрдөө, апкааруу болбой койгон жок.

            “Сынган кылыч”, “Келкел”  романдарынын автору менен мындан отуз беш жыл мурдагы жолугушууну азыркы муунга, окурман журтчулугуна баяндап берүүнү парзым деп санап, сиздерге сунам. 

            1986-жылы жазуучунун “Келкел” романы басмадан чыгып, окуп калдык.  Бир күнү партиянын Ала-Бука райкомунун идеология боюнча катчысы (маркум) Т.П.Домбровская мени чакырып, роман боюнча китеп окурмандар конференциясын өткөрбөйсүңбү, мен жазуучунун өзүн чакырайын, – деп калды. Мен ошол эле замат макул болдум. Бирок жазуучу келе алар бекен деген ойду айттым. Катчыдан чыгып, уюштуруу иштери боюнча чакан кеңешме өткөрдүк. Иш-чаранын планы, башкы баяндамачы,  китеп көргөзмөсү ж.б. маселелерди сүйлөштүк. Даярдык жүрүп жатты. Ноябрдын алдында Төлөгөн Касымбеков өзү телефондон чыгып, келер күнүн 14-ноябрга белгилептир. Жазуучунун  жергебизге келери жөнүндө кулактандырууларды илип койгонбуз.

            1986- жылдын 14-ноябры.  Күткөн күн да келди. Конференция 1700гө белгиленген.  Залдын кире беришине китеп көргөзмөсүн уюштуруп, лозунг жазып, жазуучунун портрети илинген. Райондун китеп окурмандары, мектеп мугалимдери, райондук комсомол комитетинин, редакциянын ж.б. кызматкерлер келип жатышты. Зал ичи толуп, келер конокту күтүп калдык. Жарым саат, бир саат өттү, күткөн коногубуз жок. Азыркыдай телефон кайда.  Уюштуруучулар кирип-чыгып “ келер бекен деген” бүдөмүк ойдо турабыз. Мезгил кыш экендигине карабай айлана мелүүн тынч. Мына асмандан жылдыз сымал ак кар ойкуп-кайкып балбалактап жаай баштады. Быйылкы жылдын алгачкы кары. Бир маалда ушул ак карга аралаш эки машина токтоп, андан биз зарыга күткөн жазуучубуз түшүп келе жатат. Райондун китепкөй  коомчулугу дуулдап , жазуучуну маңдай жарыла тосуп алышты.  Залкар жазуучуну коштоп, Кыргызстан жазуучулар союзунун ошол кездеги катчысы, белгилүү жазуучу Асанбек Стамов, Ош областынын жазуучулар башкармалыгынын катчысы Карымшак Ташбаев жана акын Азада Бегимкуловалар келишиптир. Конференция өтө жандуу, жарык маанайда башталды.

            Романды кайра-кайра окуп чыктым, өз ойлорумду иреттеп, оң, терс  каармандарга мүнөздөмө жаздым.Автордун лексикалык табылгаларын, архаизм, историзм сөздөрдү орундуу пайдалангандыгына бир нече мисалдарды келтирип, кыргыз тилинин диалектилик табылгаларын автордун кыш кынагандай жиксиз пайдаланган жерлеринен цитаталарды келтирип, тизмектеп жазып чыктым.

            Оң образдардан Токтогул акынды, кол башчы полководец М.В.Фрунзени,  тарыхта алай ханышасы атыккан, жолборс жолдуу аял айтылуу Курманжан датканын бейнелерине үңүлүп, оң сапаттарына ылайыктуу өз ойлорумду бекемдеп, көркөмдөп, аны жазуучунун көркөм сөз каражаттары менен байытып, талдап чыктым.

            Ал эми терс образдардан Калкожонун сараңдыгын, ач көз, кутум, уурулугун, канкор, аяганды билбеген ырайымсыз, ошол эле учурда кыйдылыгын белгиүү эпизоддордонмисалдарды келтирүү менен ишенимүү берүү максатында “Келкел” романындагы Мадаминбектин кызылдарга өтүп кеткенине ичи күйүп, аны алдап чакырып өрттөп өлтүрүп, баш сөөгүнөн кесе жасап кымыз, шарап ичип, ал түгүл качып кетип жаткан жеринде да аны калтырбай тиштенип: “Мен тентип кетейин, сен туулган жерде калат бекенсиң, Жо-ок, бек, мен каерде болсом, сен да ошол жерде болсун”, – деп ашуудан өтүп Кытайга кетип жатканда ала кетет.Бирок, Калкожо канчалык кыйын, кыйды болбосун баары бир ак ниет, жөнөкөй, бейкүнөө адамдардын төгүлгөн каны, көз жашы, көкүрөк күйүтү аны алыс узаткан жок.Ал куржундун эки көзү толтура алтыны менен ашууда  көчкүнүн алдында калат. Мекен байлыгы мекенде калды. Бир күндөрдө аны элибиз таап, бир керекке жарата тургандыгы  тарыхта белгилүү эмеспи.

            Дагы бир элдин үмүт-тилегинекедергисин тийгизип, кара мүртөздүгү, мыкаачылыгы, таш боордугу жана ач көздүгү (Меккеге ажылык сапарга кетип жатып, ич өткөккө чалдыгып, коюнундагы алтын сөлкөбайларын өлүп калсам өзүм менен калсын деп бүт баарын жутуп алат, алтындын таасириби, же чын эле ажалы жокпу, айыгып калганда  кайрадан түзгө отурган жеринде алып, кумга сүртүп тазалайт ) бирөөгө жамандык жасоону парзындай көргөн, таш боорлугу, мыкаачылыгы (Жаш токолун Аман палбандан кысканып, аны өлтүрүү үчүн тукка бастырып таштайт) менен эсте калган Карасакалдын образын да (өңү кара, өңүнөн ичи кара)  кеңири ачууга далалат жасадым.

            Ошондой эле караңгылыктын сазынан чыгалбаган, эрдиги бар, эси жок, эчтеме менен иши жок, ала көөдөн Аман палбандын образын ачууга да кеңир токтолдум. Аман палбан Ажымат эшендин айтканынан чыгалбай, өзү итке минген кедейдин жетим баласы болсо да жаңы заманга дин өкүлдөрүнүн таасири менен каршы чыгып  айылга, элге канчалык зыян кылганын, күнөөсүз адамдардын канына забын болгондугун автор өтө таасирдүү бергендигине мисалдар аркылуу токтолдум.

            Улуу демократ акын Токтогулдун бейнесине жаңы адабий сүртүмдөр, көркөм боёктор менен бергендигине токтолуп, мисалдар келтирип өттүм.Акындын башта-кийин ачылбаган көркөм образын ар тараптуу кеңири изилдеп, ачып берген автордун жаңы табылгаларын, көркөм сөз каражаттарын ар түрдүү ыңгайда кырдаалда талдоого алдым.       

            Мен сөзүмдү аяктагандан кийин чыгарма боюнча кызуу талкуу башталды.

            Роман кандай кырдаалда, канча мезгилде, кандай маанайда жазылгандыгы жөнүндө окурмандар жазуучуга бир нече суроолорду узатышты. “Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши”- дегендей алдыбызда орто бойлуу, калбаат жана токтоо, бир караган адамга сүрдүү залкар жазуучу турду. Үнү бир калыпта  жай чыгып, куду чыгармасында баяндап жазып жаткандай сүйлөгөн сөзү да кыраатын келиштире жазып жаткансып, бир кылка шашпай, адашпай, кудум жаттап алгансып такалбай, кээде гана бир аз умсунгандай сүйлөп суроолорго жооп берип жатты.

            Андан кийинки сөздү А.Стамов улантты. Урматтуу Ала-Букалыктар, чоң жазуучунун “чачпагы” да оор болот экен. Биз үчөөлөп араң көтөрүп келдик. Өзүңөр окуп -таанышкандай мындай үлкөн чыгарманы жазуу, эки доорду камтыган окуяны эл алдына алып чыгуу оңой эместигин баамдагандырсыңар. Бизге канчалык кыйын болгонун түрүбүздөн көрүп турасыздарт.А Төкөмө бул ашуу эч нере болбогондой, кебелбеген жүктүү нарды көргүлө да, Төкөмү көргүлө, – деп Стамов шар сүйлөп тамашалап элди күлдүрүп жиберди. Чындыгында  жол азабы жүздөрүнөн билинип, чарчаңкы абалдары көрүнүп турду. А Касымбековдун турпату тыкан, кийингени чыкыйып, ак көйнгөк – галстукчан, боюна кыналган кара пальто, кара тумакчан. 

            Чындыгында, залкар жазуучунун жүзүнөн кубанганы, же мактоого ыраазы баш ийкегени, же сүйүнгөнү белгисиз, уурту бир аз тартылып, бул ушундай болушу керек деген жышаана турду. Көптөгөн суроо-жооптордон кийин Төлөгөн Касымбеков трибунага чыгып, жыйынтыктоочу сөзүн айтты.

            Урматтуу Ала-Букалыктар,  элим, окурмандарым, силерге ырахмат. Уюштуруучуларга, Тамара Петровна сизге, Лалаханга ырахмат! 

            Карындашым Лалахан, менин чыгармачылыгыма жүргүзгөн адабий пикириңиз биздин борбордогу чоң сынчылардын пикиринен кем эмес, ырахмат.- китебине берилген кол тамга өзгөрүүсүз берилди.

            Силерге жогоруда айтып өтпөдүмбү мен бул китепти оңой-олтоң жаза койгон жокмун. Москвадагы-Ленинграддагы борбордук архивдерден тартып, Ташкент, Кокон, Наманган ж.б. көптөгөн тарыхый документтерди казып, күндөп-түндөп, жумалап,айлап, башыма жазданып, көз карегимди талдырып, акыл азыгымды сарптап жаздым. Бул кыйынчылыктар эч нерсе эмес экен. Ар кандай куугунтуктоолор, китепти басмадан чыгарбай коюуга болгон тоскоолдуктар кайра чыгармачылык эргүү берип, көрөңгөмө жаңы угут себелеп, кайра-кайра эмгектенүүгө шык жаратып турду. Мага баарыдан да кыйыны, колумдан келбес нерсе жубайымды ооруканада карап, анын жанында “Келкелдин” айрым эпизоддолрун жазганым болду. Сыркоонун жанында жан кыйнаган азабын көрүп, онтогон үнүн угуп, жан аргасын таппай кыйналган күндөрүмдү эстейм. Эстейм да “Жакшылыкка сүйүнбө, ичинде бир жамандык катылып жатат, жамандыкка күйүнбө, ичинде бир жакшылык бекинип жатат”, – деген кытай макалын айныксыз  акыл көрөңгөмдөн өткөрүп, бул жашоонун кайгысы менен кубанычы, караңгысы менен жарыгы катар жүрөрүн көрүп, тагдырыма каниет кылам. Мен баарыңарга, бүгүнкү кечеге ыраазымын.

            Биздин белгилүү адабиятчылар деле ушундай деңгээлде өз пикирлерин билдирип жазып жатышат. Көп жылдардан берки алгачкы жылуу пикир, кучак жая тосуп алган кең пейилдик, китепке болгон чоң кызыгуу менин көңүлүмдү көтөрүп кетти.

            Заманыбыздын залкар жазуучусунун чыгармачылыгына, өмүр баянына арналган суроо-жооп кечеси бир эле окурмандарды кызыктырбай, автордун өзүн да тартып кетти.Чындыгында жандуу кече келген акын-жазуучуларды, конокторду да кайдыгер калтырбай, ар бирибиздин рух дүйнөбүзгө чоң канааттануу, көөнөрбөс байлык тартуулап кетти десем болот.  

Ала-Бука кесиптик колледжинин окутуучусу

кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалими Л. Айылчиева

Ала-Бука кыштагы Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17